Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын дайындоо жана бошотуу тууралуу

2024-01-31 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдарынын кызматкерлеринин суроолоруна жоопторду ЖӨБ Союзунун юристтери, муниципалдык кызмат өтөө маселелери боюнча эксперт А. БУРКАНОВА, жер мамилелери боюнча эксперт А. КЕНЖЕБАЕВА жана укуктук маселелер боюнча эксперт У. ТЕМУРМАЛИКОВА даярдашты

Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын кызматка дайындоо жана бошотуу тууралуу чечим кайсы ченемдик укуктук акт менен жөнгө салынат? Жооптуу катчыны кызматка дайындоо жөнүндө буйрукту ким чыгарат – жергиликтүү кеңештин төрагасыбы же айыл өкмөт башчысыбы?

Квалификациялык талаптарга шайкеш келген учурда жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы мамлекеттик органдын жана ЖӨБ органынын кадрлар резервинде турган адамга коюлган талаптарды эске албастан, өзгөчө тартипте жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругу менен дайындалат.

“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысы бул кызмат ордуна өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалат. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы №17 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө” Жарлыгынын 2-пунктунун алтынчы жана жетинчи абзацтарына ылайык, айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына дайындоо өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте жүргүзүлөт. Ушул эле жерде кенже, улук жана башкы кызмат орундарына дайындоо адамдын мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинде болуусу жөнүндө талаптарды эсепке албастан, бирок мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылаары белгиленген.

 

Окшош материалы: