Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Насыялар үй-бүлөлөрдү талкалоодо

2015-12-16 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Насыялар үй-бүлөлөрдү талкалоодо

Насыялар үй-бүлөлөрдү талкалоодо

Күйөөсү насыя алып, андан кийин аялын, балдарын таштап кетти… Жумушсуз Гүлнара 34 жашта. Өткөн жылы күйөөсү жергиликтүү базарда соода кылуу үчүн товар сатып алууга 60 миң сом насыя алган. Товарлар өтө начар сапатта болуп, такыр өтпөй койду.Ошондо күйөөсү башка бизнести баштады – ири мүйүздүү мал сатмай болуп, бул үчүн өзү жашаган үйдү күрөөгө коюп, дагы 100 миң сомду насыяга алган. Өз убагында малды эмдетпегендиктен, баккан малы бир заматта кырылып калган. Ай сайын насыя үчүн карызды берип туруу үчүн үй-бүлө мүлкүн сатууга мажбур болду. Бирок бул да жеткен эмес, анткени үстөк пайыз улам өсүп турду. Насыя берүүчүлөр күрөөгө коюлган тамдан чыгып кетүүнү талап кыла башташты. Натыйжада күйөөсү аялын балдары менен калтырып, дайын-дарегин билдирбей, үйүнөн качып кеткен.Ал эми насыя берүүчүлөр мурдагыдай эле каалганы каккылай беришти. Көчөдө калбоонун амалын издеп, аял туугандарынан жана досторунан карызга акча ала баштады. Акыры алар да акча бербей калышты. Ошондо аялдын аргасы түгөнүп, насыяны тындырып берсе, интимдик кызмат көрсөтүп берерин айтып, күйөөсүнүн бакубат жашаган тууганына кайрылган. Бактыга жараша, ал киши абийирдүү болуп, кырдаалдан пайдаланып кеткен жок. Ал толугу менен карызды төлөп, Гүлнарага жана анын балдарына эркиндик алып берди…
 
“Күркүл” көрүнүү ниети үй-бүлөнү бузду… 25 жаштагы Жаныбек ажырашкан жана учурда жумушсуз. Бирок башында баары жакшы башталып келаткан. Бир нече жыл мурда атасы жалгыз уулуна үйдү белекке берген. Ал ушул жерде үйбүлөсү менен жашайт деп кыялданчу. Өткөн жылы Жаныбек үйлөнөйүн деп чечет, бирок үйлөнүү тоюна акча жетпегендиктен үч жылга 300 миң сом насыя алат. Той чоң шаан-шөкөт менен өтөт. Ага дээрлик 550 миң сом кеткен. Туугандары тойду өтө жогору баалап, мактап бүтө алышпады.Жигит карыздан жакшы, туруктуу маянасы менен кутулуп турууну ойлогон. Бирок бир заматта иштен бошотулуп, финансылык кыйынчылыктар башталган. Аялы да, өз ата-энеси да насыя тууралуу билген эмес.
 
Насыя уюмдан кат алгандан кийин гана аялы карыз тууралуу кабардар болот. Ошентип үй-бүлөдө уруш-талаштар башталып, көп өтпөй эки жаш ажырашып тынышты. Жаныбек бир нече ай курулушта иштеп жүрдү. Бирок бул да убактылуу жумуш эмеспи. Дагы бир жумуштан айрылгандан кийин, карызын төлөй албай калган Жаныбек акыры ичип кетти. Бул окуя Жаныбекте насыя алардан мурда финансылык пландаштыруу болбогонун тастыктайт. Өтө чыгашалуу той өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө анализ жасалган эмес.Ошентип туугандары, достору алдында “күркүл” көрүнөм деп, натыйжада Жаныбек үй-бүлөсүз да калып, карыздан да башы чыкпай калды. Элибиздин ойдон чыгарылган жаңы “салт-санаалары” үчүн мүнөздүү болгон ашыкча чыгымдар ал үчүн трагедияга айланды.
 
Карызга өткөрүлгөн үйлөнүү тою бакыт алып келбейт 56 жаштагы Ырысбүбү болгон күчүн университеттин бюджеттик бөлүмүнө өтө албай, контракт төлөп окуган баласына жумшап турган. Өткөн жылы баласы окууну аяктап, үйлөнө турганын айтат. Акча чогултуп, той өткөрүү үчүн жок дегенде 1-2 жыл күтө турууну суранган апасын уулу ук- кан жок. Бир нече жолу катуу урушкандан кийин Ырысбүбү акыры 180 000 сом өлчөмүндө насыя алат. Бул акча толугу менен той өткөрүп, калың төлөгөнгө жумшалат. Үй-бүлөнүн туруктуу кирешеси жок, баласы эч жерде иштебейт, ай сайын насыянын үстөк пайызын төлөп туруу кыйын болуп жатты. “Ай сайын 20 күн кадимкидей эле жашайбыз. Насыя төлөргө 10 күн калганда үйдө уруш-талаш башталат. Мен ачууланып, балама кыйкыра баштайм, аны күнөөлөйм. Келиним мунун баарын угат, уруш анын айынан болуп жатат деп түшүнөт. Биздин үйдөгү кырдаал өтө оор, келиним кош бойлуу. Эң негизгиси – үйдөгү маанай курсактагы балага терс таасирин тийгизбесе эле болду”, - деп үшкүрүнөт Ырысбүбү. Насыядан толугу менен кутулуу үчүн бир нече ай калды, бирок Ырысбүбү мындан кийин эч качан насыя албайм деп өзүнө сөз берди.