Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

6 (164) 14 Июль 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жер маселелери

2025-07-14 / Юридикалык кеңеш

Жоопторду КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзунун юристтери даярдашты

Логистикалык борборду куруу үчүн жер тилкелерин кантип туура бөлүп берсе болот?

Жооп: Логистикалык борборду куруу үчүн зарыл болгон керектөөчү аянтты аныктап алыш керек. Керектүү аянт аныкталгандан кийин жердин түрүн жана жайгашкан аймактын категориясы аныктап, логистикалык борборду куруу үчүн жерди өндүрүштүк жер категориясына которуу абзел.
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 15-беренесине ылайык, жерди которуу райондук мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирет.

Жерди которууга (трансформациялоого) мораторий жерлердин кайсы түрлөрүнө жайылтылат?

Жооп: 2009-жылдын 31-июлундагы №257 “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин бир түрүнөн экинчи түрүнө жана башка категориядагы жерлерге которууга болбойт. Мораторий сугат айдоо жерлерин газ түтүктөрү жана алардын курулмалары, индустриялык-логистикалык борборлор, өнөр жай объекттери үчүн бөлүнгөн жерлерге которууга (трансформациялоого) жайылтылбайт.

Жерлерди бир категориядан экинчи категорияга которууда мэриялар кандай ыйгарым укуктарга ээ?

Жооп: Шаарлардын мэрияларынын жерлерди которуу боюнча компетенцияларына төмөнкүлөр кирет: 

  • баалуулугу төмөн айыл чарба жерлерин жерлердин кыйла баалуу түрлөрүнө, айыл чарба жерлеринин баалуулугу теңдеш түрлөрүн бир түрдөн экинчи түргө которуу; 
  • жайыттарды, чабындыларды, айыл чарбалык эмес жерлердин түрлөрүн айыл чарба багытындагы жерлердин категориясынан жерлердин башка түрлөрүнө же башка категорияларына которуу;
  • көрүстөндөргө, таштанды полигондоруна, ичүүчү суу менен жабдуунун, саркынды сууларды чыгаруунун, тазалоочу курулмалардын, саламаттык сактоонун, мектептердин жана мектепке чейинки балдар мекемелеринин, маданият жана искусство чөйрөсүнүн объекттерине бөлүнгөн жерлердин бардык категорияларын жана жерлердин түрлөрүн жерлердин башка категорияларына которуу;
  • запастагы жерлерди айыл чарба багытындагы жерлердин категориясына которуу. (КР Жер кодексинин 14-беренеси.

Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жерлерди трансформациялоо чөйрөсүндө кандай ыйгарым укуктарга ээ?

Жооп: Жер участокторун которууда жергиликтүү кеңештин депутаттары айылдык аймактын калктуу конуштарын куруу долбоорлорунун башкы пландарын, шаардын же калктуу конуштун деталдуу пландоо долбоорун бекитет, жеке турак жай куруу үчүн жеке жактардын менчигине берилген жер участокторунун максималдуу өлчөмүн аныктайт.