Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кадрларды кыскартуу тууралуу

2024-01-31 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун юристтери, муниципалдык кызмат өтөө маселелери боюнча эксперт А. БУРКАНОВА, жер мамилелери боюнча эксперт А. КЕНЖЕБАЕВА жана укуктук маселелер боюнча эксперт У. ТЕМУРМАЛИКОВА даярдашты

Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматтан бошотууда кандай кепилдиктер каралган? 

КР Граждандык кодексинде кайра уюштуруунун беш формасы көрсөтүлгөн: бириктирүү, кошуу, бөлүү, бөлүп чыгаруу, өзгөртүп түзүү. Бириктирүү болгон учурда ар бир юридикалык жактын укуктары жана милдеттери жаңы пайда болгон жакка өтөт.

Кыргыз Республикасында пилоттук райондор катары аныкталган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында административдик- аймактык реформа бириктирүү формасында өтүп жатат.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 30-беренесине ылайык, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына же штатынын кыскартылгандыгына байланыштуу бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт: 1) ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынын өлчөмүндө иштен кетүү жөлөкпулу; 2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 ай бою мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына же штатынын кыскартылгандыгына байланыштуу бошотууда муниципалдык кызматчынын эмгек акысынын орточо өлчөмү кантип эсептелет?

Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда же кайра уюштурулганда, анын штаты кыскарганда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынын өлчөмүндө иштен кетүү жөлөкпулу төлөнөт.

Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчы мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелинет.

Орточо эмгек акыны эсептөө үчүн кайсы булактан төлөнгөнүнө карабастан конкреттүү уюмда колдонулган эмгек акы системасында каралган төлөмдөрдүн бардык түрлөрү эске алынат.

Ошондой эле КР Эмгек кодексинин 159-беренесине ылайык орточо эмгек акы иш жүзүндө эсептелген эмгек акыга жана иштин кандай режиминде болбосун иштелген убакытка жараша жүргүзүлөт.

 

Окшош материалы: