Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жумуштан бошонгон айыл ёкмёт кызматкеринин өргүүсү тууралуу

2015-10-08 / Юридикалык кеңеш

Бектурган ОРОЗБАЕВ тарабынан даярдалды

СУРОО Айыл өкмөтүнүн кызматкери кезектеги жылдык өргүүсүн алгандан кийин болгону беш ай иштесе, иштен бошонор алдында өргүүгө чыга алабы?
 
ЖООП Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 132-беренесине жана 135-беренесине ылайык, кызматкер жумуштан бошонгондо ал пайдаланбаган бардык өргүүсү үчүн акчалай компенсация төлөнүп берилет. Биз карап жаткан мисалда, айыл өкмөтүнүн кызматкерине эмгек өргүүсүнүн узактыгы үчүн акчалай компенсация иштеген убактысына пропорциялуу – 5 ай үчүн төлөнөт. Пайдаланылбаган өргүү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызы боюнча андан кийин жумуштан бошогондо берилиши мүмкүн (күнөө кетирип жумуштан бошоткон учурду кошпогондо).
 
Мында жумуштан бошонгон күн деп өргүүнүн акыркы күнү эсептелет. Эмгек өргүүсүнүн узактыгын иш жылындагы иштеген убакытка пропорциялуу эсептөө бир айга туура келүүчү өргүүнүн өлчөмүн иш жылындагы иштелген айлардын санына көбөйтүү жолу менен жүргүзүлөт. Иштеген убакытка пропорциялуу үлүштө өр күндөрүнүн жалпы узактыгы 0,5ке барабар болот жана андан ашыгы 1 күнгө чейин тегеректелет, ал эми 0,5тен азы эсептен чыгарылат. Иш жылындагы иштелген толук айлардын эсеби төмөнкүдөй чыгарылат:
 
  • иш жылына киргизилген күндөр эсептелинет;
  • алынган сумма бир жылдагы жумуш күндөрүнүн айлык орточо санына бөлүнөт;
  • 13 жана андан ашык жумуш күнүнө барабар калдык күндөр толук айга чейин тегеректелет, ал эми 13 жумуш күнүнөн аз калдык күндөр эсептен чыгарылат.

Окшош материалы: