Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мира ЖАКШЫЛЫКОВА: «Насыя алардын алдында катуу ойлонуп көрөм»

2015-08-18 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Мира ЖАКШЫЛЫКОВА: «Насыя алардын алдында катуу ойлонуп көрөм»

Башында, Жайкы мектепке жаңы эле келгенде баарын билем деп ойлогом. Бирок чынында биздин өлкөнүн финансы тууралуу эч нерсе билбеген калкынын 90% катарында экенмин.

Башында, Жайкы мектепке жаңы эле келгенде баарын билем деп ойлогом. Бирок чынында биздин өлкөнүн финансы тууралуу эч нерсе билбеген калкынын 90% катарында экенмин. Финансылык агартуучулук боюнча кызыктуу жана кесипкөй курстардын жардамы менен инвестиция, насыя, камсыздандыруу тууралуу көп маалыматка ээ болдум.Акчанын пайда болуу таржымалы жана жеке каражатты башкаруу пирамидасы өтө кызыктуу болду. Келечекте эгерде кайсы бир компанияга инвестиция салсам, инфляция болуп кетиши мүмкүн экенин билгенден кийин эми терең ойлонуп иш кылам. Эми өтө зарылчылык болмоюнча насыя албаганга аракет жасайм.
 
Алсам дагы аны «жумшак» шарттар менен, бардык варианттарды ойлонушту-руп көрүп алам. Эгерде мени окууга чейин жана окуудан кийин салыштырып көрсөк, анда эки ар башка адамды байкоого болот. Атүгүл чөнтөктөгү майда акчаны да акыл калчап сарпташ керек. Мен мурда буга көп деле көңүл бурчу эмесмин жана чөнтөктө шыгырап жүргөн тыйынды оңго-солго чачар элем.Эми болсо өз чыгашаларымды жана кирешелеримди жазып, акча топтой баштадым. Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу тууралуу көп кызыктуу маалыматтарга ээ болдум: бийликти бөлүштүрүү, кызматтар, финансы тууралуу. Үйгө баргандан кийин мектепте ЖӨБ тууралуу айтып берем, жергиликтүү өз алдынча башкарууга жана жергиликтүү жамаатка байланышкан долбоорду ойлоп табам.