Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Бала бакча – мектепке чейинки балдардын тарбиясы жана билим берсү үчүн гана эмес, алардын коопсуздугу үчүн да жамааттардын камкордугу

2014-10-02 / Адамдар жана тагдырлар

Көйгөйдүн жалпы сүрөттөлүшү...

 
Кыргызстанда элеттик жамааттар жана башкаруу органдары Советтер Союзунан мураска калган мектепке чейинки билим берүү жана тарбия системасын сактап кала алган жок. ХХ кылымдын 90-жылдар мезгилинде жана 2000-жылдардын башында ондогон, балким жүздөгөн бала бакча менчиктештирилип, башка башкаруу органдарына өткөрүлүп берилип, же жөн гана кароосуз жана талкаланып, ишин токтотуп койду.Мисалы, Советтер Союзунда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Бешик-Жон АА аймагында 45 тарбиячы иштеген жана 280 бала тарбияланган 3 бала бакча бар эле. Эми болсо 50 баланы кабыл алууга жөндөмдүү бир гана бала бакча иштейт. Ал эми аймак боюнча мектепке чейинки балдардын саны 1070ке жетет. Бул болсо мектепке чейинки курактагы балдардын 3% гана билим алып, мектепке даярдана алат дегенди билдирет.Бал бакча имараты менчиктештирилген 20 жылдан ашык убакыттан бери Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы Каргалык айылдык аймагынын Чет-Булак айылында мектепке чейинки курактагы наристелер бала бакчага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап келишти. Четбулактыктардын бир мууну мектепке чейинки билимден куру калышты.Узак убакыттан бери Ысык-Көл облусунун Түп районунда болгону эки бала бакча иштечү, болгондо да экөө тең район борборунда эле, ал эми райондун калган айылдарында мектепке чейинки билим берүү жокко эсе эле.Алгач бул трагедиядай көрүнгөн деле эмес. Анткени ишсиз калган ата-энелер көп убактысын үйдө өткөрүп, балдарга баш-көз болуп, аз да болсо мектепке даярдашчу. Ошондуктан балдар мектепке чейинки билим берүү жагынан алганда артта калгандай көрүнгөн эмес – көптөр элеттик жана шаардык мектептер ортосунда окутуу деңгээли ар башка дегендей мамиле жасачу.Анткен менен көп өтпөй бул көйгөй эбегейсиз чоң көлөмгө жетип, анын кесепеттери өзүнчө жамааттардын жана муниципалитеттердин чегинен чыгып кетти. Балдардын жаш ата-энелери алардан башка эч ким балдарын да, үйдөгү кары-картаңдарды да бакпай турганына көздөрү жетти. Анткени мамлекет социалдык коргоо милдеттерин аткара алган жок, ал эми жөлөк пулдун жана пенсиянын көлөмү эң төмөнкү чекке да жетпей калды.
Тандоо жолу көп эмес эле – же социалдык жана физикалык өнүгүп өсүүнү унутуп, жакырчылыктын сазына батуу, же болбосо айылдын, атүгүлдүн өлкөнүн тышында иш издөөгө аракет жасоо. Натыйжада жүздөгөн үйбүлөлөр ишке жарамдуу жана жан бактылар принциби боюнча бөлүнүп калды. Үй-бүлөнүн ишке жарамдуу мүчөлөрү үй-жайын, жакындарын таштап,өзү менен кошо жогорку класста окуган балдарын ээрчитип, иш издеп кетишти. Ал эми наристелер жана кары-картаңдар үйдө кала беришти. Мына ушул жерде жамаат жана ЖӨБ органдарынын алдына мектепке чейинки билим берүү гана эмес,тарбия, атүгүл мектепке чейинки балдардын коопсуздугу өңдүү көйгөйлөр чыга келди.Мисалы, ошол эле Бешик-Жон аймагында жашы өтүп калган аялдын колунда үч жаштагы бала калган. Аял үй иштери менен алек болуп жүргөн чакта бала жоголуп кетип, аны табуу аракеттеринен майнап чыккан эмес. Баланын денесин 10 күндөн кийин гана кошунанын кароосуз жаткан машинесинен табышкан. Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ленин ААда жашоочулар кароосуз калган балдар сууга чөгүп кеткен, денесин күйгүзүп алган же жаракат алган учурлар болгонун айтышат.Ата-энелер жана чоң ата-чоң энелер балдарды бала бакчага орноштурууга далалат жасашты,бирок ал жакта орун жок болуп чыкты. Мисалы,Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Биринчи май ААда 90 орунга эсептелген бир гана муниципалдык бала бакча иштейт. Мында мектепке чейинки мекемелердин стандарттарын бузуу менен 135 бала кабыл алынган. Натыйжада балдарга орун жетпейт, түшкө маал алар бир керебетте эки-экиден укташат. Акыркы жылдары бала бакчаларда балдар аянтчасы жок болуп келди. Демек балдардын өнүгүүсү жана таза абада жигердүү эс алуусу үчүн кадимки шарттар да жок эле. Бул маселени эч ким тез жана арзан чече албай жатат, анткени мектепке чейинки мекемелерге өтө чоң салым, мектепке чейинки тарбия жана билим берүү өңдүү жеңил эмес процессти уюштурууга күч да, чыгым да көп талап кылынат. ЖӨБ органдары балдардын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде кошумча орундарды түзүү милдетин өз алдынча аткара албай жатат. Ал эми мамлекет бул маселени жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берүү менен аны чечүү ишинен четтеп кетти. Эмне кылыш керек? Көпчүлүк муниципалитеттер сырттан бирөө келип, бул маселени чечим берет деп күтүп отурбастан өз алдынча аракет жасай башташты. Ошондо жергиликтүү өз алдынча башкаруу да мобилдешип, мурдагы бала бакчаларды кайра калыбына келтирүү жана жаңыларды ачуу үчүн ресурстарды таап берди.Эми азыр Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарындагы түрдүү муниципалитеттерде бул маселе кантип чечилгенин айтып беребиз. Ар кайсы жамааттарда маселени чечүү жолдору бири-биринен бир аз айырмаланганы менен, бул мисалдардын баарын бир нерсе бириктирет – жамааттар бир маселени артыкчылыктуу деп аныктап, жамаат менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы тыгыз кызматташтык болуп, күчтөр бириккенде гана ийгилик мүмкүн экенин баамдагандан кийин гана ушул көйгөй чечиле баштаган. Көп учурда жолдун башаты – жамааттын жергиликтүү
демилгеси болуп жатты.