Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

2014-09-11 / Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары
Өнүктүрүү саясат институтунун жаӊылыктары

Бишкекте жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуунун жолдору талкууланды...

Кыргыз Республикасынын жаштары арасында социалдык туруктуулукка жана экономикалык өсүшкө коркунуч жараткан массалык жарандык (муниципалдык), каржылык жана экономикалык сабатсыздык көйгөйүнө мамлекеттин жана коомчулуктун көңүлүн буруу, коом менен мамлекет тарабынан аталган тобокелчиликтерди алдын алуу боюнча чукул чараларды аныктоо максатында Өнүктүрүү саясат институту Билим берүү демилгелерин колдоо фонду (www.edufeis.org), Жеке инвесторлор клубу жана Москвадагы Ачык билим берүү институтунун экономика кафедрасы менен биргелешип жаштардын каржылык сабаттуулугун жогорулатуу,бул процессте мамлекеттин, коомдун, бизнестин жана донордук уюмдардын ролун күчөтүү ыкмаларын аныктап алуу үчүн талкуу уюштурулду.2014-жылдын 12-сентябрында өткөн талкууга жаштар иштери менен алектенген министрликтердин жана ведомстволордун, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, “Фин-Билим-Сити Муниципалитети” жайкы мектебине катышкан жаштардын, донордук уюмдардын жана ММКнын катышуусу менен өттү.Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Надежда ДОБРЕЦОВА белгилегендей,бул талкуу “Жаштардын каржылык сабаттуулугу өлкө ийгилигинин фактору” долбоорунун уландысы болуп калды. Долбоордун алкагында “Фин-Билим-Сити Муниципалитети” жайкы мектеби уюштурулган болчу. “Ушул учурда биздин негизги максатыбыз – каржылык жана жарандык (муниципалдык) сабаттуулук деңгээлин жогорулатуу, жеке каражаттарын башкаруу боюнча билими менен бөлүшүү үчүн жаштарга шарт түзүү. Дал ошол билим болочок муунга ийгиликтүү жана бакубат жашоону камсыздоодо критикалык фактор болуп эсептелет. Өз долбоорубузду ишке ашыруу процессинде окуучулардын да, мугалимдердин да каржылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча ишке карата чоң кызыгуусу анык болду. Башкача айтканда, долбоор КРда каржылык сабаттуулук көйгөйү актуалдуу экенин көрсөтө алды”.Натыйжада өлкөнүн бардык аймактарынан чогулган 50 окуучу өзүн өзү башкарган шаарда, заманбап демократиялык коомдо жашоо үчүн көндүмдөргө ээ болушту; алар ошондой эле каржылык сабаттуулук көндүмдөрүн алышты (теориялык билим менен аны иш жүзүндө колдонуунун айкалышы алынган билим туруктуу болот деп күтүүгө жол берет). Өз пикирлерин мугалимдердин жана окуучулардын арасынан каржылык жана муниципалдык сабаттуулук боюнча жайкы мектептин катышуучулары да билдиришти. Дарс окугандардын бири Нелли СИМОНОВАнын айтымында, бул багытта окуучулар менен иштөө улуу муун өкүлдөрү менен Долбоор тууралуу кенен маалыматты “Муниципалитет” журналынын 2014-жылдын июль айында чыккан санынан окуңуз. Иш-чаранын катышуучуларына жайкы мектеп кантип өткөнүн жана оюндун бул модели окуучулар үчүн кандай артыкчылыкка ээ болгонун баяндаган маалыматтык тасма да көрсөтүлдү. Тасманы орус жана англис тилдеринде төмөнкү шилтеме боюнча таба аласыз: http://youtu.be/FjY17junhBo.

Окшош материалы: