Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Аманиса МАМЕДОВА: «Эми мен өз керектөөлөрүмдү каалоолоруман ажыратып, финансылык максаттарды коюп, аларга жетүүгө аракет жасайм»

2015-08-17 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Аманиса МАМЕДОВА: «Эми мен өз керектөөлөрүмдү каалоолоруман ажыратып, финансылык максаттарды коюп, аларга жетүүгө аракет жасайм»

Бардык эле адамдар акча эмне экенин биле бербейт. Бирок бардык балдар аларда ата-энесинин арты менен акчасы бар болгонун билишет. Аны эч ойлонбостон коротуп, ошол акча кандай кыйынчылык менен табыларын билбейбиз. Жайкы мектепке келгенге чейин акча кайдан келет деген суроого мен мындайча жооп берчүмүн: атамдын капчыгынан же апамдын баштыгынан. Бирок эми болсо финансылык жактан сабаттуу адам кандай болорун баамдап калдым - бул акчаны таап, аны башкарып, туура сарптап, акча чогултканды билүү керек дегенди билдирет. Мунун менен сен өзүңдүн финансылык келечегиңди коргой аласың. Финансы жактан сабаттуу адам – бул демек жеке финансыны башкарууда жоопкерчиликтүү болуп, колдо болгон акча ресурстарын сабаттуу бөлүштүрүүнүн эсебинен өзүңдүн берекелүү турмушуңду түзүүгө жөндөмдүү болуу жана болочок чыгашаларды пландаштыруу дегенди билдирет. Бул беш күндүн ичинде мен финансы дүйнөсү мурдагыга салыштырмалуу татаал болгонун түшүндүм.

Бардык эле адамдар акча эмне экенин биле бербейт. Бирок бардык балдар аларда ата-энесинин арты менен акчасы бар болгонун билишет. Аны эч ойлонбостон коротуп, ошол акча кандай кыйынчылык менен табыларын билбейбиз. Жайкы мектепке келгенге чейин акча кайдан келет деген суроого мен мындайча жооп берчүмүн: атамдын капчыгынан же апамдын баштыгынан. Бирок эми болсо финансылык жактан сабаттуу адам кандай болорун баамдап калдым - бул акчаны таап, аны башкарып, туура сарптап, акча чогултканды билүү керек дегенди билдирет. Мунун менен сен өзүңдүн
финансылык келечегиңди коргой аласың. Финансы жактан сабаттуу адам – бул демек жеке финансыны башкарууда жоопкерчиликтүү болуп, колдо болгон акча ресурстарын сабаттуу бөлүштүрүүнүн эсебинен өзүңдүн берекелүү турмушуңду түзүүгө жөндөмдүү болуу жана болочок чыгашаларды пландаштыруу дегенди билдирет. Бул беш күндүн ичинде мен финансы дүйнөсү мурдагыга салыштырмалуу татаал болгонун түшүндүм.
 
Алыш-бериш жана сактык эсептери эмне экенин түшүнүү – бул билиш керек болгон нерсенин кичинекей гана бөлүгү. Мен инвестиция эмне болгонун билдим – бул келечекте пассивдүү киреше алып келе турган нерсеге акча салуу. Эгерде мен өз акчамды туура инвестицияласам анда тез эле өзүмдүн финансылык максаттарыма жетем. Үйгө баргандан кийин акчамды депозитке салып коем. «Төрт конверт» эрежесин колдоном, канча акча тапса, ошончо короткон адамдардын тобунан тапканына караганда азыраак акча короткондордун тобуна өтөм. Эми мен өз керектөөлөрүмдү каалоолоруман ажыратып, Фин-Билим-Сити үйрөткөндөй, чыгашаларыма жана кирешелериме талдоо жүргүзүп турам. Бирок дагы бир тапшырма бар – айлана-чөйрөмдөгү адамдарды финансылык сабаттуу жүрүм-турумга үйрөтүү. Анткени финансылык жактан сабаттуу адам болуу – бул маанилүү, абройлуу жана пайдалуу эмеспи!