Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Чаткалдын кичинекей тургуну Болотбек ёз алдынча болуп калды

2015-09-12 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Чаткалдын кичинекей тургуну Болотбек ёз алдынча болуп калды

Долбоор: «Баластан».Тапшырыкчы: Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Чаткал айылдык аймагы.Аткаруучу: “Курулуш а. АКӨБ” КБ.

Чаткал айылдык аймагы оор климаттык шарттагы тоолуу жерде жайгашкан. Облус борбору – Жалал-Абад шаарына чейинки аралык – 376 километр, республика борборуна чейин 767 км. Кыш бул районго өтө эрте келет, аба ырайы апрелдин соңунда гана жылый баштайт. Мындай шарттарда айыл чарбасы менен алектенүү оор, катаал климат бай түшүм алууга мүмкүнчүлүк бербейт. Анын үстүнө тоют тартыш болгондуктан мал чарбачылыгын да өнүктүрүү оңой эмес. Аймактын көптөгөн жашоочулары инфраструктура, соода көбүрөөк өнүккөн, мындан улам жумушка орношуу жеңилирээк болгон кошуна Ала-Бука районунда иштешет. Анткен менен мындай мүмкүнчүлүк баарында эле боло бербейт. Өзгөчө бул балдарын кимге калтырарын билбеген жаш үй-бүлөлөр үчүн көйгөйлүү маселе. Кимдир бирөө балдарын чоң ата, чоң энелердин кароосуна калтырса, айрымдары кошуналарга ташташат. Бул албетте маселени чечүүнүн туура жолу эмес. Ошондуктан Чаткалда бала бакчалардын жоктугу – эң курч турган көйгөйлөрдүн бири.
 
Эгемендик алган жылдары Чаткал районунун аймагында болгону эки гана бала бакча иштеп келатат. Ошол эле маалда балдардын саны да өстү. Бүгүнкү күндө мектепке чейинки билим берүү мекемелерине баруу мүмкүнчүлүгү болбогон балдардын саны 616 болду. Бул маселе жергиликтүү орто мектептин мугалими, 14, 11, 10 жана 5 жаштагы төрт баланын энеси Сапарбү РАМАНКУЛОВА үчүн да көйгөйлүү болуп эсептелет. Улуулары мектепке барат, ал эми кичүүлөрү үйдө отурат. Ал буларды айтты: “Кичүү уулумду калтырар киши жок. Жолдошум чабан, мен мектепте мугалиммин. Декрет убактысы бүтүп, мектептеги ордумду жоготуп албаш үчүн ишке чыктым. Ушундан улам уулум Болотбекти кошуналардыкына калтырып жүрөм”.Элеттик жана шаардык муниципалитеттерде жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн ресурстардын тартыштыгы маселеси курч турат. Ал финансы жактан гана эмес, квалификациялуу кадрлардын таңсыктыгынан, зарыл имараттардын, инфраструктуранын жоктугунан да билинет. Адатта зарыл каражат болгон чакта деле ЖӨБ органдары маселени чечүүнүн жакшы жолун сунуштай албайт жана эл аралык, жергиликтүү уюмдарга жардам сурап кайрылат. Алар тигил же бул кызмат көрсөтүүнүн альтернативалык жолдорун сунуштай алышат, же иштеп жатканын дагы да толук, инновациялык жана пайдалуу кыла алышат.
 
Мектепке чейинки билим берүүгө жеткиликтүүлүк маселесин чечүү максатында Чаткал АА “Муниципалдык социалдык тапшырыктын негизинде жергиликтүү жамааттардын артыкчылыктуу маселелерин чечүүдө КЭУ менен ЖӨБдүн өнөктөштүгү” долбоорунун пилоттук муниципалитети болуп калды. Долбоорду Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомунун (GIZ) “Жарандык коомду колдоо фонду” Долбоору каржылайт жана Өнүктүрүү саясат институту ишке ашырат. 1 млн. сом көлөмүндө гранттык колдоонун жардамы менен биринчи жолу муниципалдык социалдык тапшырык механизми киргизилди. Аны ишке ашырууга 209 киши, анын ичинде 113 аял катышты. Алардын арасында биз сөз кылган Сапарбү РАМАНКУЛОВА, беш жаштагы Болотбек НУРУМБЕТОВдун апасы да бар. Ал долбоорду ишке ашырууга жигердүү катышты.
 
Биринчи этапта аймактагы беш негизги көйгөй аныкталды. Бул жүзгө жакын киши катышкан ЖМБА-сессиясында ишке ашты. Андан кийин элдик жыйында көпчүлүктүн добушу менен эң актуалдуу жана көйгөйлүү маселе деп мектепке чейинки курактагы балдардын кошумча билим алуусун жана өнүгүүсүн уюштуруу маселеси аталды. 2014-жылдын июль айында бул социалдык тапшырыкты ишке ашырууга конкурс жарыяланып, конкурстук комиссиянын чечими менен анын жеңүүчүсү деп “Баластан” долбоорун сунуштаган “Курулуш а. АКӨБ” коомдук бирикмеси аталды. Долбоордун максаты Чаткал ААда экиден алты жашка чейинки курактагы балдардын дене бой өнүгүүсү үчүн шарт түзүү, аларга кошумча билим берүү. «Курулуш а. АКӨБ» коомдук бирикмесинин жетекчиси Сайкалбү АБДЫЛДАЕВА иштеп чыккан программада мектепке даярдык гана камтылбастан, ошону менен бирге балдардын чыгармачыл жана көркөм өнүгүүсү да бар.
 
Курулуш жана Жаңы-Базар айылдарындагы иштеп жаткан бала бакчалардын базасында кошумча билим жана тарбия берүүчү эки күндүзгү борборду уюштуруу экинчи этап болуп калды. Алар зарыл болгон техника жана эмеректер менен камсыздалды. Ал эми Курулуш айылында борбор үчүн бөлүнгөн жай толугу менен оңдолду. Бала бакчага барбаган балдардын саны көп болгонун эсепке алып, аларды эки агымга бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды. Өз кезегинде алар 25 баладан болуп торт топко бөлүндү. Биринчи агымдын балдары 2014-жылдын декабрынан 2015-жылдын май айына чейин окуудан өтсө, экинчилер ушул жылдын июнь айынан октябрына чейин окушту. Ошентип аталган долбоордун алкагында 100 бала мектепке чейинки билимге ээ болушту. Эки борбордун иш көлөмү өтө чоң болгондуктан тарбиячыларга жардамчы катары дагы бир киши ишке алынды. Ал эми анын маянасын (ай сайын 5 миң сомдон) Курулуш айылындагы балдардын атаэнеси төлөп берди.
 
Балдардын өнүгүүсү жана алардын социалдык адаптациясы үчүн көптөгөн сынактар жана концерттер уюштурулду. Баса, беш жаштагы Болотбек да ошол сынактарга жигердүү катышты. Тарбиячылардын айтымында, ал өзүн “Кичинекей патриот” сынагында, “Баланын кыялы” сүрөт көргөзмөсүндө, балдар жана ата-энелер үчүн уюштурулган “Мен ааламды апам менен тааныгам” мастер-классында, “Чоң апамдын жомоктору” фестивалында да көрсөтө алды. Бул иш-чараларга баары болуп мектепке чейинки курактагы 175 бала жана 100дөн ашык ата-эне, алар менен кошо тарбиячылар, АӨ адистери жана айылдык кеңештин депутаттары да катышты.Сапарбү РАМАНКУЛОВАнын айтымында, борбордун ачылышы аймактын бардык тургундары үчүн чоң окуя болду: “Борбордун жардамы менен мен үчүн эң көйгөйлүү маселелердин бири чечилди. Жолдошум экөөбүз туруктуу иштеген бала бакчанын акысын деле көтөрө алмакпыз, бирок ал жактарда орун жок болчу.
 
Эми болсо ишиме кенен-кесири бара берем, балам үчүн санаам тынч. Мындан тышкары балам түрдүү чыгармачыл программаларга катышуу менен дүйнө таанымы кеңейип жатканына күбөмүн: беш айдын ичинде сүрөт тартканды, лего-конструкцияны чогултканды үйрөндү, китептерге кызыгуусу артты, онго чейин санаганды үйрөндү, алфавиттеги көптөгөн тамгаларды билип калды, башка балдар менен ойноп, жомокторду кайра айтып берип, ырларды жаттап, эске тутуусу да жакшы болуп калды.Эми болсо бизден боёк, китеп талап кылууда. Өзү кийим тандап калды, мурда болсо эмнени кийгизсек, ошону менен жүрө берчү. Эң башкысы – Болотбек өз алдынча болууга аракеттенип калды. Биздин үй-бүлөбүз эң кичүү, бирок өз алдынчалуулукка умтулган балабыздын кыял-жоругун көрүп кубанып отурабыз. Мен бул борборлорду уюштурууга катышкан адамдардын баарына абдан ыраазымын”.Сапарбүнүн айтымында, мындай долбоорлор аймак тургундары үчүн суу менен абадай эле зарыл. Анткени көп сандагы балдар ушундай борборлорго кире албай жатат. Мындан тышкары Сапарбү балдардын бул жерде болуу убактысын узартууну сунуштады. Анын айтымында, 08:00дөн 13:00гө чейин жана 13:00дөн 18:00гө чейинки убакыт туура болмок. Жаш эне тамактануу мүмкүнчүлүгүн да карап чыгууну сунуштайт.
 
Ошондой эле Сапарбү бул убактылуу долбоор болгонуна кейип, аны туруктуу кылууну, тарбиячылардын маянасын жергиликтүү бюджеттен караштырууну өтүндү.Ата-энелерди кубандырып, “Курулуш а. АКӨБ” КБнын жетекчиси Сайкалбү АБДЫЛДАЕВА ушул тапта ЖӨБ органы долбоордун туруктуулугу боюнча чараларды көрүп жатканын, бул эки борбордун ишин улантуу маселесин ойлонуштуруп жатканын айтты.Байланыш үчүн: Чаткал АӨ: Чаткал району, Жалал-Абад облусу, Жаңы-Базар айылы, тел.: (03749) 60193, моб.: 0777 160 193, электрондук дарек: mars.ryskulov.83@mail.ru, АӨ атынан долбоордун координатору – АБДУВАЛИЕВ Мирсапар. “Курулуш а. АКӨБ” КБ: Жалал-Абад облусу, Чаткал району, Курулуш айылы, моб.: 777731 192, электрондук дарек: saikal0814@yandex.ru, АБДЫЛДАЕВА Сайкалбү.

 

Окшош материалы: