Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жумуштуулук жана бизнес

2015-08-11 / Каржылык жана муниципалдык сабаттуулук

Биринчи күндөн тарта – лагерге көчүп келген күндөн баштап Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн бардык жашоочулары өз жашоосун пландаштырып, саясатчынын, банкирдин, адвокаттын, юристтин, артисттин, дизайнердин, бизнесмендин, оператордун же кабарчынын кесибин тандоодо кызуу талкууга түшүштү.Балдарга кесип тандоодо жардам берүү үчүн «Кадрлар империясы» уюму өз ишин баштады. Уюм ишке арыздарды кабыл алып, же квалификациялуу кызматкерлерди издөөдө жумуш берүүчүнүн да ролун аткарып жатты. Көңүл бурууну, олуттуу тажрыйбаны жана эмгек рыногуна тынымсыз талдоо жүргүзүп турууну талап кылган, кадрларды сапаттуу жана тез тандоо боюнча иш менен Финансылык агартуучулук институтунун кураторлору – финансылык сабаттуулук боюнча педагогдор алектеништи. «Кадрлар империясынын» ишинин натыйжасында муниципалитеттердин жашоочулары ишке орношуу боюнча бардык жол-жоболордон өтүп, жумушка орношуп, акча таба башташты.

Юрист, банк кызматкери өңдүү айрым кесиптер абдан популярдуу болду. Суроо-талап боюнча экинчи орунда театрдын актеру, дарыгердин, коомдук тамактануу жана соода чөйрөсүндөгү ишкер кесиптер болду.Анткен менен жашоочулардын көбү туруктуу маяна акысы үчүн мамлекеттик мекемелерге ишке орношуп жатышты. Өлкө жашоочуларынын орточо эмгек акысы жылына (күнүнө) 300дөн 1000 гринге чейин болуп турду. Эвергриния – ФБС Муниципалитети Өлкөсүнүн экономикасынын өзүнө тарткан бөлүгү бизнес-сектор болду. Болочок ишкерлер базарды изилдөөгө жигердүү киришти; алгачкы бизнесмендер пансионаттын ашканасынын базасында ресторан бизнесин жүргүзүүгө укук берген төрт лицензияны тез арада сатып алышты. Ачык тоорук (аукцион) аркылуу өтө катуу кармаштан кийин ашканадагы төрт ресторанга болгон баа болуп көрбөгөн чекке – бештен 55 миң гринге чейин жетти.
 
Кафеде официант катары иштөө үчүн персоналды издөө, ошондой эле ресторандагы орундарды бир талон үчүн 200 гринден сатуу бизнесмендердин кийинки кадамы болду. Бул талон Өлкөнүн ар бир жашоочусуна үч жолу (эртең менен, түштө, кечинде) тамактануу мүмкүнчүлүгүн берген. Талон сатып алмайынча эч ким ресторанга кире алмак эмес. Бактыга жараша, 21 жаштан жогору пенсионерлерге бекер тамактанууга жеңилдиктер берилди. Аукцион аркылуу чекене соода жүргүзүү укугуна 3 лицензия, спорттук иш-чараларды өткөрүүгө 2 лицензия, маданий-көңүл ачуучу и чараларды (флэш-мобдор, үйлөнүү тойлору ж.б.) өткөрүүгө 2 лицензия, сулуулук салонунун ишине жана типографиялык кызмат көрсөтүүлөргө лицензия сатылды. Ресторан бизнесмендеринен тышкары өз ишканаларын ачкан демилгелүү жашоочулар да болду.Мисалы, Нурик БАКИШЕВ (17 жашта, Ош ш.) оюн аянтчасын ачып, дартста бир топ акча тапты.