Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мамлекеттик кызмат = муниципалдык кызматпы? Ушундай болобу?

2014-06-05 / ЖӨБ кадрлары
Мамлекеттик кызмат = муниципалдык кызматпы? Ушундай болобу?

Нурдин Күмүшбеков, муниципалдык кызмат боюнча адис

- Жок, ушундай болуш керек! – деп эсептешет “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзам долбоордун авторлору гана эмес, түрдүү деңгээлдердеги депутаттар да, эксперттик жамааттын өкүлдөрү да. Аткаминерлердин өздөрү да, өзгөчө элет жергесинде иштегендер мамлекеттик кызмат болобу, же муниципалдыкпы, айтор өз Мекенине кызмат өтөө жолун тандап алган кызматкерлердин статусун теңештирүү зарылчылыгы тууралуу маселени көп жолу көтөрүшкөн.

Ага карабастан ченемдик-укуктук акттын баштапкы вариантын талкуулоо өтө курч жүрүп жатат. Ал эми бул ченемдик-укуктук актты кабыл алмайынча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун мындан аркы өнүгүүсү мүмкүн эмес. Борбор калаада жана республиканын аймактарында көп жолу уюштурулган бир дагы “тегерек стол” талкуусу талаш-тартышсыз, болочок мыйзамдын тиги же бул бөлүмдөрүн жана беренелерин жакшырткан, же документтин авторлорунун баамында, тескерисинче начарлаткан сунуштарсыз өтө элек.

Мыйзам долбоорунун авторлорунда талкуунун катышуучулары сунуштаган ондогон түзөтүүлөр топтолуп калды. Бул болсо курамына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер (алардын арасында Өнүктүрүү саясат институтунун адистери да бар) кирген жумушчу топ эл аралык уюмдардын колдоосу менен көптөн бери бийликтин көңүл буруусуна жана чечим кабыл алуусуна зар болуп келген көйгөйлөрдү көтөрүп чыкты.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-мартындагы №36 буйругу менен бекитилген Мамлекеттик кызматты модернизациялоонун Концепциясын ишке ашыруу Планынын алкагында иштелип чыкты. Бул тема өтө маанилүү жана актуалдуу болгондуктан ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун атынан ӨСИ өз демилгеси менен жана бир катар донордук уюмдардын (ПРООН, USAID) колдоосу алдында мыйзам долбоорун ачык талкуулады. Ага президенттин, өкмөттүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун өкүлдөрү, аппарат кызматкерлери жана жергиликтүү кеңеш менен Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Адамдардын кеңири чөйрөсүнө маалымат жеткирүү үчүн ММК өкүлдөрү да чакырылды. ӨСИ ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун алкагында Бишкекте, Караколдо жана Жалал-Абадда бир катар пресс-сессияларды өткөрдү.

Өткөрүлгөн иш-чаралардын жүрүшүндө 100дөн ашык сунуш жана эскертүүлөр түштү, алардын бир бөлүгүн жумушчу топ мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууда эсепке алды. Аны менен Мамлекеттик кадр кызматынын сайтынан таанышсаңыз болот: www.mkk.gov.kg .

Кызмат өтөө – жасакерденүү эмес, же абройдун түшүшү

Эч кимге жашыруун сыр деле эмес, аткаминердин иши жагымдуу жана анча эмес деп бөлүнөт. Мисалы, салык же бажы кызматынын катардагы кызматкери, же анын Маданият жана маалымат министрлигиндеги кесиптеши, же жаштар иши боюнча ведомствонун кызматчысы – бул айлыктары бирдей деп каралганына карабастан түрдүү “салмак категориясындагы” кесиптер. Муниципалдык кызматчылар деп атап койгондорду айтпай эле коелу. Аткаминерлердин бул отряды престиждүүлүк иерархиясында андан да төмөн тепкичте турат.

Бул акыйкат көрүнүшпү? Бул суроо көптөн бери эле берилип келет, бирок жылдар бою кырдаал эч эле өзгөргөн жок. Атүгүл аймактарда жыл өткөн сайын кадрларга болгон таңсыктык курчуп баратат.

Эгерде борбордо аткаминерлердин армиясы өссө, муниципалитеттерде, тескерисинче, акылдуу, сабаттуу, келечеги кең кызматкерлер көпкө турбайт. Эмне үчүн? Иштин көлөмү өтө чоң болгонуна карабастан материалдык жана кесиптик мотивациянын деңгээли өтө төмөн. Мунун кесепети кандай болот? Бул “жогору жакта” иштелип чыккан эң акылдуу жана эң заманбап программаларды да жамааттардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде эч ким ишке ашыра албай калуусуна алып барат.

Эксперттердин пикири боюнча, “жогору жактагы” мамлекеттик аткаминерлердин штатын кыскартуу менен гана жеринде мамлекеттик программалардын ишке ашырылбай жаткан маселени чечүү мүмкүн эмес. Анткени ал кадрлар “төмөн жакка” ишке барат, ал эми ордунда калгандар жакшыраак иштей баштайт деген кепилдик жок. Жеринде (өзгөчө шаарга салыштырмалуу айылдарда) башкаруучу бирдиктин ашыкча болгону менен, башкарууда көз көрүнөө таңсыктык байкалат. Натыйжада бул аймактагы калктын турмуш сапатынын төмөн болушуна алып келүүдө.

Муниципалдык аткаминерлердин аброюн көтөрүү максатынан тышкары мыйзам долбоорун иштеп чыгууга киришүүгө башка да себептер түрткү болду. Бул – мамлекеттик кызматтын жабыктыгы, мындан улам коомдо “эл өкүлдөрү” тууралуу терс маанайдагы ар кандай пикирлер пайда болууда. Көпчүлүк жарандарыбыздын аң-сезиминде иштин бул түрү адамдар жеке кызыкчылыктарын гана көздөп барган “коррупциянын уюгу” деген түшүнүк сиңип калды. Ошондуктан министрликке, же мамлекеттик агенттикке, өкмөт аппаратына тааныш-билиш аркылуу, же пара берип гана орношуу мүмкүн. Жогоруда айтылгандардын көпчүлүгү чындыкка жатпайт деп айтуу калп болуп калмак. Тилекке каршы “майлуу орунга” кадр тандоодо коррупциялык көрүнүштөр дайыма болуп келген.

Аткаминер уктап жатат, кызмат өтөлүп жатабы?

Түптөлүп калган тартиптерди өзгөртүүгө дагы бир себеп – кызматчылардын жүрүм-туруму. Алардын жабыктыгы, калктын өтө маанилүү көйгөйлөрүнөн алыс болгону жана башка терс мүнөздөмөлөр жарандар арасында нааразылыкты жаратып келет. Негизи эле адатта алар көрсөткөн кызматтардын сапаты да аткаминерлерди “баккан” салык төлөөчүлөрдүн талаптарына жооп бербейт.

Эртеби, кечпи, айтор бул чөйрөдө топтолуп калган көйгөйлөр мамлекеттик башкарууну реформалоого бут тосмок. Буга кошумча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине саясий таасирдин өсүшүн, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды шыктандыруу дээрлик жок болгонун, алар тараптан чыныгы жоопкерчиликтин жоктугун да эсептен чыгарбаш керек.

Чогулуп келип бул терс көрүнүштөрдүн баары муниципалдык кызматтын обочодо калуусуна жана кризистин тереңдешине, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өтүүдө жана аны өтөөдө коррупциялык тобокелчиликтердин пайда болуусуна дагы да көмөктөштү.

Жаңы мыйзам долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кадрларды тандоо системасын өркүндөтүү, аткаминерлерди материалдык жана материалдык эмес жактан шыктандыруу механизмин жакшыртуу максатын көздөйт. Бул болсо алар өз милдеттенмелерин мындан да жакшы жана натыйжалуу аткара башташына алып келет. Ал эми бул болсо өз кезегинде мамлекеттик жана муниципалдык башкарууга жана мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка көрсөткөн кызматтардын сапатына оң таасирин тийгизиши керек.

Албетте талкуулар маалында мыйзам долбоорун иштеп чыккандардын дарегине көптөгөн суроолор түшүп жатты. Эң көп берилген суроо: колдонуудагы документти өркүндөтүүнүн ордуна жаңы документти иштеп чыгуунун канчалык зарылчылыгы бар эле? “Баары “Мамлекеттик кызмат жөнүндө” Мыйзамды катуу карманып, аны аткарса, жаңы мыйзамга да зарылчылык туулмак эмес”, - деп айтышты жаңы ченемдик-укуктук акттын авторлорунун айрым бир оппоненттери.

Бирок баары ушундай эле бир маанилүү деп айтсак болобу? ӨСИнин гана эмес, башка уюмдардын да адистеринин көз карашынан алганда колдонуудагы мыйзамдарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматка өтүү жана аны өтөө жол-жобосунда тартипке салуу жана бир түрдүүлүк жок. Саясий ыйгарым укуктардын көлөмүнө карап эмес, дайындоо же шайлоо принциби боюнча ишке ашкан көп сандагы саясий кызматтар бар. Бул болсо мамлекеттик кызматтын профессионализациялоо жараянын татаалдаштырып, патронаттык кызмат орундарына байланыштуу көйгөйлөр пайда болууда. Анын үстүнө мамлекеттик жана муниципалдык кызматты башкаруу системасы жана колдонуудагы жол-жоболор жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы келечеги бар кадрлардын “кызматтык тепкич” боюнча мамлекеттик органдарга, же тескерисинче көтөрүлүшүнө жолтоо болууда.

Жаңы мыйзам канчалык зарыл эле дегенге дагы бир жүйө – колдонуудагы мыйзамдарда мотивация системасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөөнүн жол-жоболоруна байланышкан эмес, эмгек акы системасы иштин натыйжаларына жетүүгө таасирин тийгизбейт, мансапты пландоо түшүнүгү жок, билим алууга кызыкдар кызматчыларды шыктандырган система жок, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды баалоонун натыйжалары мансаптын өсүшүнө жана маянага таасирин тийгизбейт. Соңунда ротация механизми регламенттештирилген эмес.Көптөгөн алдыңкы өлкөлөрдө мына ушул учурлардын баары эсепке алынган жана мыйзамдык базада көрсөтүлгөн. Кыргызстан болсо эми гана бул татаал, тар жолду баштады.

Эмне өзгөрүш керек?

Эгерде мыйзам чыгаруу демилгеси документти талкуулоо менен гана эмес, принципиалдык эскертүүлөрдү жана сунуштарды эсепке алуу менен кабыл алынса, анда келечекте мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугу жогорулайт деп күтсө болот. Албетте мамлекеттик кызматчылардын жана алардын муниципалитеттердеги кесиптештеринин да макамы жогорулайт. Бул болсо алардын кесиптик деңгээлине да таасирин тийгизет.Кызматка дайындоо системасынын ачык-айкындуулугу сөзсүз жогорулайт, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларда сабаттуу, чынчыл болууга чыныгы мотивация пайда болот. Өз мансабы жана жалпы жамааттын жакшы турмушу үчүн натыйжалуу иштесе, экөө бири бирине тоскоол болмок эмес.Мыйзам долбоорунун негизги жоболоруна дагы бир жолу көз жүгүртсөк буларды көрөбүз:

  •  мамлекеттик кызматтын бирдиктүүлүгү бекитилет, ошондой эле “мамлекеттик кызмат” деген жаңы түшүнүк киргизилет;
  •     мамлекеттик жарандык кызматтын да, муниципалдык кызматтын да макамы жогорулайт;
  • саясий жана административдик кызмат орундарга киргизүү критерийлери аныкталды (саясий-аныктоочу чечимдер боюнча ыйгарым укуктардын болгон белгиси боюнча);
  • мунициалдык кызмат кесиптик кызмат системасына негизги болуп жалмашат: мамлекеттик кызмат статусуна теңештирүү, мансаптын өсүшүнө бирдиктүү мамиле, эмгек акынын кызматчынын ишин баалоонун бирдиктүү системасы, ротациялоо мүмкүнчүлүгү, кадрлар резервине кошуу, кадрларды окутуунун бирдиктүү системасы;
  •  статс-катчынын ишмердигиндеги артыкчылыктардын бири мамлекеттик органдын стратегиясын түзүү жана ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик болуп калат;
  • кызматчыны окутуу, баалоо, эмгегинин иш жүзүндөгү натыйжалары менен мансабынын жогорулашы, материалдык жана материалдык эмес мотивациясы ортосунда өз ара байланыш түзүлөт;
  • мансапты пландоо түшүнүгү киргизилет;
  •   окутуу мансаптын жогорулашынын милдеттүү шарты болуп калат;
  •   ишмердикти баалоо, кызматчынын материалдык жана материалдык мотивациясы тууралуу ченемдер бекитилет.

 Жаңы мыйзам долбоорунун мазмуну ротация, же статс-катчынын ролу болобу, айтор аны главалар жана бөлүмдөр боюнча дагы да дыкат жана көңүл коюп чечмелеп чыгууга татыйт.  Ошондуктан биз дагы да деталдуу анализ жүргүзүү үчүн сөзсүз  бул темага кайрылабыз. Кириш сөз деп эсептесе боло турган бул макалада сизди, урматтуу “Муниципалитет” журналынын окурманы, талкууланган маселелердин чөйрөсүнө жана аны пайда болгон себептерине жана албетте чечим издөөгө тарттык. Анткени мамлекеттик жана муниципалдык кызмат – бул биздин жашообуздун ажыратылгыс бөлүгү. Ошондуктан биздин милдет – аны мыкты кылуу.М