Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

5 (163) 10 Июнь 2025

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кыргыз Республикасынын ЖӨБ органынын Социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы: актуалдуу суроолорго жооптор

2025-06-10 / Юридикалык кеңеш

КР ЖӨБ Союзу даярдаган жыйнактын материалдары боюнча басылды. Түзгөндөр: Бакыт РЫСПАЕВ, Айнура БАЛАКУНОВА, Данияр АЙТБАЕВ, Айнура БУРКАНОВА. Рецензенттер: Искандарбек МАМАТОВ, Максим СЕМЕНЯК, Айгуль ЖАРКЫНБАЕВА. Бектурган ОРОЗБАЕВдин, Надежда ДОБРЕЦОВАнын редакциясы алдында даярдалды.

2024-жылы мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдарынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуунун жаңы методологиясын бекиткен. Бул методология бир катар жаңылыктарды, анын ичинде бир түрдүү форматты, дайындарды кеңири колдонууну, алгоритмдерди, болжолдоого жана жарандардын катышуусуна коюлган талаптарды камтыйт. Жаңы методология бекитилгенден кийин бардык ЖӨБ органдары пландоонун жаңы аспаптарын колдонгонду үйрөнүү үчүн окуудан өтүштү. Окуунун жүрүшүндө катышуучулар СЭӨПны даярдоо процессин жана жыйынтыгын тактаган көптөгөн суроолорду түзүштү, алардын арасында дайындардын булактарына карата суроолор өзгөчө орунду ээледи. Окууну өткөргөн тренерлер жана методологияны даярдоого жардам берген эксперттер бул суроолорду карап чыгып, жооптордун жыйнагын түзүштү. Бул жыйнак өнүктүрүү программаларын иштеп чыгуу процессинде ЖӨБ органдарына жардам берүү максатын көздөйт.
Колдонмону Дүйнөлүк банктын буйрутмасы менен Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруулар Союзу даярдады. Жыйнак Улуу Британиянын Өкмөтү каржылаган “Экономикалык өнүгүү үчүн натыйжалуу башкаруу” Программасынын алкагында чыкты.

Алгоритмдик ой жүгүртүү” деген эмне? Эмне себептен жаңы методологиялар алгоритмге негизделген?

Буга чейин СЭӨПны даярдоо процессинде көйгөйдүн келип чыгышынын чыныгы себебин аныктоо максатында аларды аныктоодо себептик-натыйжа байланыштар жөнүндө да кошо айтылып келчү. Мисалы, айылда өспүрүмдөр үчүн эс алууну пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу өңдүү көйгөйдүн себеби клубдун авариялык абалда болгонунда эмес, эс алуу үчүн кандайдыр бир кызмат көрсөтүүнүн жоктугунда. Мындан улам, клубдун ремонту эмес, кызмат көрсөтүүнү уюштуруу, мисалы, англис тили курстарынын окутуучусун же футбол боюнча машыктыруучуну жалдоо көйгөйдү чечүүнүн жолу болуп берет. Бул алынган тажрыйбанын негизинде чечимдерди кабыл алууга, тыянак чыгарууга жардам берген логикалык ой жүгүртүүнүн бир мисалы. Логикалык ой жүгүртүү маалыматты талдоого жана чечим кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Алгоритмдик ой жүгүртүү – бул кандайдыр бир конкреттүү тапшырманы аткаруу үчүн иш-аракеттердин ырааттуулугун туура түзүүгө мүмкүндүк берген кийинки кадам. Алгоритмдин эң жөнөкөй мисалы – ырааттуу кадамдардан түзүлгөн дарак отургузуу процесси:

1) башталышы:

  •  жерге чуңкур казуу;
  •  көчөттү отургузуу;
  •  көчөт отургузулган чуңкурду топурак менен толтуруу;
  •  көчөттү сугаруу;

2) аягы.

Бул бир караганда элементардык ой жүгүртүү жөндөмү сыяктуу көрүнүп, ар бир адам дайыма ушундай ой жүгүртүп, ушул аракеттерди жасайт дегендей болушу мүмкүн. Бирок, башкаруу системасында иш-аракеттер туура эмес ырааттуулукта тизилип же кандайдыр бир кадамдар көз жаздымында кала берген учурлар көп кездешет. Мисалы, жаштардын эс алуусун уюштуруу көйгөйүн чечүү үчүн адегенде футбол аянтчасы курулуп, андан кийин гана бул аянтчаны колдонууга даяр жаштар аныкталат.

СЭӨПны даярдоо методикасына карата алгоритмдик ой жүгүртүү эки максатта колдонулат. Биринчиден, процесстин өзү катуу жөнгө салынган жана кадамдардын ырааттуулугу, башкача айтканда, алгоритм түрүндө сүрөттөлгөн. Экинчиден, методиканын ичине болжолдоонун алгоритмдик процесси “киргизилген”. Мисалы, жаңы, түшүмдүүлүгү жогору айыл чарба өсүмдүктөрүн ишке киргизүүдө болжолдоо алгоритми калктын кирешеси өсөрүн, жаштар айылдан башка жакка көп кетпей каларын, төрөттөрдүн саны жана бала бакчаларга муктаждык көбөйөрүн аныктайт.

ЖӨБ органдары СЭӨПны даярдоодо мамлекеттик башкаруунун райондук деңгээли менен кандайча жана кандай маселелер боюнча иш алып барышат?

ЖӨБ органдарынын райондук СЭӨПны даярдоо процессиндеги негизги милдети – ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарына кирбеген, бирок калк үчүн маанилүү болгон (мисалы, айыл чарбасын өнүктүрүү, жумушсуздук, кылмыштуулук жана башкалар) көйгөйлөр жана кырдаалдар жөнүндө маалыматты райондун деңгээлине өз убагында жана толук көлөмдө берүү.

Мындай эриш-аркак иштешүү эмгекке жарамдуу калктын башка жактарга кетүүсүн токтотуу, жумушсуздуктун деңгээлин азайтуу жана демографиялык өсүшкө дем берүү маселелери менен байланышкан СЭӨПнын бөлүмдөрүн даярдоодо зарыл болот.

Башкаруунун эки деңгээли – район жана муниципалитет өнүктүрүү фонддорунун каражаттарынын да, жергиликтүү бюджеттин ресурстарынын эсебинен да өнүктүрүү бюджетин каржылоого тиешелүү маселелерди биргелешип талкуулашат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пландоонун регионалдык деңгээлин өздөрүнүн инвестициялык муктаждыктары, биринчи кезекте инфраструктура жана экономика чөйрөлөрү жөнүндө маалымдашат.

Буга кошумча түрдө мейкиндикти өнүктүрүү маселелери каралууда: мамлекеттик программалар жана регионалдык мейкиндик пландары менен аныкталган чектөөлөр, перспективалар жана артыкчылыктар. Өз ара аракеттенүү өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү, калктын санитардык бейпилдигин камсыздоо, экологиялык жана техникалык көзөмөл сыяктуу темаларды да камтыйт.

ЖӨБдүн аймагында мамлекеттик инвестициялардын долбоорлорун жана улуттук программаларды ишке ашырууда регионалдык түзүмдөр менен координациялоо айрыкча бул долбоорлор экология маселелерин козгосо же кыйла масштабдуу демилгелердин алкагында, мисалы, тоо-кен өнөр жайы чөйрөсүндө экологиялык өңүттөргө ээ болсо, өзгөчө мааниге ээ.

ЖӨБ органдары менен регионалдык түзүмдөрдүн ортосундагы өз ара байланыш жазуу жүзүндөгү же электрондук суроо-талаптар жана аларга жооптор аркылуу жүзөгө ашырылат. Расмий байланыштын мындай формасы макулдашууларды документ түрүндөгү ырастамасын камсыз кылып, биргелешкен иш-аракеттерди так пландоого көмөктөшөт.

Ошондой эле кызматташуу жүзөгө ашырылып жаткан маселелердин чөйрөсүнө төмөнкүлөр кирет:

  • ресурстарды бөлүштүрүү;
  • муниципалитеттердин ортосунда жана мамлекеттик инфраструктураны өнүктүрүү;
  • экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу;
  • социалдык кызматтарды көрсөтүү.

Өзөктүк маселелер боюнча мындай өз ара аракеттенүү жалпысынан региондун да, ошол эле маалда конкреттүү жергиликтүү аймактардын да өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот.

“Санарип Аймак” автоматташтырылган системасын  болжолдоо үчүн кантип колдонсо болот жана ансыз болжолду түзүү мүмкүнбү? 

“Санарип Аймак” автоматташтырылган модели жакынкы келечекте социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын (СЭӨП) алкагында болжолдоолорду түзүү үчүн пайдаланылууга тийиш¹. Ал дайындарды талдоо процессин жеңилдетип, санариптик аспаптардын жана алгоритмдердин негизинде аймакты өнүктүрүү боюнча кыйла жүйөлүү божомолдорду түзүүгө мүмкүндүк берет.

Анткен менен, “СЭӨП” модулун колдонуу милдеттүү болуп саналбайт.

Эгерде “Санарип Аймакка” жеткиликтүүлүк болбосо, божомолду башка ыкмалар менен да түзсө болот, мисалы:

  • эксперттик баалоо – пландоо жана өнүктүрүү боюнча адистерди тартуу менен;
  • статистикалык дайындарды талдоо – демография, экономика, инфраструктура ж.б. боюнча колдо болгон дайындарды пайдалануу менен;
  • салыштырмалуу талдоо – окшош аймактардын тажрыйбасын эске алуу менен.

Ошентип, эң негизгиси – бул аспаптын өзү эмес, сапаттуу талдоонун жана реалдуу баалоонун болушу. “Санарип Аймак” автоматташтырылган маалымат системасы жардам бергени менен, бул жалгыз ыктымалдуу чечим эмес.

Райондук СЭӨП райондун аймагында жайгашкан ЖӨБ органдарынын программаларынын суммасы болуп саналабы? 

Жок. Башкаруунун ар бир деңгээлинин өз ыйгарым укуктары жана жоопкерчиликтери бар. Өнүктүрүү программасы ыйгарым укуктарга жана жоопкерчиликтерге шайкеш гана иштелип чыгат.

Мисалы, Кыргыз Республикасында спортту жана дене тарбияны өнүктүрүү үч деңгээлде – жергиликтүү, райондук жана мамлекеттик деңгээлдерде жүзөгө ашырылат. ЖӨБ органдары спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүп келишет – спорттук аянтчаларды куруп, тейлешет, балдар, жаштар, анын ичинде аялдар жана мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар үчүн ийримдерди жана секцияларды уюштурушуп, жергиликтүү таймаштарды өткөрүшөт. Райондук деңгээлде ири спорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көмөктөшөт, райондук мелдештерди уюштурат жана спорттук мектептердин ишине колдоо көрсөтүшөт.  Мамлекеттик органдар спорт жаатында улуттук саясатты иштеп чыгуу, республикалык спорттук объекттерди куруу, курама командаларды даярдоо, элиталык жана олимпиадалык спортту өнүктүрүү үчүн жооп беришет.

Мисалы, ЖӨБдүн деңгээлинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тиешелүү маселелер кала берүүдө, ал эми муниципалитеттердин ортосунда полигонду уюштуруу үчүн жер берүү чечимин координациялоо райондо болот. Бирок программалардын эки деңгээлинин ортосунда катуу байланыш бар, себеби жергиликтүү программалар ЖӨБ органдары чечүүгө ыйгарым укугу болбогон керектөөлөрдү жана көйгөйлөрдү райондун деңгээлине түзүп жана өткөрүп берет. Бул үчүн методологияларда “бириктирүүчү түйүндөр” каралган.

“Бириктирүүчү түйүн” деген түшүнүк  иш жүзүндө эмнени билдирет?  

Жалпак тил менен айтканда “бириктирүүчү түйүн” – бул СЭӨПны даярдоодо башкаруу деңгээлдеринин (жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация) ортосунда маалымат алмашуу же биргелешкен чечимдер талап кылынган учур же маселе. СЭӨПны иштеп чыгуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, ошондой эле пландоонун регионалдык деңгээлинин (облустун) ортосунда системалуу маалымат алмашуу дегенди билдирет. Алгоритмде мындай өз ара байланыш каралган учурларда “бириктирүүчү түйүн” деген атайын белги колдонулат.

Социалдык-экономикалык программанын алгоритминде “бекитүү түйүнү” түшүнүгү жалпы программанын долбоорун түзүү үчүн бардык бөлүмдөрдө дайындар жана пландар бир жерге чогултулган этапты билдирет. Бул жерде ар бир бөлүмдүн максаттары менен иш-аракеттеринин байланышы жана ырааттуулугу камсыз кылынат. “Бириктирүүчү түйүндү” ишке ашыруу үчүн жумушчу топтун мүчөлөрү чогулуп, ар бир бөлүм боюнча даярдалган материалдарды талкуулашат, карама-каршы пикирлерди чечишет жана жалпы программанын текстин түзүп чыгышат. Бул этап программанын толуктугун жана ырааттуулугун камсыз кылуу үчүн өтө маанилүү болот.

СЭӨПнын “татаалдык деңгээли” деген эмне жана ылайыктуусун кантип аныктоого болот?

Алгоритм бардык ЖӨБ органдары үчүн бирдей болгону менен, ЖӨБ органдарынын өздөрү бири-биринен олуттуу айырмаланат. Айрыкча, облустук маанидеги шаарлардын жана борборлордун СЭӨПсын даярдоо процесси жана татаалдыгы айырмаланышы мүмкүн. Методологияда иштелип жаткан СЭӨПнын татаалдыгынын эки деңгээли каралган – кыйла татаал жана анча татаал эмес. Облустук маанидеги шаарлар сыяктуу башкаруунун кеңейтилген системасы бар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары СЭӨПны даярдоонун татаал деңгээлин тандай алышат. Алгоритмдеги тиешелүү фрагменттерге “Татаал деңгээл” деген белги коюлган. Ири шаарлардын мэриялары жана ЖӨБдүн ири айылдык органдары жумушчу топко шаардык тармактык бөлүмдөрдүн жана кызматтардын өкүлдөрүн киргизишет, ал эми шаарлардын мэриялары социалдык-экономикалык пландоо жана болжолдоо чөйрөсүндө кесипкөй экспертизаны тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

_______ 

¹ Бул жыйнак түзүлүп жаткан маалда “Санарип Аймак” АМСда пландоонун автоматташтырылган модулу иштелип чыгуу баскычында турган.