Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу

2015-08-13 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук

Муниципалитеттерди куруу процесси Финансылык агартуучулук боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» Жайкы мектебинин маанилүү милдеттеринин бири окуучуларды финансылык агартуучулук контекстинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун принциптерине иш жүзүндө окутуу болду. Бул эмнени түшүндүрөт? Бул окуучуларды жеке финансыны гана эмес, ошону менен бирге коомдук – шаардын же айылдын бюджетин, жергиликтүү жамааттын бюджетин башкаруунун негиздерине да үйрөтүү керек дегенди билдирет. ӨСИнин ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун ЖӨБ маселелери боюнча консультанты Гуляим ШАМШИДИНОВА Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн жарандары үчүн ЖӨБдүн негиздери боюнча тренинг өткөрдү. Анын алкагында ЖӨБдүн түзүмү тууралуу кыска маалымат берип, мэрия деген эмне экенин, жергиликтүү кеңештин депутаттары ким болгонун айтып берди. Коомдук бюджеттик угуулар тууралуу маалымат мектепте дагы да кеңири чечмеленди (ким өткөрөт, эмне максатта жана кантип өткөрүлөт).

Андан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча саясатты ишке ашырууга даярдык көрүүнүн биринчи этабы башталды. Бул максатта Өлкө жашоочуларына «Шаардык угуулар» деген аталышта практикалык сессия сунушталды. «Шаардык угуулардын» жүрүшүндө өлкө жашоочулары эки муниципалитеттин (эки шаар – пансионаттын эки корпусу) аталышын тандап алышты; өз шаарларынын атрибутикаларын ойлоп табышты (герб, туу, шаардын урааны); шаардын аймагында жашоонун баалуулуктары мүмкүн болушунча кеңири сүрөттөлүп турду. Мисалы, шаардын аймагында тазалыкты кантип жана эмне үчүн кармап туруш керек, эмне үчүн уктаар алдында тынчтыкты сактоо зарыл, салыктарды өз маалында төлөө жана шаардын турмушуна жигердүү катышуу канчалык маанилүү ж.б. Алдыга коюлган тапшырмаларды аткарууга өлкөнүн 106 жашоочусу 10 адамдан турган топторго бөлүнүп, аларга бир саат гана берилди. Балдар тапшырмаларды аткарууга жигердүү киришип, командаларга тез эле бөлүнүп, кызуу талкууларды өткөрүшүп, акыл чабуулу аркылуу шаарлардын бардык сунушталган аталыштарын түстүү маркерлер менен тартып, шаарлардын тууларын жана гербдерин кагаз бетине түшүрүп, кызыктуу ураандарды ойлоп табышты.
 
Ар бир топ өз элесин иштеп чыгып, концепциясын сунуштай алды. Шаармуниципалитеттер үчүн төмөнкүдөй аталыштар сунушталды: Эверфин, Грин Stars City, Фингрин сити, Гринсити; ураандар: «Гринситиде көңүлдүү, кубан, жаша дем-күчтүү», «Биз эркин жана коопсуз шаар үчүнбүз!», «Силер баарыбызды жакшы көрөсүңөр. Достукту баалайсыңар. Бизден кетпейсиңер. Биз менен доссуңар. Конокко келесиңер!», «Биз эркин, ынтымактуу жана бирбиз, андыктан жеңилбейбиз!», «Эмне болору маанилүү эмес, Эвергрин артка чегинбес!», «Биз ар башкабыз, биз теңбиз!». Балдар өз жамааттарынын баалуулуктарын иштеп чыгууга чыгармачыл мамиле жасашты. Бирок негизги баалуулуктар төмөнкүлөрдө болгонуна токтолушту: достукта (өз ара сый мамиле, тил табыша алуу, ак ниеттүүлүк), тазалыкта (булгабоо, тегерек-четти тазалап туруу, тамеки тартпоо), ден соолукта (спорт менен алектенүү, көнүгүү жасоо), коррупцияга каршы турууда жана чынчылдыкта (пара бербөө, уурдабоо,ак ниет болуу), позитивдүүлүктө (күлүп жайнап, оптимисттик маанайда болуу, достукту бекемдөө), жигердүү жарандык позицияда турууда (бардык иш-чараларга жана шаардын турмушуна катышуу). Добуш берүү жолу менен эки корпустун жашоочулары өз муниципалитеттеринин аталышын тандап алышты жана Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө эки шаар пайда болду – Эверфин жана Грин Stars City. Эми бул шаарлардын жашоочулары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын – жергиликтүү кеңештин депутаттарын жана шаар мэрлерин тандап алыш керек болчу.
 
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Парламентинин ЖӨБ маселелери боюнча комитетинин төрайымы жашоочуларды Конституциянын жергиликтүү өз алдынча башкарууга арналган сегизинчи главасы менен тааныштырды жана жергиликтүү кеңештерди жана шаар мэрин шайлоонун жол-жоболоруна кеңири токтолду. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Конституциясына ылайык, шаарлардын жергиликтүү кеңештерине бир мандаттуу система боюнча 3 гана депутат шайлана алат. 12 жашка толгон шаар тургундары шайланууга укуктуу, талапкерлерди саясий партиялар көрсөтсө болот, өз алдынча талапкерлигин көрсөтүүгө да уруксат берилген, шайлоого 8 жашка толгон бардык тургундар катыша алат. БШК төрайымы шаардыктарды жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлерди каттоонун жол-жоболору жана мөөнөттөрү, үгүт жана шайлоо өткөрүү процесси менен тааныштырды.
 
Ж ы й ы н т ы г ы нда, БШК эки шаардын жергиликтүү кеңештеринин депутаттыгына 11 талапкерди каттады: төрт талапкер Эверфин шаарынын кеңешине жана 7 талапкер Грин Stars City шаарынын кеңешине. Шайлоо алдындагы үгүттүн алкагында жалпы залда эки шаардын калкынын жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен жолу-
гушуусу өттү. Ал жолугушууда алардын ар бири өз шаарларын өнүктүрүү долбоорлору, программалары менен тааныштырды. Ал программалар негизинен ТКЧ маселелерин (көчөлөрдү жарыктандыруу, таштанды чыгаруу, жолдорду оңдоо ж.б.) чечүүгө багытталган. Ошондой эле программаларда инвестицияларды жана гранттарды тартуу, жергиликтүү ишкерлер үчүн шарт түзүү, эки муниципалитеттин ортосунда түрдүү маданий жана спорттук конкурстарды жана таймаштарды уюштуруу менен маданиятты жана спортту өнүктүрүү маселелери камтылды. Калктан бир топ суроолор жана сунуштар түштү – басымдуу бөлүгү шаарлардын аймагында шарттарды жана ыңгайлуулукту түзүп берүүнү өтүнүштү. Ошол эле күнү шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында эки шаардык кеңеш үчүн 6 депутат шайланды. Грин Stars City шаарында жергиликтүү шайлоого 47 шайлоочу катышты, бул болсо шаардын катталган тургунда рынын жалпы санынан 66% түзөт. 7 талапкердин ичинен эң көп добушту Бектур МЕДЕТОВ (23 добуш), Мээримай КАНЫБЕКОВА (17 добуш), Акмарал МЕРГЕНОВА (15 добуш) алышты. Эверфин шаарында шайлоого 57 шайлоочу катышып, бул болсо катталган жарандардын санынан 78% түздү.
 
Мында эң көп добушту Асыл ЭРМАТОВ (23 добуш), Аалы САТЫБЕКОВ (23 добуш), Диана МАМЫТОВА (15 добуш) алышты.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши Муниципалитеттердин иши салтанаттуу иш-чара менен башталды. Анын жүрүшүндө Парламенттин төрагасы эки шаардын жергиликтүү кеңешинин депутаттарына мандат тапшырды. Кеңештердин алгачкы сессияларында добуш берүү жолу менен төрагалар шайланды – Эверфин шаарында Аалы САТЫБЕКОВ, Грин Stars City шаарында Акмарал МЕРГЕНОВА болду; социалдык маселелер, бюджет жана финансы, билим берүү, маданият жана спорт боюнча туруктуу комиссиялар түзүлдү. Депутаттар жергиликтүү кеңештердин регламенттерин иштеп чыгып, бекитишти, мэрлердин кызмат ордуна конкурс өткөрүлдү. Мэрлердин кызмат орундарына каалоочулардын саны көп болду – эки орунга 5тен талапкер ат салышты. Маектешүү жолу менен Эверфин шаарында Эля КЕРИМБЕК кызы, Грин Stars City шаарында Айжамал ТУРАТОВА мэр болуп шайланды.
 
Коомдук угууларда эки шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мэриянын жана кеңештин депутаттарынын атынан жашоочуларды ЖӨБдүн түзүмү, ЖӨБ органдарынын курамы менен тааныштырып, суроолорго жооп беришти. Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана эки шаардын мэриясынын биргелешкен аракеттери менен биринчи кезекте ЖӨБ органдарынын иш планы түзүлдү, жергиликтүү бюджеттердин долбоорлору иштелип чыкты. Айталы, Эверфин шаарында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү план боюнча 20 000 гринди, чыгаша бөлүгү 11 500 гринди түздү. Грин Stars City шаарында киреше бөлүк 30 480 гринди, чыгаша бөлүк 24 400 гринди түздү. Бюджеттердин долбоорлору «Эверфин ш. соңку жаңылыктары» жана «Грин Stars City шаарынын эң эле сонун кабарлары» маалымат такталарына илинди. Эки муниципалитеттин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Өлкө Парламенти менен биргелешкен жыйыны эсте каларлык иш-чара болуп калды. Жыйындын жүрүшүндө муниципалитеттерге мамлекеттик бюджеттен дем берүүчү гранттарды бөлүү маселеси талкууланды. Узакка созулган талкуулардан кийин Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Парламенти ЖӨБ органдарынын айтканына көнүп, эки шаардын бюджеттерине талап кылынган грантты бөлүү тууралуу чечим кабыл алды.
 
Андан соң эки шаардын ЖӨБ органдарынын биргелешкен жумушчу жолугушуусу өтүп, анда түрдүү иш-чараларды ишке ашыруу боюнча биргелешкен маселелер талкууланды: бардык жашоочулардын бөлмөлөрүнө сүлгү таратып берүү жана ачкычтардын берилишине көзөмөлдү күчөтүү; жумушсуздук көйгөйүн чечүү, жумушсуздарды иш жана жөлөк пул менен камсыздоо; жолдордун ремонтун жүзөгө ашыруу (туш тарапка кеткен жолдорду тосуу); муниципалитеттерди мыкты көрктөндүрүүгө жана таза бөлөмөлөргө кабат-кабаттар ортосунда сынак уюштуруу. Жоопкерчиликти бөлүштүрүп, ар бир иш-чара боюнча бюджетти түзүп чыккан соң тапшырмаларды ишке ашырууга киришишти. Бул үчүн эки шаардын мэрлери муниципалитеттердин банк эсептеринен зарыл болгон сумманы чыгарып алышты. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө өз ордун табуу муниципалитеттер үчүн оңой эмес тапшырма болду. Балдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу түшүнүгү жок болчу, бирок алар бат эле өздөрү үчүн ЖӨБ органдарынын чыныгы ыйгарым укуктарына окшош болгон жергиликтүү маанидеги маселелерди аныктай алышты. Алар бул маселени ийгиликтүү чече алышты.
 
Муниципалитеттер өз жарандары үчүн эмнелерди жасай алышты? Шаарлардын мэрлери тазалык үчүн күрөштү … Сөз Эверфин шаарынын мэри Эля КЕРИМБЕК кызында: «Тазалык апталыгынын алкагында мэрия эң таза жана эң кир батирге сынак жарыялады. Бул сынак жарандарды өз бөлмөлөрүндөгү тартипке жана тазалыкка көз салып туруусу үчүн уюштурулду. Биз бөлмөлөрдүн абалын баалоо боюнча комиссия түздүк. Ага Алия МАХАЕВА (сенатор), Аалы САТЫБЕКОВ (кеңеш төрагасы), Сухроб ЭРГЕШОВ (сенатор), Гузель ДЖАНАЛИЕВА (сенатор) жана Эля КЕРИМБЕК кызы (шаар мэри) кирди. Уктаар алдында биздин комиссия бардык бөлмөлөрдү кыдырып чыгып, канчалык таза жана жайлуу болгонун, санитардык абалын бирден бешке чейинки шкала менен баалады. Көпчүлүк жашоочулар мындай текшерүүнү күткөн эмес, бирок демилгебизге түз карашты. Текшерилген 23 бөлмөнүн ичинен үчөө эң кир болуп чыкты.
 
Дагы ушунча бөлмө кир же анча-мынча таза эле, экөө таза деп табылса, Тынай АБДУВАЛИЕВ жана Бекбарс УЛАНБЕК уулу жашаган 2208-бөлмө эң таза деп табылды».Сөз Грин Stars City шаарынын жергиликтүү кеңешинин төрайымы Акмарал МЕРГЕНТАЕВАда: «Биздин шаарда да «Тазалык – бул саламаттыктын кепилдиги» деген ураан алдында ушул өңдүү сынак өткөрүлдү. Комиссияга Нургуль НУРАЛИЕВА (сенатор), Алия МАХАЕВА (сенатор), Акмарал МЕРГЕНТАЕВА (кеңештин төрайымы) жана Айжамал ТУРАТОВА (шаар мэри) кирди. Жашоочулар текшерүүчүлөрдү бөлмөлөрүнө эч тоскоолдуксуз киргизишти жана алардын баасын түшүнүү менен кабыл алышты. Бирок баары эле мыкты деп таанылгысы келип турду. Жалпы статистика көрсөткөндөй, текшерилген 19 бөлмөнүн ичинен эң кир деп эки бөлмө, көп деле таза эмес деп үч, дээрлик таза деп беш, таза деп төрт бөлмө табылды. Эң таза бөлмө деп Данила ДУДНИК жана Дима АДАМЮСУПОВ жашаган 1204-бөлмө табылды».
 
… ден соолук үчүн күрөштү ... Эверфин жана Грин Stars City шаарларынын мэриялары жарандардын саламаттык сактоо көйгөйлөрүн чечүү демилгеси менен чыгышты. Айрым жарандар маал-маалы менен өздөрүн начар сезсе да, бул тууралуу эч кимге ооз ачышкан эмес. Ошондуктан мэрия ар бир жашоочунун маанайын жана ден соолугун баалоо боюнча тегерекчеси бар таблица түрүндө саламаттыктын атайын шкаласын иштеп чыгышты. Ар бир батирдин (бөлмөнүн) каалгасына саламаттыктын жеке графиги илинди. Шаар жашоочулары күн сайын эртең менен жана кечинде өз абалдарын беш баллдык шкала менен баалашты. Бул болсо дарыгерлерге жарандардын ден соолугуна көз салып турууга жардам берди. Коомдук жайларда «Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана Эверфин менен Грин Stars City шаарларынын мэрияларынын атынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз калкына кам көрөт. Буга байланыштуу Сизден батириңиздин каалгасында илинген таблицаны толтуруп турууңузду өтүнөбүз. Ал таблица Сиздин ден соолугуңуз жана абалыңыз тууралуу бизге маалымат берип турат» деген жазуулар бар калкка кайрылуулар илинип чыкты. Бул иш-чара сынак форматында өткөрүлүп, өз ден соолугуна кам көргөн ак ниет жарандарды аныктоого жардам берди. Дээрлик бардык жашоочулар өз таблицаларын толтуруп жатты. Бирок эң негизгиси дарыгер өзүн начар сезген жарандар тууралуу маалыматка ээ болуп, аларга өз убагында жардам көрсөтө алды.
 
… жана тартипке көзөмөл жүргүздү Батирлердин ачкычтарын берүү үчүн көзөмөлдү күчөтүү Шаардагы кызматчы аялдары жарандардын бөлмөнүн номери жазылган паспортторун текшербестен, ачкыч бере бергени көйгөйгө айланды. Мындай шалаакы мамиле бөлмөлөрдүн ачкычтары бөтөндөрдүн колуна тийип калганга жеткирди. Шаар мэри кызматчы аялдар менен сүйлөшүп, ар бир жашоочуга паспортун көрсөткөндө гана ачкыч берүүгө көндүрдү. Ошондой эле шаар жашоочулары тартипти сактап, өздөрү да ачкычка жопокерчиликтүү мамиле жасоо зарылдыгы тууралуу буйрукту бекитти. Жолдорду оңдоо Шаардын жашоочулары жолдун тосмолонбогон участогунда өздөрү эле жол ачып алышкан. Өзгөчө кечинде ошол жол менен өткөндө чалынгандар көп болуп жатты. Эки шаардын жашоочулары бутактарды сындырып, быша элек өрүк жеп, ооруп калуу коркунучу пайда болду. Мэрия эки жумушсузду ишке алып, алар жолду эки жагынан таштар менен тосуп чыгышты. Ал эми өрүктүн бутактарына быша эле жемиш ден соолук үчүн канчалык кооптуу болгонун эскерткен баракчалар илинди. Мына ошентип жарандардын коопсуздугу гана камсыздалбастан, ошону менен бирге жумушсуздук маселеси да чечилди».
 
Бюджет боюнча коомдук угуулар Онунчу күнү 50 жашоочунун катышуусу менен бюджет боюнча коомдук угуулар өтүп, анда эки шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары бюджеттин аткарылышы жана аткарылган иштер тууралуу калкка отчет беришти. Жарандардан чечилбей жаткан социалдык көйгөйлөргө байланыштуу суроолор узатылып, сын пикирлер болду: жумушсуздар жана тамактануу үчүн акча төлөө мүмкүнчүлүгү болбогон Өлкөнүн социалдык жактан аярлуу жарандары дагы эле бар болчу; үтүктүн жоктугу маселеси көтөрүлдү; улуулардын тамеки чегүү маселеси козголду. Жашоочулар бул көйгөйлөр чечилет деген үмүтүн билдирсе, шаар мэрлери жана жергиликтүү кеңеш депутаттары өз кезегинде калкка чукул арада бул маселелерди чечүүгө убада беришти. Сенатор Сухробжон ЭРГАШОВдун баамында, эки муниципалитеттин коомдук угуулары парламентитк угууларга караганда бир кыйла жогорку деңгээлде өттү. Эки шаардын ЖӨБ органдары кандай иштегени, коомдук угууларга канчалык жопокерчиликтүү даярданганы айтылып, бюджетин эсептеп чыгып, чогулуштардын протоколдорун көрсөтүштү, жасалган иштерди жазуу жүзүндө баяндап беришти.
 
Эмесе, 6 күндүн ичинде балдар муниципалитеттердин коомдук акчасын башкарганды гана үйрөнбөстөн, ошону менен бирге жашоочулардын социалдык көйгөйлөрүн ыкчам чечүү керек, бирок акча жок; мамлекеттик аткаминерлер жана саясатчылар тарабынан түшүнүү болбогондо; жергиликтүү жамааттын күнүмдүк көйгөйлөрүн кайра-кайра чечүү керек учурда муниципалдык кызматчылардын жоопкерчилик жүгүн сезе алышты. Айжамал ТУРАТОВА, шаар мэри (17 жашта, Ош ш.): «Башында мен өзүмдүн мэр катары милдеттериме оюн катары мамиле жасап жүрдүм. Мурда такыр саясатка кызыкчу эмесмин, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун түзүлүшү тууралуу түшүнүгүм да жок болчу жана сырттан байкоо салганда чакан жамаатты башкаруудан оңой иш жоктой сезилчү. Бирок шаар мэри болуп калгандан кийин чоң жоопкерчиликти сезип, атүгүл коркуп да турдум. Муну иш менен гана жеңүү мүмкүн эле. Жигердүү иштей баштадым, ар бир адамга өзүнчө мамиле жасап, психолог болгонду үйрөндүм, мамиле курганды өздөштүрдүм. Кээде көйгөйлөрдү чечүү өтө оор болчу. Мисалы, кызматчы аялдар менен макулдашкандан кийин да алар мени укпай жатышты, же жолду тосмолоп жатканда көптөр иштегенден баш тартышты.
 
Бирок мен башкарганды, жалпы кызыкчылыктар менен ой жүгүрткөндү, чечим кабыл алганды жана адамдар алдында сүйлөгөндү үйрөндүм. Бул тажрыйба мага саясатка барбасам да, бизнестеги келечегиме жардам берет деп ойлойм». Эля КЕРИМБЕК кызы, шаар мэри (15 жашта, Бишкек ш.): «Жергиликтүү өз алдынча башкарууда иштеп жатып, мен жамаат мүчөлөрүнүн жана жарандардын пикирин изилдөө жана аларды эске алуу маанилүү экендигин түшүндүм. Бирок бул абдан татаал жумуш экен, өзгөчө жергиликтүү бюджетте акча каражаты тартыш болгон учурда. Үйгө кайтып барганда, мектеп бюджети боюнча коомдук угуу уюштурууну жана ЖӨБдү мектепке жайылтууну сунуштоону пландаштыруудамын. Ошондой эле шаар мэри менен жолугуп, шаарда кандай көйгөйлөр бар экендиги жана аларды кантип чечсе боло тургандыгы жана мен кандай салым кошо ала тургандыгым тууралуу талкууламакчымын».