Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жамааттын мүчөсү болбогон адамга көрүстөндөн орунду акыга берүү тууралуу

2015-10-05 / Юридикалык кеңеш
Жамааттын мүчөсү болбогон адамга көрүстөндөн орунду акыга берүү  тууралуу

Бектурган ОРОЗБАЕВ тарабынан даярдалды ӨСИ юристи

СУРОО Бишкек шаарына жакын жайгашкан муниципалитеттердин биринде ЖӨБ органдары көз жумган адамдын сөөгүн жерге жашыруу үчүн көрүстөндөн жер участогун берүүгө бул муниципалитетте жашабаган жана муниципалитеттин аймагында 5 жылдан аз жашаган жарандар үчүн акыга кызмат көрсөтүү (25 000 сомго чейин) тууралуу чечим кабыл алган. Бул эреже айылдык кеңештин токтому менен бекитилген. Бул чечим канчалык мыйзамдуу?
 
ЖООП Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү тууралуу мыйзамдар КР Конституциясына, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) негизделет жана ушул Мыйзамга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан турат. Мыйзам мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн негизги принциптерин белгилейт, бул чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдө аткаруучулар менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салат, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин, аларды көрсөтүүнүн стандарттарын түзүүнүн тартибин аныктайт.
 
Мыйзамдын 1-беренеси муниципалдык кызмат көрсөтүүгө аныктама берет. Ага ылайык, бул – жеке жана юридикалык жактардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча алардын компетенциясынын чегинде жүзөгө ашырылуучу жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөрдүн укуктарын ишке ашырууга, мыйзамдуу кызыкчылыктарын канааттандырууга, же болбосо жарандык-укуктук мамилелердин натыйжасында пайда болуучу милдеттерди аткарууга багытталган мамлекеттик мекемелердин ишинин натыйжасы.
 
Мыйзамдын 5-беренесинде мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестрине киргизилген кызмат көрсөтүүлөрдү гана көрсөтө турганы белгиленген. Өз кезегинде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жергиликтүү реестри муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестринен жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегинен турат. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнөн келип чыккан ар бир администрациялык-аймактык бирдиктин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен түзүлөт. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеги ЖӨБдүн аткаруучу органдары тарабынан түзүлөт жана жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилет.Акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине киргизүүгө ведомстволор аралык комиссиянын оң корутундусунан кийин гана жол берилет.
 
Ошону менен жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтому менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү Муниципалдык кызматтардын базалык реестри бекитилген. Бул Муниципалдык кызматтардын базалык реестринде муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн 12 түрү каралган. Алардын ичинен 11 кызмат көрсөтүү акысыз негизде жана 1 кызмат көрсөтүү акы төлөнүүчү негизде. Аны менен катар аталган Базалык реестрдин 11-пунктуна ылайык, көрүстөндөрдөн сөөк коюу үчүн жер участогун берүү боюнча муниципалдык кызмат көрсөтүүнү ЖӨБдүн аткаруучу органдары акысыз негизде ишке ашырыш керек.
 
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы жогоруда айтылган нормалардын негизинде айылдык аймактын аталган муниципалитеттин жергиликтүү жамаатынын айрым мүчөлөрүнө жана жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эсептелбеген жарандарга көрүстөндөн сөөк коюу үчүн жер участогун берүүгө акы төлөөнүн негизинде кызмат көрсөтүү тууралуу чечими мыйзамсыз болгонун жана жокко чыгарылууга тийиш экенин белгилейбиз.Атүгүл айрым ЖӨБ органдары Мыйзамдын 17-беренеси анын ченемдерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн тартиптик, администрациялык, материалдык жана жазыктык жоопкерчилик тартышарын эскертет. Аны менен катар мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү реестрине киргизилбеген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган киреше Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине толук көлөмдө алынат.

Окшош материалы: