Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка АА

2014-10-02 / Адамдар жана тагдырлар
Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ивановка АА

Балдарыбыздын кубанычы жана күлкүсү...

Эмнелер жасалды? 2009-жылы АРИС менен биргеликте жергиликтүү бюджеттин каражатына 1085 000 сомго чатыр калыбына келтирилди. АРИС бардык имараттын капиталдык ремонтуна кошумча 3 700 000 сом бөлдү.Негизги шарттардын бири долбоорго өз салым 3,75% көлөмүндө болуш керек деген талап болду.Бул накталай акча менен 138 000 сомду түздү. Эмгек салымы 453 000 сомду, же 12,25% түзүш керек эле. Жергиликтүү бюджеттин каражатына жалпы суммасы 1 420 000 сомго от жакчу жай курулуп, канализация системасы оңдолду.ЭҮЖӨБОЖ Долбоору менен кызматташтыктын алкагында калк арасында сурамжылоо жүргүзүлүп, артыкчылыктуу маселелердин бири катары бала бакчада мектепке чейинки курактагы балдар үчүн орундардын жетишсиздиги аталды. Биргелешкен аракеттер планы иштелип чыгып, аны ишке ашыруунун алкагында 2013-жылы 663 000 сомго дагы бир топ үчүн кошумча жай ремонттолду. Ушул эле каражаттын ичинен эмеректер жана жабдуулар сатылып алынды. Ата-энелер бала бакчанын аймагын көрктөндүрүү үчүн демөөрчүлүк жардамын көрсөтүштү: дарактарды актап, көчөттөрдү жана гүлдөрдү отургузуп, оюн аянтчасын ремонттоп чыгышты: эмеректерди чогултуп, пардаларды илип, телевизор орнотуп, ошондой эле килемдерди сатып алышты.
Натыйжасы Кошумча топко 40 бала барат. Эки тарбиячы жана бир бала баккан аял иш менен камсыздалды. Бала бакчада жалпысынан 100 бала тарбия алат. Анткен менен маанилүүсү – жарандар өз көчөлөрүндө, кварталдарда жана айылдарда шарттарды түзүү менен көкөйгө тийген маселелерди чечүүгө жигердүү катышуу зарылчылыгын түшүнө башташты. Жергиликтүү өз алдынча башкарууга коюлган талап да күч алды. Анын натыйжасында муниципалитет жергиликтүү бюджетти башкарууда натыйжалуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыздоо үчүн аракеттерин көбөйттү.
Төл сөз Клара ИСКАНДАРОВА, “Наристе” бала бакчасынын жетекчисинин м.а.: “Акыркы жылдары ЖӨБ органы менен калк ортосунда пайда болгон ажырым кыскара баштады. Жергиликтүү жамаат жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга жигердүү катыша баштады жана ар бир адам жалпысынан муниципалитеттин жашоосуна таасир эте аларын түшүнүп калды. Айыл өкмөтү АК депутаттары менен тыгыз иштешүүдө. Анткени жергиликтүү бюд-жеттеги каражатты бөлүштүрүүдө акыркы сөздү ошолор айтат. Жергиликтүү бюджет калктын артыкчылыктарына шайкеш келет.Айыл өкмөттүн жергиликтүү жамаат менен өнөктөштүгү жемишин бере баштады. Мисалы, бала бакчада жаңы топ ачылды. Ата-энелердин демилгеси менен ата-энелер комитети түзүлүп, учурда иштеп жатат. Комитет балдар мекемесине жигердүү жардам көрсөтүп келет”.