Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ӨСИ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

2014-03-07 / «Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары»
ӨСИ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ӨСИ Бишкек шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууга катышты

 
2014-жылдын 31-мартында Бишкек шаарынын мэри К.К.Кулматов Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын 2014-2018-ж.ж. мезгилине шаардын cоциалдык-экономикалык өнүгүү Программасы менен тааныштырды.Программа 2014-2018-ж.ж. мезгилине Бишкек шаарынын стратегиялык артыкчылыктарына камтылган принциптерди ишке ашырууга негизделген. Аны шаардык кеңеш 2014-жылдын январь айында кабыл алган эле. Программада Бишкек шаары коопсуз, ыңгайлуу, ийгиликтүү калаа катары көрсөтүлгөн. Программанын өзөктүү индикаторлоруна жана милдеттерине жетүү үчүн тапшырмалар белгиленди.Өнүктүрүү саясат институту Өнүгүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын да, Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасында иштеп чыгууга активдүү катышты. Бул фактор эки документтин бирин-бири улантып, толуктап туруусун камсыздап, шаардын өнүгүүсүнө карата шаардык кеңештин депутаттарынын жана мэриянын бирдиктүү көз карашын калыптандырууга көмөктөштү. Программанын негизине башкаруу системасын реформалоо жана жаңы бюджеттик саясатты түзүү киргизилди.
 
Программаны ишке ашыруунун натыйжасында Бишкек шаары Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун децентралдаштыруу процесстерин өнүктүрүүдө лидер болот деп күтүлүүдө; шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун жашоосу ыңгайлуу болуп, тургундардын шаар бийлигине болгон ишеними артат.
 
АНТИКОРРУПЦИЯ ОПЦИЯСЫ
 
ӨСИ КР Экономика министрлигинин буйрутмасы менен коррупцияга каршы туруу өнөктүгүнүн алкагында журналисттер менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. «Муниципалитет» журналы ошол жолугушуулардын кыскача күндөлүгүн жарыялайт.
 
Темир САРИЕВ: негизги көйгөй коррупциянын өзүндө эмес, мамлекеттин аны менен күрөшүү  үчүн көргөн чараларынын жетишсиздигинде
 
 
Корруцияга каршы туруу боюнча министрликтердин жана ведомстволордун ишинин натыйжасы каралган өкмөт жыйынында экономика министри айткан бул сөздөрдү Темир САРИЕВ Өнүктүрүү саясат институтунда ММК өкүлдөрү алдында сүйлөгөндө да кайталады. Бул жерде 2014-жылдын 6-мартында «КРда коррупция: биз күрөшүп жатабызбы, же ордубузда эле турабызбы?» деген темада пресс-сессия өттү.
 
Коррупциялык кылмыштардын оордугу жана масштабы дүйнө коомчулугунун алдында турган глобалдык дүйнөлүк жамандык бойдон кала берүүдө.Кыргызстанда коррупция системалык көйгөйгө айланды. Аны чечмейинче өлкөнүн мындан кийинки өнүгүүсү мүмкүн эмес. Бул социалдык көрүнүштүн салыштырмасы да көп болгону бекеринен болбосо керек. Коррупцияны муруттары бар спрут балыгына,рактын метастазаларына, коррозияга, чирип бузулуу процессине окшоштурушат. Бул көрүнүшкө кайдыгер  мамиле жасаган жерде экономикалык жана саясий гана эмес, моралдык түркүктөрдүн да деградациясы жана бузулуусу башталат. Изилдөөлөрдүн маалыматына ылайык, экономиканын 40% ашыгы көмүскөдө жатат, бизнес структураларда маянанын 52% жең ичинен берилет. Кыргыз Республикасында коррупциядан жылдык зыян 700 млн. долларга жетет (30 млрд. сомдон ашык),бул болсо өлкө бюджетинин дээрлик 40% кирешесин түзөт. Мына ушунун фонунда тартип коргоо органдары аныктап чыккан коррупциялык кылмыштардан зыяндын көлөмүн салыштырууга болбойт.
 
Анткени алар жоготуулардын чыныгы көлөмүнөн ондогон, атүгүл жүздөгөн эсе аз.Коррупция менен күрөштүн жаңы форматын түзүү үчүн 2012-жылдын февраль айында КР Президентинин Жарлыгы менен Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегиясы бекитилип, коррупциянын себептерин жоготуу боюнча негизги багыттар жана артыкчылыктар, ырааттуулук, коомдо коррупциянын деңгээлин азайтуу өңдүү комплекстүү максаттарга жетүүнүн жолдору аныкталган. Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин башкы катчысы Нурипа МУКАНОВАнын айтымында, 2 жылдын ичинде жетишилген жыйынтыктар жупуну болду, «туннелдин аягында жарык дагы деле көрүнбөйт». Анткен менен биргелешип эбегейсиз чоң спруттун мурутчаларын талкалай алабыз деген үмүт отун жандырган алгачкы белгилер пайда боло баштады.
 
Пресс-сессияда экономика министри «саясий коррупцияны жок кылса болобу, бийликте отургандар, алардын тууган-уругу, тартип коргоо органдарында жана сот системасында иштеген жогорку даражалуу аткаминерлер өңдүү «кол тийбестер» менен күрөшчү курал барбы» деп тынчсызданган шаардык журналисттердин суроолоруна жооп берди. Министрликтеги бөлүм башчы Тилек САЯКБАЕВ ММК өкүлдөрүн коррупциянын жаңы түрлөрү жана ведомство аны менен күрөшүү үчүн иштеп чыккан чаралар менен тааныштырды. Ал Экономика министрлигинин эксперттери кайсы иштерди аткарганы жана азыр эмненин үстүнөн иштеп жатканы тууралуу баяндап берди. Дүйнөлүк банктын эксперттери, Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинен Эркаим МАМБЕТАЛИЕВА жана Бахадыр КАДЫРОВ өз комментарийлери менен бөлүшүп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти.
 
Жарыктын тутулуусу, же эмне үчүн чукул арада энергетиканы коррупциядан сактап калыш керек?
 
18-мартта Өнүктүрүү саясат институту «Жарыктын тутулуусу, же Эмне үчүн чукул арада энергетиканыкоррупциядан сактап калыш керек?» деген темада кезектеги пресс-сессияны өткөрдү
 
Бул стратегиялык тармак көптөн бери эле өнөкөт ооруга кабылып келатканы баарына белгилүү. Кадимки көрүнүшкө айланып калган жарыкты маал-маалы менен өчүрүүлөр, кымбат баалуу электрониканы талкалап жаткан түйүндөрдө чыңалуудагы секириктер, шамдын күңүрт жарыгы – бул диагнозду ырастайт. Энергетика жана өнөр жай министрлиги станциялардагы жабдуулардын эскилиги жеткенине шилтеме жасап, дартка даба катары тарифтерди жогорулатуу керек деген пикирди карманып келет.
 
Ошентип бир нече жылдан бери бааларды жогорулатуу аркылуу тармакты сактап калуу боюнча өз планын өкмөткө жана парламентке түртүп келатат.Анткен менен мындай чечимге каршы чыккандардын саны «сактап калуу» түйшүгүн тарта турган электр энергиясынын катардагы керектөөчүлөрүнүн арасында гана эмес, ошондой эле эксперттер, депутаттар, аткаминерлер, бейөкмөт уюмдар ичинде да бир топ. «Энергетиканы тарифтер гана эмес, коррупция менен күрөш да аман алып калат.ӨСИ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ Адегенде тармакты болуп келген жана учурда иштеп жаткан көп сандаган күңүрт схемалардан тазалаш керек. Ошолордун айынан жогору жактагылар байып жатса, бюджет укмуштуудай каражатты  жоготууда. Ошондон кийин гана тарифтерди жогорулатуудан алынган акча эмнеге жумшаларын айтса болот. Энергетикада коррупция гүлдөп жаткан чакта тарифтерди жогорулатуу адамдардын маселесин чечпестен, тескерисинче, паракорлор үчүн кошумча кирешени гана алып келет», – деп эсептешет алар.Акыркы сегиз жылда энергетикалык сектор станциялардын жана түйүндөрдүн материалдык базасын модернизациялоого арналган 800 миллионго жакын донордук каражатты алган. Бирок жылыш жок. Анткени акча уурдалды, ал эми тармак барган сайы эскирип жатат. Мына ушул көйгөйлөр жана күңүрт схемаларды изилдөөлөр тууралуу Антикоррупциялык саясаттын мамлекеттик стратегияларын ишке ашырууну көзөмөлдөө боюнча Коргонуу кеңешинин жумушчу тобунун мүчөсү Алмаз НАСЫРОВ журналисттерге айтып берди. Анын баяндамасы энергетика системасындагы таасирин тийгизе алчу көптөгөн компаниялардын бюджеттик каражатты кымырып алганын далилдеген факттарга бай болду. Болгондо да өкмөт бул тармакка жыл сайын түбү көрүнбөгөн чуңкурга салгандай миллиондогон доллар насыяларды жана донордук уюмдардын гранттарын, бюджеттик каражаттарды жумшап жатат. Уурулуктун чоң масштабдары, энергокомпанияларда өзөктүү орундарды ээлеген аткаминерлердин өз кызматын кыянаттык менен пайдалануусу тууралуу жумушчу топтун мүчөсү, көз карандысыз эксперт Николай КРАВЦОВ да айтып берди.
 
Жарандык сектор кандай чараларды көрүп, коррупциялык көрүнүштөрдү изилдегени жана аларга анализ жасаган бейөкмөт уюмдар бийликке кандай сунуштарды берип жатканы тууралуу журналисттерге Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин башчысы Нурипа МУКАНОВА айтып берди. Жумушчу топ жашоонун түрдүү чөйрөлөрүндөгү жаңы коррупциялык схемаларды ачыкка чыгаруу менен эбегейсиз зор иштерди жасады жана азыр да улантууда. Алардын ишмердүүлүгү коопсуз эмес. Анткени көптөр көнүп калган ордунан жылгысы келбейт. Ошондуктан бул схемаларды ачыкка чыгаргандар ММКнын жардамына үмүт артышат.Биргелешкен аракеттер менен гана биз экономикабызды жана өлкөбүздү коррупциядан тазалай алабыз, – деп билдирди Алмаз НАСЫРОВ.Катышуучулардын баамында, энергетика боюнча пресс-сессия кооптондурган тармактагы кырдаалды түшүнүү үчүн өтө маанилүү жана пайдалуу болду. Анткени жарыксыз жана жылуулуксуз заманбап жашоону элестетүү мүмкүн эмес.
 
Коррупциянын метастазалары саламаттык сактоо иритөөдө
 
25-мартта Өнүктүрүү саясат институту «Коррупциянын метастазалары саламаттык сактоону иритүүдө» деген темада кезектеги пресс-сессияны өткөрдү
 
Бүгүнкү күндө ар бир бейтап дарттан айыгуу үчүн акча талап кылынарын билет. Болгондо да аз эмес акча. Ал дайыма эле мыйзамдуу эмес. Эгерде бул медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатынын өсүшүнө көмөкчү болсо, балким коом буга көз жумду мамиле деле жасамак. Анткен менен бейформал төлөмдөр «ак халатчандарды» бузууда. Социалдык маанисинен улам бул маанилүү маселеге даярдык дээрлик бир ай жүрдү. Аракеттер текке кеткен жок. Саламаттык сактоо министри өзү бул көйгөйлүү маселени талкуулоого катышуу ниетин билдирди.
 
Советтер Союзу маалында ден соолукту сатып албайсың деген санат сөз белгилүү болчу. Эч ким муну талашчу эмес. Бекер медицина доорунда бул сөздөр аксиома катары кабыл алынчу. Бирок жаңы доор келди Айталы, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун жана башка дарылоо жайларынын калкка медициналык кызматтарды көрсөтүүсүндө атайын комиссия аныктап чыккан коррупциялык схема кайсы бир түрүндө баалар баракчасын элестетет. Мисалы, ме-дициналык текшерүүдөн өткүсү келбеген айдоочуга маалымат кат 500 сомдон 100 сомго чейин турат.Ишке чыкпай калганыңа актаныш үчүн бардык эрежелерге ылайык таризделип даярдалган ооруганы тууралуу аныктаманы да сатып алса болоору белгилүү. Эгерде адамга чукул операция өңдүү шашылыш жардам талап кылынса, анда хирургдар адам өмүрүн сактап калуу шашылбастан, биринчи кезекте анын туугандарынан бул операция үчүн акы төлөөгө кудуреттүүбү же жокпу деп кызыгышат. Ал эми операция 3000 сомдон 15 000 сомго чейин жасалат. Дарыгерлер чөнтөгүнө талап кылынган акча түшкөнчө акыркы мүнөттөргө чейин күткөн, ошондон кийин гана Гиппократтын антын эстеп, адамга жардам берген окуялар да катталган.
 
Саламаттык сактоонун бардык системасы коррупциялык схемалар менен ооруп жатат. Уурдоолор жана кыянаттык менен пайдалануулар бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө жана колдонууда, жетекчилерди дайындоодо, лицензияларды берүүдө, мамлекеттик сатып алууларды өткөрүүдө ж.б. аныкталган. Мына ушулардын баары тууралуу жана кемчиликтер менен кыянат пайдаланууларды жок кылуу үчүн ведомство кабыл алып жаткан чаралар жөнүндө саламаттык сактоо министри Динара САГИНБАЕВА ачык айтып берди.
 
Өз баяндамасында күңүрт схемалар тууралуу КР Ооруканалар ассоциациясынын төрагасы Кубанычбек ЖЕМУРАТОВ айтып берсе, Саламаттык сактоонун дарылоо-профилактикалык жардамды уюштуруу башкармалыгынын башчысы Анара ЕШХОДЖАЕВА журналисттердин көптөгөн суроолоруна жооп берди.Талкуу жана дискуссия курч гана эмес, ошону менен бирге ачык да болду. ММКнын бир дагы ыңгайсыз суроосу жоопсуз жана биздин эксперттердин комментарийлерсиз калган жок. Баарлашуу жандуу болуп, катышуучулардын ар бири саламаттык сактоонун абалы баарына тиешелүү
экенин түшүнүп турганы кубандырат. Демек метастазалар менен күрөшкө аткаминерлер жана коомдук уюмдар гана эмес, журналисттер да аралашыш керек.
 
27-мартта өткөн Өнүктүрүү саясат институтунун кезектеги пресс-сессиясы шардык журналисттердин чоң кызыгуусун жарата алды. Анткени бул жолу талкуунун чордонунда Мамлекеттик мүлк фондунун ишмердүүлүгү болду. Тема ММК өкүлдөрүнүн күтүүлөрүн толугу менен актады. Журналисттер көп кызыктуу маалыматтарды угуп, көптөгөн суроолорго жооп алып, мамлекеттик менчикти менчиктештирүүдө, күмөндүү тендерлерде ж.б.мыйзам бузууларга байланышкан бир топ маалыматка ээ болушту.
 
Transparency International уюмунун маалыматтарына ылайык, акыркы эки жылда өлкөдөгү коррупциянын деңгээли өстү. Сурамжылоого катышкандардын пикири боюнча, эң коррупцияланган мамлекеттик органдар жана системалар булар: мамлекеттик кызматчылар жана саясий кызмат орундары (90%), ИИМ жана МАИ (90%), сот системасы (89%),билим берүү системасы (82%), Жогорку Кеңештин депутаттары (77%), саламаттык сактоо (77%), саясий партиялар (72%), бизнес структуралар (57%).Бул башкалардан айырмалуу рейтингде Маммүлк фонду (ММФ) жок. Анткен менен бул кылым «дарты» ушул структураны кыйгап өттү дегенди билдирбейт.Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин экспертте-ринин баамында, ММФ эң эле «ачык эмес» мамлекеттик ведомстволордун бири болуп эсептелет жана мунун натыйжасында Фонддун жаап-жашырганы бар деген тыянак чыгарса болот.
 
Фонддун ишмердигинин материалдарына жүргүзүлгөн мониторинг жана анализ төмөнкүлөрдү көрсөттү: мамлекеттин үлүшү бар мамишканалардын жана акционердик коомдордун ишинин натыйжалуулугун Фонд жалпы каржылык-экономикалык көрсөткүчтөр менен баалайт, мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун ишмердигинин бардык көрсөткүчтөрүнө комплекстүү анализ жүргүзүлгөн эмес,стратегиялык пландоо практикасы жок, башкаруунун так максаттары аныкталган эмес, компаниялардын ишинин натыйжалуулугун баалоонун критерийлери аныкталган эмес, мамлекеттик иш - каналардын каржылык-чарбачылык ишмердигине жана алардын мамлекеттик мүлктү натыйжалуу пайдалануусуна көзөмөл жетиштүү деңгээлде камсыздалган эмес жана башка кемчиликтер.Жогорудагы көйгөйлөрдөн улам КР өкмөтү мамлекеттик менчиктин толук наркы жана көлөмү тууралуу ишенимдүү маалыматка ээ эмес. Статистика, юстиция органдары, мамлекеттик каттоо кызматы берген маалыматтар чачкын, толук эмес жана өлкөдөгү мамлекеттик активдердин абалы тууралуу чыныгы көрүнүштү чагылдырбайт.
 
Антикоррупциялык ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа МУКАНОВАнын жана көз карандысыз эксперт Иван ДРОБИТЬКОнун баяндамасы мына ушул теманын тегерегинде болду. Баяндамага АИК эксперттери жүргүзгөн ММФдеги коррупциялык схемаларды изилдөө себеп болду.Биздин пресс-сессиядан кийин жарык көргөн жана обого чыккан материалдар ошондон кийин актанууга мажбур болгон айрым бир аткаминерлердин арасында резонанс жаратты. Биз мына ушуга – кыргыз өкмөтүнүн структурасындагы эң жашыруун ведомствонун сырларын ачыкка чыгарууга умтулганбыз.
 
 
 

 

Окшош материалы: