Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Эвергриния – Фин-Билим- Сити Муниципалитети – 2015: форматтардын ийгиликтүү биригүүсү

2015-08-18 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Эвергриния – Фин-Билим- Сити Муниципалитети – 2015: форматтардын ийгиликтүү биригүүсү

Финансылык жактан агартуу боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектеби биринчи жолу 2014-жылдын июнь айында ачылган. Жайкы мектеп финансылык сабаттуулукка окутуу, ийгиликтүү жана дени сак турмушту камсыздоо үчүн жеке каражатын башкаруу боюнча билим берүү; ошондой эле жаштарга Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу билимдердин негизин берип, коомдук финансыны башкаруу жана бюджеттик процесске катышуу көңдүмдөрүн үйрөтүү максатында Кыргызстандын түрдүү региондорунан балдардын башын бириктирген. Швейцария Өкмөтү каржылаган «Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс» Долбоорунун (мындан ары ЭҮЖӨБОЖ Долбоору) финансылык колдоосу алдында 2015-жылдын июль айында экинчи 12 күндүк финансылык агартуучулук боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» (мындан ары – ФБС Муниципалитети) жайкы мектеби башталды. Жаңы формат – ФБС Муниципалитетинин «Эвергриния» Республикасы менен бириктирилген нөөмөтү бул жылы мектептин өзгөчөлүгү болуп калды. «Эвергриния» Республикасы – Кыргызстанда кеңири таанылган, 19 жылдык тарыхы бар жайкы мектеп. Эки лагердин базасында Ысык-Көлдүн жээгинде 2015-жылдын 2-июлунан 13-июлуна чейин «Эвергриния – Фин-Билим-Сити» (мындан ары – Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсү) деген аталышта бирдиктүү мамлекет түрүндө, оюн форматында бирдиктүү билим берүүчү интерактивдүү платформа түзүлдү.

Катышуучулар кимдер? Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө 12-17 жаш курактагы 106 бала жана Кыргызстандын бардык аймактарынан келген 18-27 жаштагы 12 ментор жашады. Бул жерге түрдүү улуттагы балдар чогулду, атүгүл Казакстан жана Кытай өңдүү кошуна мамлекеттерден да келгендер болду. Катышуучулардын жарымы лагерге акысыз жолдомону өз аймагында финансылык агартуучулук лидери болуу даярдыгын көрсөтүү менен,Кыргызстандын орто билим берүү мектептеринин 8-11-класстарынын окуучулары арасында финансы сабаттуулугу боюнча өткөрүлгөн дил баян сынагында утуп алып келген. Салыштыруу үчүн: 2014-жылы ушул эле дил баян сынагына 166 бала катышкан жана сынакта бир орунга 3 бала талапкер болгон. Ал эми 2015-жылы сынакка 220 табыштама түшүп, бир орунга 6 бала талапкер болду. Ошондуктан лагерге мыктылардын мыктылары келди десек да болот.
 
«Эвергриния» жайкы лагери тарабынан 12 жаштар коомдук бирикмесинин мүчөлөрү катышты. Алардын арасында аз камсыздалган үйбүлөлөрдөн 60тан ашуун өспүрүм болду. Алар Билим берүү демилгелерин колдоо фондунун (БДКФ) «Келечек – ар түрдүүлүктө» сынагынын алкагында коомдун турмушунда жаштардын жарандык катышуу көндүмдөрүн жана практикасын жайылтууга багытталган долбоорлорду иштеп чыгышкан.Жаштардын коомдук бирикмелери жайкы лагерге өзгөчө жигердүү мүчөлөрүн жиберишкен. Алар иш жүзүндө чыныгы турмушка окшоштурулган шарттарда өз долбоорлорун апробациялап, өз идеяларын мындан ары жайылтуу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болушту. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндөгү жашоону 26 уюштуруучу камсыздап турду. Алар: тажрыйбалуу педагогдор, эксперттер жана модераторлор – балдар менен иштешүүдө көп жылдык тажрыйбасы бар, өз ишинин таланттуу кесипкөйлөрү, мыкты адистер. Финансылык сабаттуулук боюнча педагогдор өткөн жылы да финансылык агартуучулук боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебине катышкан. Ошондуктан жеке каражатты башкаруу боюнча балдар менен иш алып барууда абдан жакшы көндүмдөргө ээ.
 
Форматтардын ийгиликтүү биригүүсү Финансылык агартуучулук боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебин түзүү боюнча долбоордун концепциясы КР мектептеринде финансылык агартуучулук кыймылын өнүктүрүү, ошондой эле КРда жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу билимдин негиздерин окутуу аркылуу коомдук финансыны – жергиликтүү бюджетти башкарууда жарандын көндүмдөрүн өнүктүрүү максатында жеке финансыны башкаруу маселелери боюнча теория жана практика жүзүндө окутууга негизделген.«Эвергриния» жайкы лагеринин концепциясы болсо лидердик дараметти өнүктүрүүгө, ишкердик, саясий, көркөм жана спорт таланттарын аныктап чыгууга багытталган. Эки масштабдуу интерактивдүү окутуучу концепцияны айкалыштыруунун натыйжасында зарыл болгон эн белгилери – герби, туусу, гимни, турмуш тиричиликтин бардык чөйрөлөрү бар бир бүтүн демократиялык мамлекет чыга келди. Жаңы Өлкөдө өспүрүмдөр калктын түрдүү катмарларынын өкүлдөрүнүн ролдорун ойношту. Алар балдардын, колу жукалардын, саясатчылардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын, бизнесмендердин, маданият жана спорт кызматкерлеринин, пенсионерлердин ж.б. ролдорун аткарышты. Бул жерде ар бир жашоочу саясат, билим берүү, экономика, бизнес, саламаттык сактоо, медиа, маданият жана спорт чөйрөлөрүндөгү өзүнүн дымактарын ишке ашыра алышты.