Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Ветеринар тууралуу

2016-04-04 / Юридикалык кеңеш

Муниципалитеттен келип түшкөн суроолорго ӨСИнин укук маселелери боюнча адиси Бектурган Орозбаев жооп берет.

СУРОО: 2015-жылы айыл өкмөтү келишим боюнча ветеринарды жалдаган. Анткен менен 2016-жылы мындай келишим түзүлгөн жок. Ветеринарды айыл өкмөтүнүн штатына кошо алабызбы же аны менен келишимди жергиликтүү бюджеттен каржылай алабызбы? Анткени айылда ветеринардык кызмат көрсөтүүгө болгон талап жогору.

ЖООП: Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары- нын ветеринарды жалдоо маселеси ыйгарым укуктуу орган бул ыйгарым укуктарды каржылоону камсыздайт деген шартта чечилсе болот. Анткени ал ыйгарым укук мамлекеттик болуп эсептелет. Анткен менен мамлекет жалпы ветеринария үчүн толук жоопкерчилик албайт. Ал болгону мамлекеттин компетенциясына кирген бөлүгү үчүн алат; ушуну менен бирге ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн бир бөлүгү жеке секторго берилет жана жергиликтүү да, мамлекеттик да бюджеттерден төлөнбөйт. Мыйзамдарга ылайык, ЖӨБ органдарына төмөнкү ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн:

  • жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу ылаңдары пайда болгондо карантинди жана башка чектөө чараларын киргизүү;
  • ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга карды иш-чараларды аткаруу;
  • ооруган жаныбарларды жок кылуу, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.

2014-жылдын 30-декабрындагы №175 “Ветеринария жөнүндө” КР Мыйзамы (мындан ары – Мыйзам) ветеринария жаатындагы укуктук, социалдык, уюштуруучулук, каржы-экономикалык негиздерди аныктайт жана адамдардын жана жаныбарлардын жалпы илдеттеринен калкты коргоого, Кыргыз Республикасынын аймагында эпизоотиялык амандыкты жана ветеринардык-санитардык коопсуздукту камсыз кылууга багытталган.

2015-жылдын 2-июлунда киргизилген акыркы өзгөртүүлөргө ылайык, Мыйзам КР Конституциясынын 113-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына шайкеш келтириленин белгилей кетүү керек. Анда мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тууралуу мыйзамдарга ылайык, ветеринария боюнча ЖӨБ органдарына кошумча мамлекеттик ыйгарым укуктар ыйгарылган.

Буга байланыштуу Мыйзамдын 4-беренеси ветеринария тутумундагы субъекттерге төмөнкүлөрдү киргизет:

  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү;
  • ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
  • жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
  • берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарынын алкактарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
  • кесиптик этика ченемдеринин сакталышын контролдоо боюнча көз карандысыз ветеринардык статуардык орган;
  • ветеринардык ишкердик менен алектенген адамдар (жеке ветеринар дарыгерлер).

Андан кийин Мыйзамдын 7-беренеси ЖӨБ органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды бергени менен, аларды ветеринария жаатындагы жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктары менен так ажыратат:

Жаныбарлардын жугуштуу ылаңдарынын пайда болуу же табылуу коркунучу учурунда ветеринария боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик админиcтрация тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктердин аймактарында карантиндик же башка чектөө чараларын белгилейт же алып салат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз компетенциясынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн которулган каражаттардын эсебинен каржылоону жүзөгө ашырат жана карантиндик жана башка чектөөчү чараларды жүргүзүүдө уюштуруучулук жана чарбачылык иш үчүн жоопкерчилик тартат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун алкактарында ветеринардык-санитардык талаптарды жана эпизоотияга каршы иш- чараларды аткарууну камсыз кылат.

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар өз ыйгарым укуктарынын алкактарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын алкактарында табылган оорулуу жаныбарларды жок кылууну жүзөгө ашыруу үчүн, ошондой эле өлгөн жаныбарлар көмүлгөн жерлерди талаптагыдай күтүү үчүн жоопкерчилик тартат.

Ошентип, Мыйзамдагы ЖӨБ органдарынын ветеринария боюнча ыйгарым укуктар бөлүгүнө киргизилген акыркы өзгөртүүлөр (2015-жылдын 2-июлундагы) аларды берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар катары аныкташат. Натыйжада, ЖӨБ органдарына бул маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктарды методикалык коштоо жана республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилген финансы каражаттардын эсебинен штаттык бирдикти камсыздоо талап кылынат.

Окшош материалы: