Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Акмарал МЕРГЕНТАЕВА: «Акча - бул курал. Адам аны кантип колдонсо, ал да ошентип иштейт - же пайда, же зыян алып келет»

2015-08-19 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Акмарал МЕРГЕНТАЕВА: «Акча - бул курал. Адам аны кантип колдонсо, ал да ошентип иштейт - же пайда, же зыян алып келет»

Мен акча биздин турмушубузда кандай роль ойнорун, адамдар экиге бөлүнөрүн - байлар адегенде чогултуп, анан сарптаса, кедейлер адегенде сарптап, андан кийин эч нерсе чогулта албай каларын түшүндүм. Мен эч качан банк системасын түшүнгөн эмесмин, насыя деген эмне, инвестиция деген эмне экенин билбей, насыя алууда кандай тобокелчиликтер болорунан кабарсыз болчум.

Мен акча биздин турмушубузда кандай роль ойнорун, адамдар экиге бөлүнөрүн - байлар адегенде чогултуп, анан сарптаса, кедейлер адегенде сарптап, андан кийин эч нерсе чогулта албай каларын түшүндүм. Мен эч качан банк системасын түшүнгөн эмесмин, насыя деген эмне, инвестиция деген эмне экенин билбей, насыя алууда кандай тобокелчиликтер болорунан кабарсыз болчум. Эми болсо мунун баарын билем деп ишенимдүү айта алам. Мен күн сайын кирешелерге жана чыгашаларга эсеп жүргүзгөндү, акча топтогонду үйрөндүм. Бирок акча «жаздыктын алдында», кыймылсыз жатпаш керек. Алар иштеп туруш үчүн акчаны банкка депозитке салып койсо болот, же акция менен облигацияларды сатып алуу керек. Акчаң сага иштеп туруш үчүн түрдүү ыкмаларды тапса болот. Ирина МАСЛОВА мага «Акча - бул жаманбы?» деп суроо берди. Мен «Акча – бул курал.
 
Адам аны кантип колдонсо, ал ошентип иштейт - же пайда, же зыян алып келет», - деп жооп кайтардым. Ата-энем канчалык кыйналганын эми гана түшүнүп, аларды аяп кеттим – алар бизди бактылуу болсун деп колдон келгенди жасашат. Бирок кээде биз муну түшүнбөй эле мүмкүн болбогонду талап кылабыз, ал эми алар болсо күчүнүн болушунча эмгектенишет. Мен жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 10 күн иштедим жана чоңдорго окшоп иштөө абдан кыйын, бирок кызыктуу болду. Депутат болуп иштеген чакта жергиликтүү кеңеш, мэрия эмне экенин, алар эмне менен алектенерин, кантип иштей турганын түшүнүп, токтомдорду, регламентти жазганды, коомдук угууларды өткөргөндү, шайлоочулар алдында берген убадам үчүн жооп бергенди үйрөндүм. Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин майдачүйдөсүн өздөштүрө алдым. Көптөгөн пикирлерди эсепке алуу өтө кыйын болгонун түшүндүм. Бирок экинчи жагынан бул абдан убайлуу иш, анткени сен адамдарга, өз жамаатыңа жардам бересиң да.