Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (151) 8 Июнь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык кызмат жөнүндө

2024-04-20 / Юридикалык кеңеш

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023

Бул Типтүү жобонун колдонулушу мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларга жайылтылат.

Типтүү жобо “кызмат боюнча жогорулоо”, “кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планы”, “кызматчынын карьералык жогорулоосун пландоо” жана “кызматчынын жогорулоо схемасы” деген түшүнүктөрдүн мазмунун ачып берет. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын карьерасын өнүктүрүүгө структурага салынган жана системалуу мамиле кылуу үчүн карьералык пландоо үч этапта жүргүзүлөт:

  1. 1) даярдоо этабы – кызматчынын карьералык мүмкүнчүлүгүн талдоо;
  • 2) кызматчылардын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу этабы;
  • 3) карьералык жогорулоонун планын ишке ашыруу этабы.

Даярдоо этабында (кызматчылардын карьералык мүмкүнчүлүктөрүн талдоодо) ар бир кызматчынын көндүмдөрүнө, компетенцияларына, тажрыйбасына жана кызыкчылыктарына талдоо жасалат. Бул этапта учурдагы бөлүмдүн ичинде да, кызматтын башка тармактарында да кесиптик өнүгүү жана жогорулоо мүмкүнчүлүктөрү изилденет. Ошондой эле карьералык максаттарга жетүү үчүн кошумча окуудан өтүүгө жана өнүгүүгө болгон керектөөлөр да аныкталат.

Кызматчылардын карьералык жогорулоосунун жеке планын иштеп чыгуу этабы: талдоонун жыйынтыктарынын негизинде кызматчынын карьералык максаттарына жетүүсүнө багытталган жеке план түзүлөт. Кызматчынын өнүгүүсү үчүн конкреттүү кадамдар жана максаттар белгиленет, анын ичинде жаңы көндүмдөрдү алуу, окууларга жана долбоорлорго катышуу ж.б. да бар. Планды ишке ашыруунун этабында кызматчы белгиленген тартипте максаттуу (пландалган) кызмат ордуна дайындалат же болбосо квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда мамлекеттик органдын/ЖӨБ органынын кызмат орундарынын тобу боюнча кадрлар резервине киргизилет.

Кызматчынын карьералык жогорулоосунун жеке планын ийгиликтүү ишке ашырууга төмөнкүлөр көмөк көрсөтөт:

  • кызматчынын кызматтык милдеттерин аткаруусу;
  • кызматтык милдеттердин алкагында түздөн-түз жетекчи менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү, себеби дал ушул кызматчынын ээлеген кызмат ордундагы ишин жана анын мүмкүнчүлүгүн баалайт, жогорулоо жөнүндө чечим кабыл алат жана кызматчынын өнүгүшү үчүн зарыл болгон ресурстарга ээ болот;
  • кызматчынын карьералык жогорулоосу үчүн зарыл болгон кесиптик өнүгүү боюнча иш-чараларды ийгиликтүү аткаруусу;
  • кесиптик өнүгүүнүн бардык жеткиликтүү каражаттарын гана пайдаланбастан, жаңы алган көндүмдөрүн, билимдерин көрсөтө билүүсү.

 

Окшош материалы: