Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Түзүлүш жана саясий турмуш

2015-08-11 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Түзүлүш жана саясий турмуш

Финансы системасы Лагерге көчүп келген күнү уюштуруучулар жайкы мектеп ачылганы тууралуу жарыя жасагандан кийин эле калкка зарыл кызмат көрсөтүүлөрдү берүү максатында ачылган мамлекеттик мекемелерде иштөө үчүн банк кызматчыларынын, юристтердин, экономисттердин кызмат орундарына талапкерлердин маектешүүсү өттү. Биринчи болуп чыныгы электрондук системасы бар Улуттук банк түзүлдү. Банкка сынак менен Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн түрдүү жарандарынын финансылык керектөөлөрүн тейлөө үчүн ар кандай тилди билген төрт бала өттү. Банк ачылган учурдан баштап ар бир жаранга өзүнүн банк эсеби аркылуу накталай жана нак эмес эсептерди жүргүзүү мүмкүнчүлүгү берилди. Бардык жашоочуларга өлкөнүн башкы банкы 6000 грин көлөмүндө баштапкы акчаны берди. Муну менен бирге жашоочулардын көбү аз гана акчаны нак алып, накталай эмес жол менен финансы операцияларын жүргүзүү үчүн негизги бөлүгүн эсебинде калтырышты. Мындан тышкары бардык жашоочуларга акча каражаттарын депозитке салып, киреше алып туруу мүмкүнчүлүгү берилди.

Банк аркылуу салыктар төлөнүп, эмгек акы которулуп, катышуучулар ортосунда эсептер жүзөгө ашып турду. Элиста ш. (Калмыкия) келген эксперт Аркадий МУНИЕВ банктын программалык камсыздоосун ишке ашырып, анын ишин жетектеп турду. Массалык маалымат каражаттары Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндөгү маалымат мейкиндигин толтуруу үчүн «төртүнчү бийлик» – телевидение, гезит, радио жана социалдык түйүндөрдү кошкондо массалык маалымат каражаттары жигердүү иштеп турду. Секторду жогорку класстагы кесипкөйлөр жетектеди – Илья СИВОХИНдин жетекчилиги алдындагы «Стан-ТВ» каналынын техникалык адистери, операторлору жана үн режиссерлору. Жаңылыктарды жана берүүлөрдү алып баруучунун, журналисттердин,кабарчылардын, операторлордун, үн режиссерлордун ролуна кастинг жарыяланды. Журналистикага чындап умтулган 15 бала тандалып алынып, алар 12 күн бою кесипкөй деңгээлде журналисттик иликтөөлөрдү жүргүзүп, берүүлөрдү тартып, соңку жаңылыктар менен кабардар кылып турушту. Күн сайын кечинде жаңылыктарды көрүү үчүн Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн бардык тургундары экрандын алдында чогулуп жатышты.

 
Чыгармачыл мамиле жасап, балдар жаңылыктарда жаңы сүрөт-блог ачышып, анда бардык каалоочулар эң мыкты сүрөт үчүн уюштурулган сынактын алкагында Өлкө турмушунан алынган кызыктуу сүрөттөрдү жайгаштыра алышты. Жылдык басылманын - «Өлкө жарчысы» деп аталган гезиттин чыгарылышы да маанилүү окуя болуп калды. Бул гезитте өткөн жылдын чуулгандуу жаңылыктары басылып, журналисттик иликтөөнүн негизинде макалалар, аналитикалык иштер, Өлкө жарандарынын турмушу жайгаштырылды. Эртең мененден баштап түнгө чейин «Грин Фин FM» радиосу иштеп турду.Аталган радио калкка жаңылыктарды өз маалында жеткирип, белгилүү адамдар менен эксклюзивдүү маектерди берип турду. 12 жыл ичинде дайыма окуялардын чордонунда жүргөн журналист балдар массалык коммуникациялар чөйрөсүндө квалификациялуу адис боло алышты.
 
Көп түрдүүлүк Кыргызстандагы көп түрдүүлүк жана көп тилдүүлүк баалуулуктарын колдоо максатында Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө бир топ окутуучу программалар жана маданий ишчаралар өткөрүлдү: кыргыз, англис, кытай тилдер курсу; кыргыз жана өзбек авторлорунун спектаклдери; романтикалуу поэзия кечеси өтүп, анда түрдүү тилдерде ырлар окулду; кечки концерттерде көп улуттардын ырлары жаңырып, бийлер болду.
 
Саясат Мамлекетти башкаруу формасын тандап алуу алгачкы кадам болуп калды. Кызуу талкуулардан кийин жашоочулар президентсиз парламенттик башкаруу формасын тандап алышты. Биринчи эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) түзүлүп, анын төрайымы болуп, 9-класстын окуучусу КЕРИМБЕК кызы Эля шайланды. Өз командасы менен Эл кыска убакыт ичинде парламенттик шайлоо процессин так жана жогорку деңгээлде уюштура алды. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн бир нече лидерлери төрт саясий партияны түзүп, алар өз партияларын таанытуу үчүн түрдүү формаларды колдонуу менен шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө кызуу киришти: плакаттарды жана үгүт стикерлерин батирлердин эшиктерине (пансионаттардагы бөлмөлөр) жана коомдук жайларга илип чыгышты; мамлекеттин ар бир жараны менен жекече иш алып барып, өз партиясын колдоп коюуга үндөштү. Бул үчүн алар эсте калчу билерик жана азык-түлүктөрдү – минералдык суу, токоч, таттуу өңдүү ар кандай белектерди берип жатышты (балдар улуулардын шайлоочуларды сатып алуудан тартынбаган үгүт маалындагы жүрүм-турумун туурап жатканы көз көрүнө байкалып турду).
 
Шайлоо алдындагы жарыштын жыйынтыгында партия лидерлеринин ортосунда саясий дебаттар өттү. Кармаш кызуу жүрдү – айрым лидерлер Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн жарандарына бекер таттуу ичимдик, пенсионерлерге жеңилдиктер, көңүл ачуучу иш-чараларды өткөрүү өңдүү «бейишти» убада кылды. Ал арада жашоочулар эки чоң лагерге бөлүнүп калышты: аткарылгыс убадаларга ишенбей жана нааразы болгондор жана баары бир заматта аткарылса экен деп каалап, саясатчылардын сөзүнө ишенгендер. БШК шайлоо күнүн дайындап, добуш берүү үчүн үкөктөрү бар шайлоо участокторун даярдады. Шайлоого Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн 100% жашоочусу катышты. Баарын жана бир заматта убада кылган Жаштардын өнүгүү партиясы жеңишке жетти. Парламенттеги азчылыкка добуш берүүдө 2-3-орундарды ээлеген дагы эки партиянын өкүлдөрү киришти.
 
Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн мындан кийинки өнүгүүсү Парламенттин чечимдринен көз каранды болчу. Парламент өз ишин Конституцияны иштеп чыгуудан баштады. Баш мыйзамга негизги бөлүмдөрдөн тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө бөлүм да кирди. Ошентип Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Конституциясы жергиликтүү жамааттарга (эки шаарга – пансионаттын эки корпусуна) жергиликтүү кеңештер жана башкаруунун аткаруучу органдары – мэрия аркылуу жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыгында жана жоопкерчилиги алдында чечүү укугун жана чыныгы мүмкүнчүлүгүн кепилдеди. Парламенттин алгачкы жыйынында төрага болуп Дастан ДУНГАНОВ (Токтогул районунун Кара-Жыгач айылы) тандалды; депутаттар комитеттерге, анын ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча комитетке бөлүнүштү.
 
Өкмөттүн ишин уюштуруу үчүн конкурстун негизинде министрлердин кызматына талапкерлер тандалып, мамлекеттин бюджетин иштеп чыгышты.Ошентип өлкөнүн саясий системасы да түзүлдү:Конституция жана Кодекстер кабыл алынып, прокурор, сот, акыйкатчы, адвокат ишке алынды жана Парламенттин төрагасы аларга расмий түрдө мандат тапшырды.Парламенттин жана өкмөттүн мамлекеттикбюджетти толуктоо максатында өткөрүлгөн алгачкы эле биргелешкен жыйынында турак жай үчүн күнүнө 350 грин өлчөмүндө ижара акысы белгиленди. Бул болсо Өлкө калкынын жарымында чоң нааразычылыкты жаратты. Жеке ишкерлерден салыктарды жана киреше салыгын эмгек акыдан 5% өлчөмүндө республикалык бюджетке калтырып коюу тууралуу чечим кабыл алынды. Бул чечимдер менен парламент жана өкмөт эки шаардын жергиликтүү бюджеттерин бош калтырып коюшту. Бул болсо соңунда алардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасирин тийгизди.
 
Сот бийлиги Ар бир демократиялык мамлекеттегидей эле Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө да бийликтин сот бутагы түзүлдү. Конкурстун негизинде ишке прокурор, сот жана адвокаттар алынды. Парламенттин Коопсуздук боюнча комитети коопсуздук министри менен биргеликте Тартип бузуулар жөнүндө Кодексти иштеп чыгышты. Кийинчирээк эки чуулгандуу сот процесси өттү. Биринчи процесс Грин Stars City шаарынын жашоочусунан түшкөн арыздын негизинде өттү. Бул доо арыз менен жашоочу Грин Stars City шаарынын жергиликтүү кеңешинин депутаттарынын эртең мененки көнүгүүлөрдү өткөрүү тууралуу чечимин жокко чыгарууга аракет жасады. Арыз ээси өтө эрте турууга мажбур болгонуна, уйкусу канбай жатканына даттанып, моралдык зыян үчүн 700 грин суммасында компенсация талап кылды. Көпчүлүк жашоочулар күбө катары арыз ээсин колдоп кеткендиктен, сот жарандын пайдасына чечим чыгарып, Грин Stars City мэриясын тийиштүү сумманы төлөп берүүгө милдеттендирди. Ошону менен мэрия маанилүү чечимдерди кабыл алуудан мурун коомчулук менен кеңири консультацияларды, анын ичинде коомдук угууларды өткөрүү керек экендигин толугу менен түшүндү.
 
Жарандардан зайым алып, ошонун эсебинен ресторандарды сатып алган ишкерге алданган жашоочулардын арыздары экинчи сот процесси үчүн негиз болду. Прокурор күнөөлүүнү алты кишиден ири көлөмдөгү насыя алып, аны төлөбөй койду деп айыптады. Соттук териштирүүлөрдөн соң жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн кийин сот ишкерди жабырлануучуларга насыянын толук суммасын төлөп берүүгө милдеттендирди. Жарандардын катышуусу Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүн да коомдук нааразылык кыйгап өткөн жок – Өлкө жашоочулары саясатта, экономикада жана социалдык чөйрөдө пайда болгон көйгөйлөргө нааразылыгын билдире башташты. Парламент жана Өкмөт берген убадаларын аткарган жок, ошондуктан коомчулуктун дээрлик түрдүү катмарлары нааразылыгын билдирип жатышты. Алардын арасында арзыбаган стипендияны да алалбай келаткан студенттер; пенсиясын өз убагында алалбаган пенсионерлер болду. Кийинки митингди күн сайын 350 грин өлчөмүндө турак жай үчүн ижара акысын төлөөгө каршы чыккандар өткөрдү. Алар салыктын суммасын азайтууну талап кылышты.
 
Митинг жыйынтык берди: өкмөт ижара акысын күнүнө 300 гринге чейин азайтты. Бирок академиялык драма театрынын актерлорунун нааразылыгы эң чуулгандуу жана көркөм катары эсте калды. Алар театралдык костюмдарды кийип алып, колдоруна ураандар жазылган плакаттарды көтөрүп, бийлеп, ач кыйкырык салып, борбордук аянтта чоң шоу өткөрүштү.Актерлор парламент депутаттарынан театр үчүн жай бөлүп берүү тууралуу убадасын аткарууну талап кылышты. Талап ошол замат аткарылып, театр үчүн жай бөлүнүп берилди. ЖӨБ органдары да Парламенттин жана Өкмөттүн чечимдерине нааразы болушуп, салыктан түшкөн акчанын бир бөлүгүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өткөрүп берүү аракетин көрүштү. Анткен менен бул аракеттерден майнап чыккан жок, ар бир муниципалитетке 14 000 грин өлчөмүндө грант бөлүнүп берилсе да, бюджеттер өз ара салыктан түшкөн каражаттарды бөлүшө албады. Бул акча эки шаардын актуалдуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча программаларды ишке ашырууга жеткен жок. Акыр аягында Парламент менен Өкмөттүн натыйжасыз чечимдери бардык экономиканын жана бизнес-чөйрөнүн урай башташына, соода түйүндөрүнүн жана чакан бизнестин жабылышына алып келди.
 
Бизнес туш болгон кырдаалдан улам ишкерлер азык-түлүккө бааны көтөрүүгө мажбур болду – насыялар көтөрө алгыс эле, ал эми кардарлар – Өлкө жашоочулары бизнестин өнүгүүсүнө бут тосуп, бири-бирине тамактанууга талонду алышып-беришип турду.Кризис башталып, Парламент менен Өкмөт ичинде кырдаал чыңалды. Өз ара айыптоолор башталып, министрлердин алгачкы отставкалары орун алды. Жайкы лагердин жабыларына эки күн калганда парламенттик угууларда саясатчылар узатылган суроолорго жүйөлүү жооп кайтара алышкан жок, жоопторду адаштырып жатышты, бири-бирин айыптоого өтүштү. Өкмөт театрга 50 000 грин бөлүп берип, ошол эле кезде студенттерди, мамкызматчыларды жана эки муниципалитетти маянасыз калтыруу менен Өлкө бюджетин бөлүштүрүүдө өз компетентсиздигин көрсөттү. Бирок бардык каталарды оңдоого убакыт калган жок. Өз убадаларын аткаруу, аларга бийликти ишенип берген тараптардын астында жоопкерчиликтүү болуу, калктын муктаждыгын изилдөө, АР ДАЙЫМ ЖЕТИШПЕГЕН бюджеттик акчаларды туура артыкчылыкта бөлүштүрүү кандай маанилүү экендигин саясатчылар абдан кеч түшүнүштү. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн жашоочулары өз кезегинде баарын жана бир заматта жасоону убада кылган саясатчыларга ишенбеш керектигин баамдашты.