Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аял-депутат зомбулукка каршы: ишти баштайт жана жеңишке жетет

2012-11-29 / ДЕПУТАТТЫК БАЯНДАР

Султанбаева Элмира, жергиликтүү кеңештин 2008-жылкы чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы.

 

Султанбаева Элмира, жергиликтүү кеңештин 2008-жылкы чакырылышынын депутаты, бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы.
 
– Баштаган ишин аягына чыгарган аял депутаттар көбүрөөк болушун каалайт элем, - дейт Ак-Чий айылдык аймактын башчысы Э.Жантаев. – Элмира Султанбаеванын активдүү аракеттеринен улам бизде чоң өзгөрүүлөр болду. Анын катышуусу менен соцмаданий тиричилик объекттери калыбына келтирилип, биздин айылдык аймактын ички жолдору оңдолду. Качыбек айылындагы жалпы наркы 54 млн. сомго бааланган, 240 окуучулук орунга эсептелген жаңы мектептин курулушу башталды. Совет айылындагы жаңы ФАПтын курулушу соңуна чыкты, анын баасы 3 млн. 400 миң сомду түздү. Ак-Чий айылындагы жыйындар залынын чатыры жабылып, анын баасы 800 миң сом болду. Элмиранын көмөгү менен Совет жана Ак-Чий айылдарында спорттук аянтчалар курулду. Мындан тышкары айылдык аймактагы айылдардын ичинде жаңы көпүрөлөрдүн курулушу жүрүүдө; Ак-Чий айылындагы Ракым ат. орто мектепте жылуулук берүүчү система капиталдык ремонттон өттү жана анын баасы 1млн. 523 миң 300 сом болду. Качыбек жана Совет айылдарында мечиттердин курулушу аяктады,- деп муниципалитеттин башчысы сыймыктануу менен санап берди.
 
– Айылда активдүү жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин натыйжасында жергиликтүү калк өзүнүн күнүмдүк көйгөйлөрүн өз алдынча чече баштады, - деп эсептейт депутат Элмира. – Мисалы, адамдар ички чарбалык каналдардын түйшүктүү участокторун тазалоо иштерине 2 жыл катары менен катышууда, ашар ыкмасы менен айылдын ичинде көпүрөлөрдү курду, жергиликтүү деңгээлде түрдүү иш-чараларды өткөрүүдө каржылык жана эмгек жардамын көрсөтүп келишет.
 
Д е п у т а т т ы к ишмердүүлүк менен кошо эле Элмира Султанбаева Качыбек айылында зомбулукту алдын алуу боюнча комитеттин (ЗАК) төрайымы болуп да иштейт. Комитет 5 багыт боюнча иштейт: эрезеге жете электердин турмуш куруусуна жана ала качууга, тобокел үй-бүлө күтүүгө (чыр-чатактуу, ичкиликке берилген үй-бүлөлөр) жол бербөө, мектеп рэкетчилигин жок кылуу, ЗАК жыйындар системасы, окутуу жана консультациялар. Пайда болгон көйгөйдү талкуулоо жана чечүү жолдорун биргелешип издөө максатында элет тургундарынын катышуусунда айылдык чогулуштар өтүп турат. “Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө”, “Эркектер жана аялдар үчүн тең укуктарга жана тең мүмкүнчүлүктөргө мамлекеттик кепилдик берүү жөнүндө” ж.б. мыйзамдарды окутуу боюнча тренингдер өттү. Айылдагы коомдук жайларда жана соода түйүндөрүндө кубат берчү, спирт ичимдиктерине, ошондой эле өспүрүмдөргө тамеки сатууга тыюу салуу тууралуу жарыялар илинди. Кыз ала качууну, мектеп жана көчө рэкетчилигин, үй-бүлөдөгү зомбулукту алдын алуу үчүн ишеним телефондорунун номурлары көрсөтүлгөн баракчалар таратылды; жаштар жана жогорку класстын окуучулары катышкан акция өттү. Анын жүрүшүндө алар кызды ала качпоо жана рэкетчиликке бөгөт коюу тууралуу сөз беришти. Мунун натыйжасында эки түгөйдүн макулдугу боюнча 2 үйлөнүү тою өттү. Айылдын тургундары, жогорку класстын окуучулары жана мугалимдер менен биргеликте психолог менен жолугушуу уюштурулду. Ал жолугушууда эрте турмуш куруу, ала качуу, мектеп рэкетчилиги көйгөйлөрүнө арналган тасмалар көрсөтүлдү.
 
Ишеним телефону аркылуу элет тургундары зомбулук фактысы боюнча ЗАКка кабарлай алат. Качыбек айылында ушул ЗАК түзүлүп, иштей баштаганга чейин жаштар нике кыйып эле баш кошуп, бир нече айдан кийин гана расмий каттоого турушчу, же никесин каттаттырбай деле коюшчу. Эки көрсөтмө үйлөнүү тоюнан кийин, ЗАКтын мүчөлөрүнүн аракеттери менен баш кошконго бир ай калганда ЗАГСка арыз таштай башташты. Б.а. үйлөнүү тою никени расмий каттоо менен бир учурга туш келип, бул болсо аялдардын укугун коргоого жана үй-бүлөлүк байланышты бекемдөөгө көмөктөшөт. Кыз ала качуу жана эрте турмуш куруу фактылары токтоду. ЗАКтын чогулушундагы талкуудан кийин аялдар үй-бүлөдөгү зомбулук, аракечтик факттары азайганын, үй-бүлөдөгү кырдаал жакшы жагына өзгөргөнүн белгилешти. Айылдын жаштары ыктыярдуу элдик кошуундун курамында кечки жана түнкү маалда күзөткө үзгүлтүксүз чыга баштады. Балдар тарабынан кары адамдарга карата мамиле өзгөрдү. Мектеп рэкетчилиги көйгөйү дээрлик чечилди.

Окшош материалы: