Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Билим берүү, маданият, спорт жана бош убакыт

2015-08-18 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук

Билим берүү Жайкы мектептин маанилүү компоненти Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Билим берүү академиясы жана Финансылык агартуучулук институту болуп калды. Ректордун жана проректордун бош турган кызмат орундарына талапкерлер көп болду. Ошондуктан тандалып алынгандар эң прогрессивдүү жана креативдүү башкаруучу команда болуп калды. Баары ар бир курсту тааныштыруудан башталды: маалымат такталары, сүрөттөр, колго жасалган буюмдар, плакаттардагы жаңы идеялар балдар алардан эмнени үйрөнө аларын көрсөтүп турду. Балдардан түзүлгөн Билим берүү академиясы квиллинг1, сүрөт тартуу, бий жана актерлук өнөр ж.б. боюнча окутуучуларды тааныштырды. Финансылык агартуучулук институтунда балдар акча каражаттарын колдонуу маданиятына үйрөнүштү; финансы жагынан сабаттуу адам болуш үчүн жеке акчаны кантип туура сарпташ керек, канткенде финансы жактан көз карандысыз игйиликтүү адам болуш керек дегенди өздөштүрүштү. Финансылык агартуучулук институтунун ийгилигине педагогдор Ирина МАСЛОВА, Нургуль НУРАЛИЕВА, Луиза АСАКЕЕВА жана Сухробжон ЭРГАШЕВ себепчи болушту. Алар күн сайын 57 студентти окутуп турушту. Институттун алкагында «Финансылык көз карандысыздыкка ачкыч» аттуу окуу китеби апробацияланды.

Билим берүү  Жайкы мектептин маанилүү компоненти Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Билим берүү академиясы жана Финансылык агартуучулук институту болуп калды. Ректордун жана проректордун бош турган кызмат орундарына талапкерлер көп болду. Ошондуктан тандалып алынгандар эң прогрессивдүү жана креативдүү башкаруучу команда болуп калды. Баары ар бир курсту тааныштыруудан башталды: маалымат такталары, сүрөттөр, колго жасалган буюмдар, плакаттардагы жаңы идеялар балдар алардан эмнени үйрөнө аларын көрсөтүп турду. Балдардан түзүлгөн Билим берүү академиясы квиллинг1, сүрөт тартуу, бий жана актерлук өнөр ж.б. боюнча окутуучуларды тааныштырды. Финансылык агартуучулук институтунда балдар акча каражаттарын колдонуу маданиятына үйрөнүштү; финансы жагынан сабаттуу адам болуш үчүн жеке акчаны кантип туура сарпташ керек, канткенде финансы жактан көз карандысыз игйиликтүү адам болуш керек дегенди өздөштүрүштү. Финансылык агартуучулук институтунун ийгилигине педагогдор Ирина МАСЛОВА, Нургуль НУРАЛИЕВА, Луиза АСАКЕЕВА жана Сухробжон ЭРГАШЕВ себепчи болушту. Алар күн сайын 57 студентти окутуп турушту. Институттун алкагында «Финансылык көз карандысыздыкка ачкыч» аттуу окуу китеби апробацияланды.
 
Ал өзүнө төм. темаларды камтыган: «Жеке акчаны башкаруу пирамидасы», «Акчага карата мамиленин үч тиби», «Инвестициялоо жана анын аспаптары», «Насыя», «Долбоор жана долбоордук ишмердик», «Мектептеги коомдук бюджеттик угуулар». Апробация педагогдордун изилдөө жана аналитикалык иштери менен коштолду. Бул үчүн окуу китебине тиешелүү суроолор, эскертүүлөр, сунуштар жана сунуштоолор боюнча курстун катышуучуларынын ичинен 5 кишиден турган эксперттик комиссиянын эки жыйыны өткөрүлдү. Окуу китебин баалоо боюнча угуучулар арасында социологиялык сурамжылоолор уюштурулуп, өткөрүлдү. Сурамжылоонун негизинде толуктоолорду киргизүү үчүн сунуштар жана сунуштоолор түзүлдү. Студенттер арасында финансылык сабаттуулук боюнча эки темада дил баян сынагы уюштурулду. Ал темалар: 1) финансылык сабаттуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча билим алгандан кийин менде эмне өзгөрдү; 2) финансылык сабаттуулук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча алынган билимди өз жамаатымда кантип жайылта алам. Баары болуп 41 дил баян жазылды. Тандап алуунун жыйынтыгы боюнча 18 дил баян мыкты деп табылды.
 
Жамааттарда финансылык агартуучулукту уланта берүү боюнча 7 долбоор иштелип чыкты, анын алкагында балдар өз мектептеринде жана балдар үйлөрүндө финансылык агартуучулук боюнча тренингдерди, мектеп бюджети боюнча мектептерде коомдук угууларды өткөрүүнү пландаштырып жатышат. Сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана жеке финансыны башкаруу тууралуу китептер менен салтанаттуу түрдө сыйланды. Билим берүү академиясында Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн айрым улуу жана жаш жашоочулары компьютердик сабаттуулук боюнча курсту (Айтурган КОЧКОНБАЕВА), «Интернет жана биз» курстарын (Василий ВОРОБЬЕВ), бизнес-пландаштыруунун негиздери боюнча курсту (Нургуль НУРАЛИЕВА), актерлук өнөр (Уланмырза КАРЫПБАЕВ), колдонмо өнөр (Маргарита БАЙТИКОВА), квиллинг (Дениза СЕКАЛИЕВА), элдик бий (Саида КУРМАНБАЕВА), математика курстары (Зырапакан КОЖОЕВА) жана фокус искусствосу (Талгарбек ЗАМИРБЕКОВ) боюнча курстар уюштурулду.
 
Маданият Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндө маданияттын негизги флагманы КР маданиятынын жаш отличниги Уланмырза КАРЫПБАЕВдин жетекчилиги алдында Академиялык драма театр болуп калды. Кастинг өтүп, театрдын труппасына таланттуу актерлор тандалып алынды. 10 күндүн ичинде 14 актердун жардамы менен белгилүү өзбек автору Саид Ахмаддын пьесасы боюнча көңүлдүү спектакль коюлду. Ошону менен бирге каармандардын диалогу түрдүү тилдерде жаңырды. Ал эми бетке коюлган грим, жаш таланттуу актерлордун өнөрү көрүүчүлөрдү ушунчалык күлдүргөндүктөн, спектакль күлкү майрамына айланып, бардык катышуучулардын маанайын көтөрдү. Театр режиссерунун айтымында, бет ачардын ийгилигин балдардын кызыгуусу жана даярдык көрүп, мыкты аткара алган актерлор камсыздады.Мындан тышкары АДТнын режиссерунун жетекчилиги алдында студенттик театр ачылып, ага академиялык театрга кастингден өтпөй калган 18 актер кирди. Студенттик театр «Жан дүйнөнүн кылдары» деген аталышта театралдык кече уюштурду. Анын программасына дүйнөлүк драматургиядан үзүндүлөр кирди. Алар Ч.АЙТМАТОВдун «Саманчынын жолу», А.ОСТРОВСКИЙдин «Чагылгандуу жаан» жана «Курманжан Датка».Маданий иш-чаранын соңунда «Алтын тобурчак» кинофестивалы өттү. Анда 3 оюн тасмасы көрсөтүлдү. Кинофестивалдын алкагында тасмалар сынагы өтүп, анын жыйынтыгы боюнча билим берүүдөгү коррупция, Ысык-Көлдүн таржымалы, үч бекем дос тууралуу философиялык окуя тууралуу сабак болорлук жана кызыктуу тасмалар тартылып, балдарга белектер жана дипломдор тапшырылды.
 
Спорт «Дени сак денеде дени сак дух!» деген ураан алдында пенсионерлер жана Өлкөнүн жаш жашоочулары ортосунда футбол жана волейбол боюнча таймаш өттү. Анда жаштар жеңишке жетти. Шахмат боюнча турнир уюштурулуп, интеллектуалдык мелдешке 14-27 жаштагы билгичтер катышты. Көпчүлүк катышуучулар медалдар жана акчалай сыйланып, Абубакир АХМЕДОВ (9-класс, Кочкор-Атада ш.) жеңүүчү деп табылды. Негизги окуя - Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн Спартакиадасы болуп калды. Ал салтанаттуу түрдө ачылып, Спартакиаданын туусу көтөрүлүп, «кара жорго» бийи менен коштолду. Бардык жашоочулар акчалай байгени жеңип алуу үчүн төрт командага бөлүндү. Күжүрмөн духту көтөрүү үчүн ар бир команда беттерин боөп, аталыштарды ойлоп табышты. Бардык таймаштар кум жээкте өтүп, командалар болгон күчүн көрсөтүшту. Үчүнчү күнү Спартакиаданын расмий жабылышы болуп, жеңүүчүлөргө медалдар, дипломдор, эсте каларлык сувенирлер жана акчалай байгелер тапшырылды.
 
Көңүл ачуу Уникалдуу Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүндөгү жайкы эс алуунун ар бир кечи эсте каларлык иш чаралар менен коштолуп турду. Анын биринчиси – «Даңк мүнөтү» кечки шоусу болду. Мыкты ыры, бийи, гитара жана комузду черткени үчүн артист балдардын ар бири өзүнүн даңк мүнөтүнө ээ болду. Баарын 9-класстын окуучусу Талгарбек ЗАМИРБЕКОВдун фокустары таң калтырды. Экинчи күндүн кечинде «Fashion day» шоусу уюштурулду. Балдар өзүнүн модалуу гардеробун чечүүгө чыгармачыл мамиле жасашты. Мода көрсөтмөсүндө кийимдин түрдүү стилдери тартууланды: улуттук костюм (мусулмандардын, кыргыздардын жана лөлүлөрдүн улуттук кийимдери көрсөтүлдү), кечки көйнөк, баш кийим, иш стилиндеги кийим, джинсы жана спорт кийимдери болду. Мода күнүнүн эсте калган учуру пенсионерлердин фантастикалык кийим кийип чыкканы болду. Алар эмоциялардын толкунуна кабылып, узакка созулган кол чабууларга арзышты. Калыстар түрдүү номинацияларда жеңүүчүлөрдү атады: кечки көйнөк – София СИМОХИНА, джинсы – Меримай НУРАЛИЕВА, баш кийим – Талгарбек ЗАМИРБЕКОВ, «пенсионерлер» – желим шардан жасалган көйнөк үчүн Шолпан БАЙТИКОВА. Көрүүчүлөр арасында моданын тарыхы боюнча викторина өтүп, аудитория көптөн кабардар болгонун көрсөтүп, бардык суроолорго жооп бере алды.
 
Мода көрсөтмөсүнүн ардактуу коногу маркетологдор клубунун модератору,консультант, «Рекламный профиль» компаниясынын негиздөөчүсү жана директору Артур ЗОТОВ болду. Кийинки кеч – «Поэзия кечеси» жүрөктү элжиреткен жана табышмактуу болду. Анын жүрүшүндө баары классикалык жана заманбап авторлордун ырларын, өз чыгармаларын окуп беришти. Көңүл ачуучу иш-чаранын эң мыктысы «Өпөзүндөй» шоу болуп калды. Балдар эстраданын көптөгөн белгилүү артисттерин туурашты.Театр режиссеру Уланмырза КАРЫПБАЕВдин аткаруусундагы Людмила ГУРЧЕНКО жана ментор Медербек СҮЙҮНОВдун аткаруусундагы Валерий ЛЕОНТЬЕВ баарына жакты.Жайдын назик аккорду «Жай периси-2015» сынагы болуп калды. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн жашоочулары сурамжылоо жолу менен перинин критерийлерин аныктап алышты: интеллектуалдык жактан күчтүү,билимдүү, чырайлуу, жөнөкөй, шайыр, жигердүү,тартиптүү, табышмактуу. Подиумга чыккан эң сулуу жана кайраттуу кыздардын жетилигинин ичинен Умидахон НАЖИМИДДИНОВА (17 жашта,Жалал-Абад ш.) жеңүүчү деп табылды.
 
Автордон Кызыктуу сапарларга, өзүнө тарткан укмуштуу окуяларга жана күтүүсүз ачылыштарга бай болгон он эки күн бир көз ирмемдей өтүп кетти. Бирок бул көз ирмем балдардын жана чоңдордун эсинде өмүр бою калмакчы. «Эвергриния» Республикасы менен бириктирилген нөөмөттө финансылык агартуучулук боюнча «Фин-Билим-Сити Муниципалитети» жайкы мектебине катышкан балдар кийин өз алдынча жол таап, прогрессивдүү алдыңкы компаниялардын топ-менеджерлери жана жетекчилери, түрдүү тармактарда лидерлер болушу – бул эң негизгиси. Балдарга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилди – турмуш тиричиликтин бардык чөйрөсү – саясат, экономика, бизнес, билим берүү, социалдык чөйрө, маданият жана спорт камтылган бир мамлекетти куруу.
 
Билим алгысы келгендер Финансылык агартуучулук институтун ийгиликтүү аяктап, Билим берүү академиясында кошумча билим алышты; болочок саясатчылар менеджерлер жана башкаруучулар катары өзүн көрсөтүштү; банкирлер банк системасын курушту; ишкерлер өз бизнесин ачып,аны өнүктүрүштү; прокурорлор, соттор, адвокаттар Фемиданын сабактарын өздөштүрдү; актерлор жана спортчулар жылдыз болушту.Балдар өздөрү менен кошо финансылык агартуучулук боюнча долбоорлорду ала кеткени өзгөчө маанилүү. Алар туугандарына, досторуна, классташтарына жеке жана коомдук финансыны баш-каруу көндүмдөрүн жакшыртууга жардам берип, бул долбоорлорду өз жамааттарында ишке ашыра алышат, өз келечегин коргоп, өзүнүн жана айланачөйрөсүнүн турмуш сапатын жакшырта алышат.