Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги
- Биринчи бет /
- Макалалар /
- Юридикалык кеңеш
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары
Жоопторду КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун юристтери даярдашты
Биздин айылдык аймакта 500дөн ашык адам жашаган калктуу конуш бар. Бул калктуу конуш үчүн кантип “айыл” статусун алсак болот?
Жооп: Калктуу конушка “айыл” статусун ыйгаруу “Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү жөнүндө” КР Мыйзамынын негизинде жүзөгө ашырылат. Бул үчүн адегенде ошол калктуу конуштун тургундарынын чогулушун өткөрүп, жергиликтүү тургундардын “айыл” статусун алуу тууралуу демилгесин камтыган протоколду түзүш керек. Бул протоколдун негизинде айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин токтомдору кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери, калктуу конуш тууралуу карта менен бирге маалымат жергиликтүү мамлекеттик администрацияга жиберилет. Жергиликтүү мамлекеттик администрациядан тиешелүү документтер даярдалып, Президенттин тиешелүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберилет. Бардык тиешелүү документтер даяр болгондон кийин алар КР Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке (МКЖӨБМА) жеткирилет. МКЖӨБМА мыйзамда белгиленген жол-жоболорду даярдагандан кийин “айыл” статусун ыйгаруу жөнүндө мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилет. Жыйынтыгында бул калктуу конушка “айыл” статусун ыйгаруу жөнүндө мыйзам кабыл алынат.
Жергиликтүү кеңештин депутаттарында мекемелерде жана ишканаларда, мектептерде жана бала бакчаларда текшерүү жүргүзүүгө укук барбы?
Жооп: Текшерүүлөрдү аларды жүргүзүүгө атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүргүзүшөт. Жергиликтүү кеңеш текшерүүчү орган болуп саналбайт. Бул тууралуу “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесинде жазылган. Жарандардан жана юридикалык жактардан арыздар жана даттануулар, мыйзам бузуулар жөнүндө фактылар болсо, анда жергиликтүү кеңештин депутаттары мамлекеттик органдардын текшерүү жүргүзүүсү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин сессиясында маселе көтөрүүгө укуктуу. Текшерүүлөрдүн натыйжалары боюнча мамлекеттик органдар текшерүүлөрдүн натыйжалары жөнүндө жергиликтүү кеңешке билдирүүгө, ошондой эле мыйзам бузуулар аныкталган учурда тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттүү.
Жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңештин сессияларына жана туруктуу комиссияларынын жыйындарына катышуу үчүн негизги иштеген жеринен кантип уруксат ала алат?
Жооп: “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 24-беренесинде “мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун жана жарандардын бирикмелеринин органдары, ишканалар, мекемелер, уюмдар, алардын кызмат адамдары депутаттардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөк көрсөтүүгө милдеттүү” деп белгиленген. Мындан улам, эгерде депутат жергиликтүү кеңештен сессияга же туруктуу комиссиянын жыйынына алдын ала чакыруу алса, бул чакыруу анын туруктуу иштеген жери боюнча жетекчисине көрсөтүлүшү керек. Жетекчи кызматкерге сессияларга же туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн уруксат берүүгө милдеттүү.
Окшош материалы:
-
№6 (164) / 2025-07-14 Муниципалдык кызмат
-
№6 (164) / 2025-07-14 Жер маселелери
-
№5 (163) / 2025-06-10 Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы: актуалдуу суроолорго жооптор
-
№12 (158) / 2024-12-31 Муниципалдык кызмат тууралуу, жер тууралуу, сатып алуулар тууралуу, муниципалдык ишканалар тууралуу
-
№3-4 (149-150) / 2024-04-20 Муниципалдык кызмат жөнүндө
-
№1 (147) / 2024-01-31 Административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кадрларды кыскартуу тууралуу
-
№1 (147) / 2024-01-31 Жергиликтүү кеңештин жооптуу катчысын дайындоо жана бошотуу тууралуу
-
№10-11 (144-145) / 2023-11-07 Жер тууралуу