Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Менчик жана жерлер тууралуу

2016-04-04 / Юридикалык кеңеш

Муниципалитеттен келип түшкөн суроолорго ӨСИнин укук маселелери боюнча адиси Бектурган Орозбаев жооп берет.

СУРОО: Спорт комплекси же мини футбол талаасы жамааттын кызыкчылыгында иштешин камсыздоо, анын эффективдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн объектти муниципалдык менчиктен жеке башкарууга кантип өткөрө алабыз?

ЖООП: “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КР Мыйзамынын 3-беренесине ылайык (мындан ары – Мыйзам) муниципалдык менчикте төмөнкү мүлктөр болушу мүмкүн:

  • жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, аларга караштуу ишканалардын имараттары, жабдуулары жана башка кыймылсыз мүлкү;
  • билим берүү, саламаттык сактоо, маданият, спорт жана туризм объекттери.

Муниципалдык менчикте турган спорттук объекттер ушул Мыйзамдын 15-беренесине ылайык, жеке жана юридикалык жактарга пайдаланууга жана ижарага берилиши мүмкүн. Муниципалдык менчик объекттерин пайдаланууга жана ижарага берүү жергиликтүү кеңештердин чечимдери, тооруктарды өткөрүү жолу менен жүргүзүлөт.

Тоорук өткөргөндө жана кыймылсыз муниципалдык мүлктү (спорт объекти) бир жылдык жана андан көбүрөөк мөөнөткө ижарага же пайдаланууга берүү жөнүндө келишим түзгөн учурда төмөнкүдөй жол-жоболор колдонулат:

  • айыл өкмөтү кыймылсыз муниципалдык менчикти ижарага же пайдаланууга берүү ниети жөнүндө табыштаманы кабыл ала тургандыгы тууралуу кулактандыруу жарыялайт. Жазуу жүзүндөгү билдирүү коомдук жайларда илинүүгө жана массалык маалымат каражаттарында жарыяланууга тийиш;
  • кулактандырууда менчик, анын жайгашкан жери жана сыпатталышы, ижаралоо же пайдалануу укугун сатып алуунун эң төмөнкү баасы, ижаралоо же пайдалануу укугуна карата белгиленген шарттар же чектөөлөр, тендерди өткөрүү убактысы жана өтө турган жери көрсөтүлөт. Кулактандыруу сатыла турган күнгө кеминде 30 күн калганда жарыяланат;
  • ичине табыштама салынып, чапталган конверттер баарына көрүнөө болгон коомдук жайда элдин көзүнчө ачылат. Ижаралоо же пайдалануу укугу эң жогорку бааны жана бул бүтүм үчүн белгиленген шарттарды канааттандырган шарттарды сунуш кылган адамга берилет. Коомчулукка конкурстун жыйынтыгы, анын ичинде конкурсту жеңип алуучунун аты-жөнү, баасы жана бул бүтүм боюнча ар кандай чектөөлөр жөнүндө коомдук жайда илинген жазуу жүзүндөгү билдирүү аркылуу жана бул маалыматты мүлккө муниципалдык менчиктин жергиликтүү реестрине киргизүү аркылуу билдирет.

Муниципалдык мүлктү ижарага же пайдаланууга берүүдөн түшкөн бардык кирешелер, комиссиялык, юридикалык жана башка чыгымдарды кармап калгандан кийин жергиликтүү бюджетке келип түшөт. Муниципалдык мүлк пайдаланууга же ижарага берилген адам, мамлекеттик каттоо органдарында каттоодон өтүү, ошондой эле ар кандай каттоо чыгымдары үчүн жоопкерчилик тартат.

СУРОО: Жеке турак жай курулушу үчүн жер тартыш болуп турган шартта жергиликтүү мамлекеттик администрация райондун аймагындагы ээсиз жерлерге анализ жүргүзүүдө. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мындай инвентаризация жүргүзүүгө укугу барбы жана алар кайсы ченемдик укуктук акты менен жөнгө салынат?

ЖООП: Суроонун контекстинен алганда, анын авторун жүргүзүлүп жаткан инвентаризация жеке турак жай курулушуна жер бөлүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө таасирин тийгизеби же жокпу деген кызыктырууда. Тикелей таасирин тийгизбейт. Анткени сөз мамлекеттик жерлерди инвентаризациялоо тууралуу жүрүүдө. Ал эми алар жеке турак жай курулушуна жерлерди категориядан категорияга трансформациялагандан кийин гана берилет. Анткен менен мамлекеттик жерлердин дагы да толук эсеби деталдуу инвентаризациялоо трансформацияга карата мындан да жүйөлүү чечимдерди кабыл алууга жардам берет.

Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо бир жолку процесс жана “Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоонун тартиби жөнүндө” Жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Бул Жобо “КР жер фондуна инвентаризациялоону жүргүзүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы №114 токтому менен бекитилген.

Бул токтом менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине төмөнкүлөр тапшырылган:  

  • 2014-2018-жылдар аралыгында республиканын жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзсүн, менчигинин түрүнө жана ведомстволук баш ийүүсүнө карабастан чарба субъекттеринин ортосундагы чек араларды белгилөө боюнча жумуштарды аткарсын;
  • жер фондуна инвентаризациялоо жүргүзүү үчүн бекитилген бюджеттин чегинде жыл сайын зарыл болгон каражаттарды караштырсын;
  • айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн айыл чарба жерлерин берүүгө байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруудан келип түшкөн каражаттарды жер фондун инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүзүү максатында пайдалануу жагын карасын жана сунуштарын берсин;
  • «Айыл чарба көмөкчү кызматтарга колдоо көрсөтүү» долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндөгү каражаттарды космостон сүрөткө тартуунун жогорку тактыктагы орто-фотопландарын сатып алуу максатында пайдалануу маселеси боюнча Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн;
  • жыл сайын жер фондун инвентаризациялоонун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.

Андан ары бул токтом менен жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын жер фондун инвентаризациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык республиканын жер фондун инвентаризациялоого көмөк көрсөтүү тапшырылган.

Окшош материалы: