Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ): бир эле ачкыч менен бир нече эшикти кантип ачса болот?

2023-09-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (БМжБТ): бир эле ачкыч менен бир нече эшикти кантип ачса болот?

Джамиля АРБАНАЛИЕВА, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2”долбоорунун компонентинин координатору Султан МАЙРАМБЕКОВ, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2”долбоорунун мониторинг жана баалоо боюнча эксперти

Жергиликтүү саясатты түзүү, чечимдерди кабыл алуу, жергиликтүү маанидеги жана башка коомго маанилүү маселелерди мыкты чечүү үчүн пикирлердин, сунуштамалардын, каалоолордун ар кандай спектрин берүү процесстерине аймактардын жашоочуларынын катышуу мүмкүнчүлүгү ЖӨБ органдарынын калк менен натыйжалуу кызматташуусунун милдеттүү шарты болуп эсептелет. Муниципалитеттер кабыл алган же кабыл алып жаткан чечимдердин максатка ылайыктуулугу өнөктөштүк, кызматташтык, ачыктык жана жергиликтүү жамаат менен диалог принциптерине негизделүүгө тийиш. Бул принциптерге Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору (мындан ары – БМжБ тобу) толук өлчөмдө шайкеш келет, алар аймактардын жашоочулары менен ЖӨБ органдарынын ортосундагы диалог үчүн платформа болуп калууда. Диалог өзгөчө калкка кызмат көрсөтүүнүн сапаты, социалдык тармактарды, мессенджерлерди, башка жеткиликтүү онлайн жана оффлайн-ресурстарды пайдалануу менен “кайтарым байланыш” системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү чөйрөсүндө зарыл болуп турат.

Ойлуу жана берилген адамдардын чакан тобу дүйнөнү өзгөртө аларынан күмөн санабаңыз. Чынында,

бул өзгөрүүлөрдү алар гана алып келет». Маргарет Мид, америкалык антрополог, социолог

жана этнограф, этнопсихология боюнча адис

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун алкагында Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон (5) жана Ноокен (5) райондорунда, Ош облусунун Кара-Суу (5) жана Өзгөн (5) райондорунда, Нарын облусунун Ат-Башы (5) жана Ак-Талаа (5) райондорунда, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл жана Түп райондорунда бештен топ түзүлдү. Жалпысынан 40 топ түзүлгөн. БМжБ топторунун курамында 7ден 15ке чейин адам бар. Бул топтор муниципалитеттердин калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү максатында уюштурулган. БМжБ топторунун иши жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине биргелешкен мониторинг жана баалоо жүргүзүү жөнүндө Типтүү жобонун негизинде жөнгө салынат.

 

1-диаграмма. БМжБ топторунун мониторинг иштеринин жыйынтыктары, 2022-2023-жылдар.

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ишин түшүнүп, мониторингдин натыйжалуу агенти болуу үчүн БМжБ топторунун бардык мүчөлөрү үч темада окуудан өтүштү. Алар: “КРда мониторинг жана баалоонун укуктук жана уюштуруучулук негиздери”, “Биргелешкен мониторинг жана баалоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн ыкмалары жана усулдары” жана “Бюджет боюнча коомдук угууларды өткөрүүдө жана жарандык бюджетти түзүүдө биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун ролу”. Тренингдердин катышуучулары мониторинг жана баалоо түшүнүктөрү, БМжБ тобун түзүү принциптери менен кеңири таанышышты, БМжБ топторунун мүчөлөрүнүн арасында кызыкчылыктардын кагылышуусуна тиешелүү маселелерде өзүнүн потенциалын жогорулатышты, БМжБ тобунун иши кантип түзүлүшү керектигин жана ал жергиликтүү деңгээлде башка бирикмелер менен кантип өз ара аракеттениши мүмкүн экендигин билишти, Чүй облусунун Александровка АӨ, Петровка АӨ жана Ош облусунун Көк-Жар айыл өкмөтүнүн БМжБ топторунун иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат алышты.

Окутуунун, жолугушуулардын, консультациялардын жыйынтыктары боюнча ар бир муниципалитеттин БМжБ тобунун иш пландары даярдалып, аларды айылдык кеңештердин төрагалары бекитип беришти.

Мониторинг жүргүзүү максатында уюштурулган сапарлардын жыйынтыгы боюнча БМжБ тобунун мүчөлөрү жалпысынан 97 акт түзүп чыгышты, алардын ичинен 57си же дээрлик маселелердин 60% “чечилди” деген статуста турат, б.а., топтордун сунуштамаларын муниципалитеттер эске алып, чечип беришкен (1-диаграмманы караңыз).

БМжБ тобунун ишинин айрым жыйынтыктары кыйла таасирдүү, себеби алар өздөрүнүн жамааттарына жана ЖӨБ органдарына реалдуу пайда алып келе алышкан. Топтордун ишинин айрым жыйынтыктарын карап көрөлү.

Талды-Суу ААнын (Түп району, Ысык-Көл облусу) БМжБ тобунун ишинин натыйжасында ФАПты оңдоодо кемчиликтер табылган. Учурда подрядчы бул кемчиликтерди четтетүүдө.

Семенов АА БМжБ тобунун мүчөлөрү (Ысык- Көл району, Ысык-Көл облусу) Кожояр айылындагы орто мектептин имаратынын ремонтуна сын- пикирлерин айтышкан. Ошондой эле Ананьевка АӨнүн БМжБ тобунун мүчөлөрү Көк-Дөбө айылында көпүрөнүн курулушу боюнча подрядчыга эскертүү беришкен, ал эми Н. Г. ЛЯЩЕНКО атындагы орто мектепте мониторинг тобунун мүчөлөрү мектептин жылытуу системасынын сапатсыз ремонту жөнүндө Акт түзүшкөн.

Ошондой эле Семеновка ААнын БМжБ тобунун сунуштамаларына ылайык, подрядчы бардык кемчиликтерин четтетмейинче, муниципалитет курулуш объектисин кабыл албай турган.

Арстанбап ААда БМжБ тобунун мүчөлөрү (Базар- Коргон району, Жалал-Абад облусу) айыл ичиндеги 510 метр узундуктагы жолго төшөлгөн асфальттын сапаты боюнча сунуштамаларын беришти.

Ак-Жар ААда (Ат-Башы району, Нарын облусу) БМжБ тобунун мүчөлөрү спорттук клубга кыздар үчүн чечинүүчү жайларды уюштуруу боюнча сунуштамаларын беришти, себеби спорттук секцияларга катышкандардын арасында кыздар да бар эле.

Жооп кайтаруунун жыйынтыгы боюнча актыларда көрсөтүлгөн бардык сын-пикирлер жана сунуштар эске алынды.

Ошондой эле БМжБ тобунун мүчөлөрү БАЖБАнын “Теңден теңге” онлайн- платформасында Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Ананьевка ААдагы топтордун ролу жөнүндө презентация жасашты.

Ананьевка, Семеновка, Акман, Арстанбап, Отуз- Адыр, Ак-Жар, Талды-Суу, Жаңы-Арык жана Жоош айыл өкмөттөрүндөгү БМжБ топторунун ишин белгилей кетүү керек.

Топтордун мүчөлөрүнүн жигердүүлүгүн колдоп, алардын билимдерин жана көндүмдөрүн кеңейтүү үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору БМжБ топторунун кварталдык жолугушууларын өткөрүп турат. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйбасы, оң өзгөрүүлөр, алган сабактары, пландары менен бөлүшүшөт. Биринчи кварталдык жолугушууларда катышуучулар мониторинг жана баалоо жүргүзүүдө социалдык тармактарды колдонуу, топтордун сапаттык курамын өзгөртүү, системалуу мониторингдик иш- чараларды өткөрүү, БМжБ топторунун актыларын даярдоо, ЖӨБ органдары аткарган сунуштамаларды талдоо, КР ЖӨБЭММАнын Типтүү жобосуна БМжБ топторунун мүчөлөрүнүн функционалдык милдеттерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгы боюнча маселелерди козгошту. Ошондой эле катышуучулар тажрыйба жана билим, жетишкендиктер, алынган сабактар, аймактардагы жашоону жакшыртуу боюнча биргелешкен иш- чараларга жашоочуларды тартуу боюнча ыкмалар менен алмашышты.

БМжБ топторунун дээрлик бардык мүчөлөрү, анын ичинде пилоттук аймактардын жашоочулары да айыл өкмөттөрүнүн аймактардын тургундарын коомдук угууларга жигердүү тартуу боюнча иштерин белгилешүүдө. Мисалы, жергиликтүү бюджеттин долбоору жана аткарылышы, айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету, СЭӨПтү талкуулоо ж.б. боюнча иштер. Ошондой эле аймактардын тургундарына кеңири маалымдоо үчүн социалдык тармактарды, мессенжерлерди, маалыматтык плакаттарды, бюджет жазылган баннерлерди пайдалануу боюнча ЖӨБ органдарынын иштери да көзгө илине баштады.

Аймактардын жашоочуларынын муниципалитеттердин калкка кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатына мониторинг жана баалоо жүргүзүү процесстерине катышуусу барган сайын маанилүү болуп баратат. БМжБ топторунун демилгелери, мониторинг жүргүзүү максатында сапарлары муниципалитеттерге кызмат көрсөтүүнүн сапатын андан да жакшы кылууга жардам берет (мисалы, кырдаалга туруктуу кайтарым байланыш, жергиликтүү демилгелер, мигранттар менен өз ара байланыш, ашар ж.б. таасир этет), муну менен муниципалитеттердин башчыларынын аброюн көтөрүп, бекемдеп жатат. Мындай аброй кызматташууга шарт түзөт, элеттиктерде өздөрү жашаган аймакты өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырат, ишенимди бекемдейт, ыктымалдуу социалдык чыңалууну азайтат. Аймактын аброю тышкы өнөктөштөр менен болгон мамилелерде да оңолуп, инвестицияларды тартууга көмөктөшөт. Алсак, Кара-Суу районунун Сары-Колот ААнын жергиликтүү кеңешинин депутаты жана БМжБ тобунун мүчөсү Курманжан АБДЫКАСЫМОВА топтун муниципалитеттеги иши өз убагында башталганын белгилейт: “Биз көчөлөргө асфальт төшөөгө дем берүүчү грант утуп алганбыз. Мониторинг иш- чараларын өткөргөндүктөн отчет тапшыруу оңой болду, себеби мониторинг тобунун жана анын ишинин жыйынтыктары жөнүндө актылардын болушу гранттын негизги шарттарынын бири эле”. Ал эми Кара-Суу районунун Отуз-Адыр ААнын БМжБ тобунун төрайымы Жамиля КАДЫРОВА белгилегендей, аймакта мониторинг тобунун түзүлүшү менен инвестициялык долбоорлордун саны, анын ичинде дем берүүчү гранттардын жана өнүктүрүү фонддорунун эсебинен көбөйгөн, алар долбоорлорду жактырууда мониторинг тобунун болушуна көңүл бурушат.

Ошону менен бирге айрым муниципалитеттерде БМжБ топторунун ролу бааланбай, көп учурда көз жаздымында калып келет. Жергиликтүү жамааттын бул кызмат көрсөтүүлөрдүн натыйжалуулугуна таасир этүүчү мониторинг жана баалоо жүргүзүүдөгү ролун күчөтүп, кызмат көрсөтүү процессинде топтордун ишин жакшы уюштуруу үчүн USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору пилоттук БМжБ топторунун мүчөлөрүнүн, КР МКЖӨБМАнын жана башка кызыкдар тараптардын жумушчу жолугушуусун уюштурууну пландап жатат.

 

Окшош материалы: