Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутаттын жеке активдүүлүгү + кеңештин жана мэриянын макулдашылган иши = муниципалитеттин ийгилиги жана шаардыктардын мыкты шарттарда жашоосу

2012-11-29 / ДЕПУТАТТЫК БАЯНДАР

Майрамбек Адылбеков – Жалал-Абад шаардык кеңешинин эң жаш депутаттарынын бири.

 

Майрамбек Адылбеков – Жалал-Абад шаардык кеңешинин эң жаш депутаттарынын бири. Ал 2011-жылдын декабрь айында 24 жашында депутат болгон. Андан бери бир эле жыл өтсө да, ушул аралыкта бир топ иштерди жасап койду.
 
– Адатта депутаттарга кат аркылуу кайрылышат, - деп сөзүн баштады Майрамбек. – Дал ошондой каттардын биринен Тайгараев территориалдык башкармалыктын аймагындагы Кыргызстан айылындагы спорттук комплекстин курулушу создугуп кеткенин билдим. Иш жагдайы менен бир топко чейин таанышып чыгууга, далилдөөгө, ынандырууга туура келди. Бирок натыйжада объекттин ишин бүтүрүү үчүн зарыл болгон 495 миң сом өлчөмүндөгү каражатты жергиликтүү бюджеттен бөлдүрүүгө жетиштик.
 
Башка бир жеңиш – суу насосторун орнотууда кошо каржылоо. Шаарда БУУнун КИЖК өкүлчүлүгү иштейт. Ал насосту орнотуу жана Курманбек кичи районун таза суу менен камсыздоо боюнча долбоорду ишке киргизүүгө даярданып жаткан. Донордун шарттарына ылайык, жамааттан долбоордун жалпы баасынан 30% өлчөмүндө салым чогулуш керек болчу. Бул салым 3 млн. сомду түздү жана кичи райондун тургундары каражатты чогултуп бере алган эмес. Менин түздөн-түз катышуум менен шаардык кеңеш ошол 30 пайызды жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Ушул тапта насосту орнотуу үчүн көбүрөөк ыңгайлуу болгон жерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
 
2011-жылы мен Жалал-Абад медициналык колледжинин алдындагы аянтты көрктөндүрүүнүн алкагында 20 отургучту орнотуу демилгесин көтөрүп чыккам. Аларды орнотууга 70 миң сом бөлүнгөн. Ал эми бул жылы биздин шаардын тургундарынын дагы бир аманатын аткара алдым – менин демилгем менен Токтогул көчөсүндөгү аянтчалардын алдындагы металлдан тосмо орнотулду. Бул үчүн бюджеттен 65 миң сом бөлүндү.
 
Түшүнүп турам, көп деле убакыт өткөн жок жана мен көп нерсе жасаганга үлгүрө элекмин. Депутат катары пайда алып келдим деп эсептейм. Кийинки шайлоолордо депутаттык орун үчүн талапкерлигимди кайрадан көрсөтөйүн деген тилегим бар.
 
Албетте мунун баары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен жасалды жана менин жеке жетишкендигим эмес. Бирок мен ушул иш-чаралардын зарылчылыгын далилдей алдым жана кесиптештерим мени колдоп беришти. Ошентип муниципалитеттин ийгилиги депутаттын жеке активдүүлүгүнөн жана бүтүндөй кеңештин мэрия менен макулдашылган аракеттеринен куралат.

 

Окшош материалы: