2015-12-03 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук
Баяндарды жазып алган ӨСИ адистери: БУЗУРМАНКУЛОВА Алтынай,ЖАНАЛИЕВА Гузель, КЕРИМОВА Жылдыз, МАЙРАМБЕКОВ Султан, МАМЫТОВ Азамат, СЕЙИТОВА Мээрим, ТУРГАНБАЕВ Кулубек
Пенсионер балдарына жардам бергиси келген… 72 жаштагы карыя банкка келип, 100 миң сомго насыя алды. Аны жыл ичинде 135 миң сом кылып кайтарып берүү милдеттенмеси менен беришкен. Карыя насыяны Бишкекте үй куруп жаткан балдарына жардам берүү үчүн алган экен. Балдар бул сумманы төлөп берүүгө убада беришкен. Бирок дайыма эле бул мүмкүн болгон жок. Натыйжада карыя карызды өзү, пенсиясынан төлөп келатат. Насыя боюнча карызы жок, бирок тамак-аштан, дары-дармектен, кийим-кечеден өзүн чектөөгө мажбур болуп турат. Пенсионердин кошумча кирешеси жок. Бирок аялы жана үч небереси бар. Чарбасында болгону бир нече тоогу гана бар. Өзүнүн айтымында, насыя алгандан бери анын да, карыган кемпиринин да ден соолугу начарлап кетти. Анткени аялы да насыядан кутулуунун жолдорун ойлоно берип, санаага батып, чүнчүп кетти. Кемпир-чал өтө кыйналып баратышса балдары, туугандары сөзсүз жардам берет деп ишенишет. Анткен менен үй-бүлөдө эч ким чыгашаларга жана кирешелерге эсеп жүргүзбөйт. Карыя болсо эсептегенди жаман көрөт, “бул эркектин иши эмес” деп эсептейт...
Жолдошу экөө бизнес үчүн насыя алып, сызга отуруп калышты Беш жана эки жаштардагы эки баласы бар 26 жаштагы келин жарым жыл мурда бизнести өнүктүрүүгө 200 миң сом насыя алган. Ал ижарага алган күркөдө жууп-тазалоочу каражаттарды сатат. Анткен менен алган насыянын жарымы башка иштерге сарпталган: кайниси үйлөнүп, келинге калың беришкен. Жолдошунун туруктуу иштеген жумушу жок. Насыя алып жатканда кайын журту банкка карызды кайтарууга жардам берерин убада кылышкан. Бирок андан кийин бул акча кайнисинин тоюна кошкон салымы болгонун айтып, карызды берүүдөн баш тартышкан. Товар көп жакшы өтпөй жатат. Анын үстүнө ай сайын насыянын үстөк пайызын гана төлөбөстөн, күнүмдүк жашоого да акча керек. Буга байланыштуу ал досунан 60 миң сом карызга алган. Келин азырынча соодага гана үмүт артып турат. Бирок жакшы киреше табам деген тилегин таш капты. Күйөөсү аялын акчага жолотпойт: белгилүү бир сумманы берет, ал ошону гана корото алат. Экөө эч качан чогуу отуруп алып чыгашаларды пландаштырган эмес. Келин кээде күйөөсү экөө карызды ойлогондо жүрөктөрү мыжыгып кетерин, жолдошу түнт тартып, мындай кырдаалда калганы үчүн күнөөлүү болгонун айтып каларын кошумчалайт. Экөө тең балдарынын келечеги үчүн санаага батып жаткан учур…
Аялы уруксат сурабастан топтук насыя алган экен Кийинки окуя эки балалуу жаш үй-бүлө тууралуу. Аялы жолдошуна айтпастан топтук насыя алган экен. Жолдошу жакшы жумушта иштейт жана айына 40-50 миң сомдун тегерегинде туруктуу маянасы бар. Аялынын маянасы 10 миң сомдун тегерегинде. Акча каражаттарына эсеп жүргүзүлбөйт. Айдын аягында акча калбай калат жана эч кимиси ошол акча кайда сарпталганын айта албайт. Насыянын айынан үйдө чыр-чатактар да арбыды, экөө тең бири-бирин күнөөлөйт. Жаш жубайлар менен адистер сүйлөшүп көргөндө алар бир нерсени түшүнүштү: үй-бүлө насыя төлөп жаткан маалда досторго белек-бечкектер, косметика, кийим-кече өңдүү анча маанилүү эмес чыгашаларды кыскарта турууга болот... Ал эми кийин кирешеге эсеп жүргүзүп, чыгашаларды пландаштырып, ошонун негизинде балким аманат эсебин ачуу менен балдардын келечегине кандайдыр бир сумманы бөлүүгө мүмкүн болот.
Насыянын айынан аял малын сатууга мажбур болду 60тан ашкан аял курбусуна ишенип, топтук насыяга макул болгон. Анын күйөөсү жок, майып баласы менен жашайт. Ай сайын өзү 5 миң сомдун тегерегинде пенсия, баласы болсо майыптуулук үчүн 4 миң сомдон бир аз көп жөлөк пул алышат. Ошентип үй-бүлөлүк киреше болжол менен 9 миң сомго жакын акчаны түзөт. Мындан тышкары иниси баккан 10 кою да бар болчу. Жарым жылдан кийин аял ооруп калганына байланыштуу насыяны төлөй албай калат. Пенсия менен жөлөкпул дары-дармекке эле кетип калды. Натыйжада пенсионер карызынан кутулуу үчүн болгон малын сатууга мажбур болду…
Туугандардын насыясы майыптуулукка алып келди 22 жаштагы Калыбек жумушсуз. Ал жалгыз жашайт жана майып. Баары мындан төрт жыл мурда башталган. Калыбек 18 жашка толгондо ата-энеси 100 миң сом насыя алышкан. Расмий себеби – айыл чарбасын өнүктүрүүгө – жер иштетип, айдоо иштерине. Анткен менен дээрлик бардык каражаттар тойлорго, күнүмдүк товарларды сатып алууга жумшалган. Ал эми айыл чарба иштерин айта турган болсок, 20 сотик жерге картошка жана жарым гектар жерге буудай айдалган. Акчанын баары сарпталган.Ошентип насыя кайтарууга акча да жок калды. Бирок ошону менен токтоп калгандын ордуна туугандары машине сатып алууга, ар кандай тойлорго жана башка күнүмдүк иштерге кайрадан насыя алышкан.Эки жылда карыз 300 миң сомго чыккан. Мунун айынан үйдө чыр-чатактар көбөйүп, баары бири-бирин айыптай баштаган. Ата-энесин карыздан куткаруу үчүн Калыбек Якутияга иш издеп кеткен. Ал жакта иштеп жүргөн маалда карыз миллион сомго жеткен.Орусияда тапкан акчасынын баары насыяны тындырууга кетип турду. Натыйжада акча да жок, Калыбек да ден соолугунан ажырады. Анткени Якутияда бутун үшүк чалып, майып болуп калган. Бул болсо үй-бүлө күтүп, иш табууга жолтоо болуп келет…
Кызын карыз алып турмушка узатып,эч нерсеси жок отуруп калды 57 жаштагы Сабатар өткөн жылы 100 миң сом көлөмүндө насыя алып, аны кызы үчүн сеп даярдаганга жумшаган. Кызы турмушка узагандан бери жыл өтүп, неберелүү да болуп калды, бирок карызынан дагы эле кутула элек. Канткен күндө да мындай болору башынан эле белгилүү болчу – Сабатардын туруктуу иштеген жумушу, мындан улам кирешеси жок. Ал короосундагы болгон малын сатып, акыр аягында балдарынан жардам сурап кайрылууга мажбур болду. Балдары үчүн бул кошумча көйгөй пайда кылган кабар болду. Сабатардын айтымында, өткөн жыл анын жашоосундагы эң оор мезгил болду. Ал төө буурчак сатып, карыздан кутулам деп пландаган. Бирок төө буурчактын баасы кескин түшүп кетип, ой максаты ишке ашпай калды. Бирок муну менен катар сабак да алды – болду, ал мындан кийин эч качан насыя албайт. Болгону ушунусунан эле кутулуп алса болду…
Насыяга алынган машине – азапка айланган кыял 34 жаштагы Рамилдин бир гана көксөгөн кыялы бар болчу – машине сатып алуу. Акча чогулбай койгондуктан насыя алууну чечет. Бирок банк насыяны доллар менен эки жылга берерин укса
да, Рамил бул шарттарга көнөт. Ошентип ал BMW үлгүсүндөгү машине сатып алды. Кыялы орундалгандай боло түштү. Анын үстүнө ай сайын тапкан кирешеси насыядан кутулууга да, үйбүлөсүн багууга да жетип турду. Бирок доллардын наркы бир заматта өсүп, аны менен кошо машиненин баасы да асман чапчыды. Ошондо Рамил мындай акчага эч качан машине сатып алалбай турганын да, аны сата албастыгын да түшүндү. Эми анын күнү-түнү ойлогону бир гана нерсе – тезирээк насыядан кутулуп, эч качан бул тузакка түшпөө.