2016-10-18 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы
Жергиликтүү блогерлер анда-санда сүйүктүү борбор калаанын сүрөттөрүн социалдык тармактарга жүктөп калышат: асмандан тартылган жаңыланган көчөлөр, май айында гүлдөгөн сирендерге курчалган сейил бактар, түнкү Бишкекке өзгөчө жарык берип турган көп кабаттуу үйлөр жана мейманканалар, эски көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдары, алар болсо бир күндө таланттуу граффити сүрөтчүлөрдүн жардамы менен чоң сүрөткө айланып чыга келет.
Мына ошондо сен бир маалда күндөн күнгө өсүп, чоңоюп келаткан өз шаарыңды жаңыча көз менен карап, башкача сезе баштайсың. Шаар соңку архитектуралык моданы сынаганга аракет кылганын, ресурсу аз болсо да, сулуулук, гармония, ыңгайлуулук тууралуу көп жакшы элеси болбосо да модадан артта калгысы келбеген жаш бишкектик селкиге окшошконун байкайсың. Бу таң калычтуу эмес. Шаарга көрүнбөгөн жиптер менен чындап байланган адамдар ага жандуудай мамиле жасашат. Алар үчүн Бишкек – тирүү организм. Шаар анда жашаган адамдардай эле камкордукка, көңүл бурууга жана сүйүүгө муктаж болгону эч талашсыз деп эсептешет мындай адамдар. Бул макалада биз ошолордун айрымдары тууралуу айтып беребиз. Бул бизге өзгөчө жагып турат, себеби сөз жаш энтузиасттар жөнүндө болот. Алар менен “Мен шаарды өзгөртөм” Колдонмо Урбанистика Мектебин (КУМ) ачуу боюнча долбоордун арты менен таанышып калдык. ДолбоордуӨнүктүрүү саясат институту жана “Шаар демилгелери” фонду ишке ашырат. Ал эми финансылык колдоону “Сорос-Кыргызстан” фонду менен Колдонмо Урбанистика Борборлорунун тармагы (Орусия) биргелешип көрсөтүшөт.
Июнда угуучуларды кабыл алуу тууралуу жарыя чыгып, анда мектептин шарттары, иш режими, тренерлердин аты-жөнү, лекциялардын темалары жарыяланган. Жай мезгилин эске алгандын өзүндө каалоочулар өтө көп болду. Адамдарды 8 июлдан 29-августка чейин – жай бою окуш керек деген факт да качырган жок. Угуучуларды жаңы билим алып, короо район/мегаполис масштабында шаар долбоорлорун ишке берүү жана менеджменти үчүн заманбап технологиялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгү өзүнө тартып турду. – Шаарыбызды кооз, коопсуз жана жашоо үчүн ыңгайлуу кылып, ага өзгөчө көрк бериш үчүн сөзсүз эле саясатчы же аткаминер болушуң шарт эмес. Бул үчүн аны таанып, үйрөнүшүң керек. Сүйүктүү шаарын түшүнгөндү үйрөнүп, жашоо чөйрөсүн кайра түзүү процессине тикелей катышууну каалагандар үчүн биз уникалдуу мүмкүнчүлүк бердик,- дешти жайкы Мектептин уюштуруучулары долбоорго кызыккандардын баарына. – Келечекте биздин максат – Кыргызстанда Колдонмо Урбанистика Борборун түзүү. Мындай борборлор дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө бар жана ийгиликтүү иштеп келатышат. Эмесе КУМда кимди күтүштү? Биринчи кезекте жигердүү, кайдыгер эмес, окууга жана алган билимин практикада колдонууга даяр адамдарды. Алар ишкер, жаш адис (архитектура, социология, журналистика, антропология ж.б.), кварталчы, ЖЖШ башчысы болушу мүмкүн.
Мектептин уюштуруучулары убада кылгандай эле, эч ким зериккен жок. Окуу теманы интенсивдүү үйрөнүү менен башталды – шаарды изилдөөлөр жана социалдык долбоорлоо боюнча адистештирилген лекциялар жана мастер класстар, командаларда практикалык иштер болду. Төрт блоктон турган программанын жыштыгынан 7-микрорайондогу №13 шаардык китепкананын окуу залы эч качан бош болгон жок. Дал ушул жерде КУМ иштеп жатты. Бул жерде дайыма катышуучуларды көрүүгө болот. Бул жакка иштен кийин достор менен шаар чөйрөсүндөгү байкоолору, изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүшүп, башкалардын жаңылыктарын угуп, кураторлорго алгачкы эмгектерин көрсөтүп, кеп кеңеш суроо үчүн катышуучулар агылып жатышты.Жайкы Колдонмо Урбанистика Мектебин КУБ тармагынын координатору, орусиялык изилдөөчү Святослав Мурунов ачты. Ал “Шаарды өнүктүрүүнүн аспаптары” деп аталган үч күндүк мастер-класс өткөрдү. Ал жерден көпчүлүк катышуучулар өздөрү үчүн урбанистиканы илим, көрүнүш катары ача алышты. Андан кийин предметти дагы да деталдуу изилдөө болду. Мектептин катышуучулары мейкиндикти жана шаар субъекттерин анализдөө, шаардын маданияты жана экономикасы тууралуу маалыматтарга ээ болушту.
Изилдөө, картирлөөдизайны, маалыматтар менен иштөө, изилдөөнүн сандык усулдары, шаардын социологиясы жана антропологиясы, жамаат куруунун көркөм практикалары жана технологиялары тууралуу лекцияларды угушту. Көпчүлүктүн айтымында, конфликтология, түрдүү маданий объекттерди жана коомдук мейкиндиктерди жамаат күчү менен жолго салуу ыкмалары тууралуу темалар абдан пайдалуу болду. Окуунун соңунда төрт топко бөлүнгөн катышуучулар алган билимдин базасында өз долбоорлорун иштеп чыгышы керек болгондуктан, устаттары алар менен тыгыз байланышты кармап, кепкеңештерин эч аяшкан жок. Дээрлик баары долбоорлорду даярдоодо көйгөйдү терең, мүмкүн болушунча бардык тараптан изилдөө керектигин айтышты. Интернеттен гана издебестен, шаарды аралап, жашоочулар жана кошуналар менен баарлашып, аткаминерлердин пикирин угуп көрүү да сунушталды. Бирок эртеби кечпи бардык нерсе бүтөт эмеспи. Ошентип күздүн келиши менен “Мен шаарды өзгөртөм” жайкы мектебинин уюштуруучулары эң дилгир, эң жигердүү, эң чыгармачыл, эң креативдүү катышуучулар жолдун жарымын басып өтүшкөнүн айтышты.
Булар – башында катышкандардын жарымынан азы, жумуштан кийин кечинде жана дем алыш күндөрү сабактан, лекциялардан калбай келип тургандар, өз долбоорлорун иштеп чыгууга жигердүү катышкандар. Алар ишемби күнү 17 сентябрда Өнүктүрүү саясат институтунун жыйындар залында чогулушту. Процесске тартылган бардык катышуучулар жана аларды колдогондор ар бир топ эмнелерди иштеп чыкканын, кантип таң калтырып, эмнени ойлоп тап- канын билүүгө ынтызар болуп турушту.Негизинен түрдүү кесиптеги жана кызыкчылыктардагы жаштардан турган төрт команда үч ай мурда Бишкекти кооз, коопсуз жана жашоо үчүн ыңгайлуу шаарга айландыруу үчүн КУМ аянтчасында бириккен. Өз идеяларын жана пландарын реалдуу долбоорлорго айландыруу үчүн кыз-жигиттер микрорайондорго, сейил бактарга, шаардагы короолорго барып, туура багытта баратканын текшериш үчүн жашоочулар менен баарлашуу үчүн “талаа” иштери менен лекцияларды айкалыштырып келишти. Биринчи болуп “Мастерская 13” деп аталган долбоорун архитекторлор тобу коргоду. Жаштар өзүнүн жакынкы пландары жана аракеттери менен бөлүштү: алар ар бир каалоочу архитектура жана искусство, шаарды өнүктүрүүнүн заманбап тенденциялары тууралуу кызыктуу лекцияларды уга ала турган аянтча түзүшөт. Бирок мындан тышкары архитекторлор чыгармачыл адамдарга кол менен да иштеп көрүүнү сунушташат – эмеректин деталдарын иштеп чыгып, оюнчуктарды жасап, өз батиринин же үйүнүн дизайнын ойлоп табуу ж.б. Дал ушул нерсе курулуш жана архитектура факультеттеринин студенттери жана бүтүрүүчүлөрү үчүн абдан зарыл эмеспи. “Мастерская 13түн” авторлору долбоор аларга практикада өзүн сынап көрүү, ойлогон оюн иш жүзүнө ашыруу мүмкүнчүлүгүн берет деп эсептешет.Балдар өз устаканасы үчүн шаардын борборунда жай таап, инвесторлордун көңүлүн бура алганы бул долбоор – дээрлик даяр стартап болгонунан кабар берет.
Ыктыярчы, ӨСИ кызматкери Гузеля Жаналиеванын баяндамасы баарында чоң кызыгууну жаратты. Анын 7 микрорайондогу Бишкек гуманитардык университетинин жайкы аянтчасын калыбына келтирүү жана абаттоо боюнча планы эч кимди кайдыгер калтырган жок. Кыздын идеясы жана концепциясы баарына жакты: командалардын кураторлоруна да, Мектептин катышуучуларына да, чакырылган конокторго да. Долбоорду оңой эле ишке ашырса болот, ал көп бюджетти талап кылбайт, ошол эле маалда кадимки шатыны көп функционалдуу түрдө колдонуунун кеңири мүмкүнчүлүктөрү кызыгуу жаратты. Бардык топтор Гузелянын кызыктуу долбооруна катышып, өз салымын кошуу ниетин билдиргени да жөн жерден болбосо керек. Бир гана иш калды – жогорку окуу жайдын администрациясынын жана жергиликтүү жамааттын уруксатын алыш керек. “Сүйүктүү шаар” командасынын курамында башка топторго салыштырмалуу улуу муундун өкүлдөрү топтолгон. Бирок жашоочулар менен иш алып баруу, кошуналык мамилелерди жөнгө салуу, өз катарына башка шаардыктарды тартуу жагынан эң натыйжалуу топ деп табылды. Мында 10 микрорайондогу “Серебрянный родник 27” ТСЖ төрайымы Галина Ивановна Чепанованын турмуштук жана кесиптик тажрыйбасынын пайдасы тийген өңдүү. Галина Ивановна сегиз жыл домком болуп иштеген жана өзүнүн көп кабаттуу үйүндө жашагандардын баарын тааныйт.
Аларды гана эмес, бул абдан ыңгайлуу короону жакшы көрүп калып, ушул жерде эле жүргөн кошуна үйлөрдө жашаган, тегеректеги мектептерде жана жогорку окуу жайларда билим алган жаштарды жана өспүрүмдөрдү да тааныйт. Анын командасы кооз жана ыңгайлуу, таза, достук чөйрөнү түзүү үчүн көп иштерди жасап келатат. Дагы түрдүү иш-чаралар пландарда бар. Алар: тажрыйбалуу агроном айтып бере турган гүлдөр жана гүл чамбарлар тууралуу лекциялар, “Күздүн белеги” базарын уюштуруу – бул жерде дачада жашагандар кандай жер-жемиштерди өстүргөнүн айтып беришмекчи. Түшүм майрамы мыкты рецептке жарыяланган сынак менен жыйынтыкталып, баары чай ичип тарашмакчы. “Китеп окуган Эркиндик” долбоору кызуу талкууну жаратты. Долбоор менен жаш урбанчы Атай Самийбек улуу жана анын достору тааныштырды. Бишкектиктер өзгөчө жакшы көргөн бул эс алуу жайын таза абадагы “окуу залына” айландыруу – ак ниет жана татаал тапшырма. Мегаполис жашоочуларынын маданий жана руханий көрөңгөсүнө тынчсызданган Атайдын командасынын алдында көп иштер турат. Бирок, көптөр белгилегендей, максат чындап татыктуу. Анткени Эркиндик бульвары бул жерде адабият, маданият жана искусство чыгаандары жашап кеткени менен белгилүү. Бул жерде өлкөнүн тарыхына олуттуу салым кошуп, аны дүйнөгө тааныткан Кыргызстандын чыныгы чыгармачыл элитасы жашаган.
Белгилей кетчү жагдай, бардык баяндамачылар – өз долбоорлорун ишке ашыруу үчүн акча алууга реалдуу талапкерлер. «Сорос-Кыргызстан» фонду жана жайкы Мектептин уюштуруучулары башында эле бул тууралуу катышуучуларга айтып, мыкты эмгектер кагаз бетинде калбай турганын, ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун эскертишкен. Эң негизгиси – аны кызыктуу идеяны биринчи болуп ойлоп тапкандар ишке ашырат.Баяндамалар менен тааныштыруу маалында катышуучулардын көбү аларга москвалык социолог Дмитрий Заец менен жолугушуулар чоң жардам бергенин белгилеп жатышты. Заец кошуна жамааттарды уюштуруунун негиздери жана туруктуу кошуналык мамилелерди түзүү үчүн зарыл болгон социалдык технологиялар тууралуу айтып берген эле. Андан катышуучулар жергиликтүү жамааттарда менеджерлердин ишинин негизги усулдары тууралуу биле алышты. ЖӨБ деген эмне жана жергиликтүү жамааттын турмушунда, өнүгүүсүндө кандай маанилүү ролду ойной турганын жайкы Мектептин катышуучуларына бул жааттагы эксперт, Өнүктүрүү саясат институтунун башкаруу төрайымы Надежда Добрецова айтып берди. Шаарды изилдөөдө көркөм мамилеге көңүл бурган Диана Ухинанын лекциялары жана практикуму чындап кызыктуу жана пайдалуу болду. “Мен шаарды өзгөртөм” долбоорунун алкагында бардык баяндамачылар жана лекторлор Мектептин катышуучуларына урбанистиканын түрдүү жаатында мүмкүн болушунча көбүрөөк маалымат жана билим берүүгө аракет жасашты. Балким сүрөтчүлөр, дизайнерлер, социологдор менен Бишкектин учурдагы жана келечектеги архитектуралык жүзү тууралуу баарлашуулар жана талаш-тартыштар көптөрдүн эсинде калса керек.
Албетте белгилүү шаар чөйрөсүн изилдөөчү Святослав Муруновдун тренингдери да эстен чыкпай турган болду. Колдонмо Урбанистика Мектебинин координатору Динара Каныбек кызынын айтымында, уюштуруучулар окуу сессиясынын соңунда катышуучу командалардын ишин гана кабыл албастан, сүйүктүү шаары үчүн чындап күйгөн, долбоор бүткөндөн кийин да бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга өзүнүн чыгармачыл же интеллектуалдык салымын кошууну каалаган адамдарды бир аянтчага чогултуп, бириктирүү максатын көздөштү. – Бул максатка жеттик. Мунун мисалы – түрдүү, кызыктуу төрт команда түзүлдү. Алардын жалпы максаты – сүйүктүү шаарды мындан да жакшы жана кооз кылууга умтулуу. Алар эми биздин коомго чыгармачыл, жаратмандык духту алып келиш үчүн досторун, кошуналарын тартып, тегерегине санаалаштарды бириктирет, - деди Динара Каныбек кызы. Мектеп жабылганы менен анын катышуучулары ишин улантууда. Бардык төрт команда тең ушул тапта алардын долбоорлору кагаз бетинде кала бере турган фантазия эместигин, реалдуу болуп, шаардыктарга пайда алып келерин далилдөөнүн үстүнөн катуу иштеп жатышат.