Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутаттык жоопкерчилик алууга үйрөтөт

2012-11-29 / ДЕПУТАТТЫК БАЯНДАР

Ахмедова Зухра, төртүнчү жолу депутат, эл өкүлү болуп 2001-жылдан бери иштейт.

 

Ахмедова Зухра, төртүнчү жолу депутат, эл өкүлү болуп 2001-жылдан бери иштейт.
 
– Мен бул жерде 33 жыл мурда турмушка чыгып, көчүп келгенден бери жашайм, - деп эскерет Зухра Ахмедова. – Ошол маалда Субан Жолдошев атындагы аймактык ооруканада иштей баштадым. Биздин оорукана эски, 12 бөлүм бар, көйгөйлөр андан да көп. Мисалы, суу мунарасы жок болчу. Жамаат аны орнотуу үчүн долбоор жазуу демилгесин көтөрүп чыкты. Биз айыл өкмөтүнө кайрылганыбызда, жергиликтүү бюджет материалдык салым ирээтинде бизге 45 миң сом бөлүп берди. Албетте бул сумма жетишсиз болчу – биздин долбоордун жалпы суммасы болжол менен 230 миң сомду түзгөн. Мен ПРООНго жардам сурап кайрылганымда, дагы 112 миң сом алдык. Жетпей жаткан бөлүгүн жабууга депутаттар жардам берди. Алар курулуш жүрүп жаткан жерге курулуш материалдарын жеткирүү ишин уюштуруп беришти. Жергиликтүү жамаат да өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде жардам берди.
 
Бүгүн суу мунарасы иштеп жатат жана дарыгерлерге, бейтаптарга чоң пайда алып келүүдө. Ал эми бейтаптар аз эмес – жыл сайын медициналык жардам сурап, 1600 киши кайрылат. Алардан тышкары таза сууну ооруканага чектеш аймакта жашаган тургундар да алып турушат. Суу мунарасы аймактык оорукананын эсебинде турат жана бүгүнкү күндө таза суунун жалгыз булагы болуп эсептелет. Ушул демилгенин ишке ашырылышы менен өздүк жана жалпы гигиена маселелери да чечилип калды. 
 
Дагы бир демилге – Черёмушка кичи районундагы көп кабаттуу эки үй үчүн (214 батир) септик орнотуу болуп калды. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Аялдар кеңешинин төрайымы болгон Зухра Ахмедова бул үйлөр авариялык абалда болгонун көптөн бери билчү. Анын демилгеси жана түздөн түз катышуусу менен, ошондой эле медиаторлук ишинен улам Коомдук фонд аркылуу 34 миң сомго инвестиция тарта алды. Жергиликтүү бюджет болсо дагы 30 миң сом бөлдү, ал эми калган каражатты жергиликтүү тургундар жана депутаттар чогултуп беришти. Жалпы жонунан орнотуу иштерине 100 миң сомдон ашык каражат сарпталды.
 
– Депутаттар жамааттын колдоосу менен көптү жасай алаарына көзүм жетчү. Ал эми ийгиликтер шыктандырат эмеспи – ушул үйлөрдүн тургундарынын көздөрүндөгү кубанычты көрүш керек болчу. Ошол нерсе иш процессинде биз башыбыздан өткөргөн бардык толкунданууларды жана кыйынчылыктарды та-кыр унуттурат. Алкышты жана терең ыраазычылыкты, ошондой эле жердештердин батасын эч бир акчага сатып албайсың, - дейт депутат.
 
Орнотуу иштери аяктагандан кийин септик Сузак айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди. Ал 500дөн ашуун киши жашаган батирлердин канализациялык агыштарын тазалоону улантууда жана тургундарды санитардык-гигиеналык көйгөйлөрдөн арылтты.
 
Депутаттын коомдук ишмердүүлүгү ушул мисалдар менен эле чектелип калбайт. Көп убактысын Зухра медиаторлук ишмердүүлүккө сарптайт. Бул 2010-жылдагы жаңжалды жөнгө салууда өзгөчө маанилүү болду. Депутат Ахмедованын түздөн-түз катышуусу менен оорукананын аймагында экологиялык маселелерди чечүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Анын ичинде төрөт бөлүмүнүн канализациялык системасы кайра калыбына келтирилди. Бул үчүн 250 миң сом өлчөмүндө инвестиция тартуу зарыл эле.
 
– ЖӨБ органдары өз ишин аткара албайт деп айта албайм. Болгону аларда мүмкүнчүлүктөрүнө караганда көйгөйлөрү көбүрөөк. Андыктан биргелешкен аракеттер менен гана ийгиликке жетүү мүмкүн. Ар бир кичинекей жеңиш, чакан жетишкендик болгон сайын депутаттын ролу чоң жана жыйынтыктоочу болгонуна ишеним да артат. Дагы көп нерсе пландалган жана мен элет тургундарынын колдоосу менен ишенимине үмүт артам. Депутат катары өзүмдү чындап эле бир маанилүү иш жасай алган адам катары сезем. Депутат болуп иштеп келаткан жылдар ичинде менде элге кызмат кылган жана белгилүү бир үлүштө жоопкерчиликти алган адамга тиешелүү ык жана жөндөм пайда болду. Артка кылчайып, натыйжаларды көрүп, мүмкүнчүлүктөрдү баалаганда кыйынчылыктарга жана жолубуз болбогонуна карабастан алга жыла бериш керек деген тыянакка келдим. Анткени ар бир кадам – бул натыйжа. Аракетсиздик өлүмгө тете. Улам чалынып отуруп, ушул тапта ЖӨБ калк арасында ишенимге ээ болду.
 
Менин урааным – алга гана! Каалоо болсо эле бардык көйгөйлөрдү чечип, кыйынчылыктарды жеңсе болот. Келечекке терезени ачыш үчүн өткөн чакка эшикти жабыш керек. Жагымсыз эскерүүлөр менен жашоону татаалдаштырганга караганда үмүт менен жашаган алда канча жеңил.

Окшош материалы: