Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

9 (155) 11 Сентябрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Социалдык контракт деген эмне?

2016-11-08 / Юридикалык кеңеш

КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (ЭСӨМ) ушул жылдын сентябрь айында социалдык контракт форматында аз камсыздалган үй-бүлөлөр менен иштөө үчүн аймактык бөлүмдөрүнүн жана айыл өкмөтүнүн адистерине окуу өткөрдү. Элет жергесинде аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жөлөк пул берүүнүн жаңы дизайнынын идеясы боюнча, жөлөк пул алгандар аз камсыздалганы боюнча алган жөлөк пулду натыйжалуу колдонушу керек. “Социалдык контракт – бул аз камсыздалгандыгы боюнча ай сайын жөлөк пул алган үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүүнүн жаңы түрү. Аз камсыздалган үй-бүлөнүн каалоосу боюнча социалдык өнүгүүнүн аймактык органдары менен өз ара милдеттенмелер тууралуу макулдашуу түзүп, жөлөк пулдун жылдык же жылдык суммасынан 75% алса болот.Бул каражат мал чарбасын, өсүмдүк өстүрүүнү же майда ишкерликти өнүктүрүүгө жумшалса болот. Социалдык контрактка катышууну каалаган ар бир үй-бүлө социалдык адаптация программасын иштеп чыгып, аны социалдык өнүгүү жанажергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын колдоосу жана көмөгү менен ишке ашырат”, - деп блдиришти ведомстводон.

Кандай маселе жаралды? КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги (КР ЭСӨМ) ай сайын социалдык жөлөк пул берип турат. Бул үчун бюджеттен калкка 2015-жылы 4,7 млрд. сом бөлүнгөн. Анткен менен чөнтөгү жука үйбүлөлөр ошол эле абалда калышты. Буга байланыштуу суроо жаралат: аз камсыздалгандык боюнча социалдык жөлөк пулдун тийиштүү көлөмүн колдонуу менен, чөнтөгү жука үй-бүлөлөрдүн турмушун кантип жакшыртса болот? Жөлөк пул алгандар анын көлөмү аз болгонуна даттанса, ЭСӨМ жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүгө каражаты болбогонун айтат. Мындай жагдай жөлөк пулду колдонуунун жаңы формаларын издөө үчүн өбөлгө болду. Жөлөк пулдун көлөмү аз камсыздалган үй-бүлөлөргө өз ишин баштап, көбүрөөк аянтка айыл чарба өсүмдүктөрүн эгип, саан уй сатып алганга жетиши үчүн эмне кылыш керек? Ошентип отуруп социалдык жөлөк пулду берүүнүн жаңы дизайны жаралды. Мында жөлөк пул айына бир жолу эмес, жылына бир жолу, же жөлөк пулдун жылдык суммасынан 75% бир жолу берилет.

Эски вариантка ылайык, жөлөк пул ай сайын берилчү. Анткен менен мындай вариант аны алгандар үчүн бир ыңгайсыздыкты жаратчу – көлөмү өтө эле аз болчу. Жөлөк пул алуучулар бул акчаны майнаптуу колдоно алышпайт. Мисалы, талаа иштетип, мал сатып алып ж.б.. Буга жараша аларда СЭӨМге кайрылып, кандайдыр бир ишти баштоо үчүн жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүп берүүнү өтүнүштү. Анткен менен СЭӨМде жана мамлекетте жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүүгө каражаты болгон эмес. Тескерисинче, мамлекет аз камсыздалгандыгы боюнча жөлөк пулдарды алуучулардын санын азайтууда. Мына ушундай кырдаалда СЭӨМ жол издөөдө. Буга ылайык, жөлөк пулдун көлөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгү жок.

Мындай сунушту Дүйнөлүк банк берди: жөлөк пулду жылына бир жолу же бир жылдык суммасынан 75% берүү. Бирок адегенде жөлөк пулдун алуучулары канткенде алган акчаны натыйжалуу колдоно алат деп айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлерин окутуу керек болчу. Суроо жаралат: эски вариант өзүн актабай калдыбы, же жокпу? Бул суроого жоопту Нарын облусунун Ак-Талаа районунда, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда, Чүй облусунун Аламүдүн районунда жана Ош облусунун Өзгөн шаарында өткөрүлгөн сыноонун жыйынтыктары берет. ЭСӨМ маалыматтары боюнча, 2015-жылы аз камсыздалгандыгы боюнча алгандардын саны 10 миң балага кыскарган1. Балдары бар, аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилген жөлөк пулдун орточо көлөмү бир жылда 38,9% көбөйгөн. Мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын жалпы саны (аз камсыздалган балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр, жетим балдар) 384,8 миң адамды түздү. Бул үчүн бюджеттен калкка 4,7 млрд. сомдон ашык акча которулган.

Жаңыча мамиле – оң жана терс жактары Жөлөк пулду жылына бир жолу, же жылдык суммадан 75% бергенде чоң сумма чогулуп калат. Иш ачып, саан уй сатып алып, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүгө колдонсо болот. Жөлөк пул алуучулардын керектөөлөрү эми эсепке алынган сыягы. Мындан ары жөлөк пулдун бүт суммасын жылына бир жолу алса болот. Алуучу канааттаныш керек. Жыл үчүн болгон сумма алынды. Бирок бул акчаны кан- тип сарпташ керек? ЭСӨМ ыктыярдуу түрдө өнүгүү планын түзүп берүүнү сунуштайт. Жөлөк пулду алуучу каражатты кантип колдонот? Мына ушул жерде эки суроо пайда болот.

 Биринчиси - ЭСӨМ жөлөк пул алуучу каражатты кантип колдонуп жаткан процессти көзөмөлдөй алабы? Акчаны кантип колдоно турганы тууралуу чечимге таасирин тийгизе алабы? Ооба, айыл өкмөтү (?) менен жөлөк пул алуучу ортосунда түзүлгөн социалдык контракт мындай инструментарий болуп бере алат. Эгерде социалдык контрактты түзгөндөн кийин жөлөк пул алуучу келишим боюнча өзүнө алган милдеттенмелеринен баш тартса эмне болот? Жаза чаралары колдонулабы? Жөлөк пул берилбей калабы? Өтө көп суроолор жаралып, аларга жоопту пилоттун жыйынтыктары берчүдөй. Жөлөк пул алуучу чоң сумманы алганы – бул чоң плюс. Жөлөк пул алуучуга акчаны кантип колдоно орун өз алдынча чечүүгө мүмкүнчүлүк берилсе, ал социалдык контракт менен байланбаса жакшы болмок. Мисалы, ал жолдомо сатып алып, карыздарын төлөп, же той өткөрүшү мүмкүн. Социалдык контракт каражатты өнүгүүгө гана жумшаганды караштырат. Бирок аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө башка да көйгөйлөр толтура эмеспи.

Социалдык контрактты аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу ЭСӨМ алдына койгон максат ак ниеттүү: жөлөк пул алуучулардын санын кыскартуу, акыры өлкөдөгү жакырчылыкты деңгээлин азайтуу. Суроо жаралат: колдо болгон ресурстарды жана ага жетүү ыкмаларын эсепке алганда, алдыга коюлган максатка жетүү канчалык реалдуу? Максатка жетүүнүн ыкмаларынын бири катары аз камсыздалган үй-бүлөлөрдү жөлөк пул алгандан аны натыйжалуу колдонгонго чейин коштоп жүрүү сунушталууда. Бирок бул үчүн ЭСӨМда каражат да, ресурстар да жетишсиз. Алар бир эле аспапты (жөлөк пул берүү) колдонууда. Бирок ресурстар менен бекемделген коштоп жүрүү инструментарийлерине ээ эмес. ЭСӨМ жыйынтыкка жеткиси келет – жөлөк пулга муктаж аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн санын кыскартуу. Алардын максаты – жөлөк пулга муктаж үй-бүлөлөрдү мүмкүн болушунча көбүрөөк камтуу. Алар жакырчылык менен күрөшпөш керек. Алар оор турмуштук кырдаалда калган адамдарды жөлөк пул берүү аркылуу коргош керек. ЭСӨМ жакырчылык менен күрөшпөстөн, калкка социалдык коргоо көрсөтүү менен алдына коюлган максаттарга жооп бериши керек.

ЭСӨМ үй-бүлөнүн тандоосуна таасирин тийгизе албайт: жөлөк пул кайда жана кантип колдонулду? Бул жөлөк пул алган үй-бүлөнүн өзүнүн тандоосу. Социалдык контракт – бул ЖӨБОнун жана маморгандардын колдоосу менен аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн жөлөк пулду натыйжалуу колдонуусунун аспабын киргизүү аракети. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ролу чоң. Жөлөк пулга кошумча катары жардамдын кандай топтомун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сунуштай алат? Жөлөк пул алуучулар социалдык контрактты аткаруусуна эмне дем болуп берет? Максаты: жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдү социалдык контрактты аткарууга шыктандыруу. Мисалы, жер берүү, салыктарды кыскартуу, техника берүү ж.б. Эгерде мына ушундай кошумча жардам берилсе жана алуучуларды кызык- тыра алса, жөлөк пулдарды берүүнүн жаңы дизайны ийгиликтүү болот деген кепилдик бар. Ошондой эле мисалы, ЭСӨМ тарабынан окутуу, кеп-кеңеш берүү ж.б. Бейөкмөт уюмдарга ушул ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жагын да караштыруу зарыл. Мисалы, БӨУ миллиондогон сомго барабар гранттык программаларды ийгиликтүү ишке ашырып келатат. Жапониянын 490 миң доллар же 32,8 миллион сом көлөмүндөгү грантын мисал катары келтирсек болот.

Бул грант аялдар башында турган 2 миңден ашуун аярлуу элеттик үй кожолуктарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Жоопторду талап кылган айрым суроолордун тизмеги мына ушундай.Мониторинг жана баалоо башкаруунун аспабы катары Мониторинг жана баалоо жүргүзбөстөн алдыга коюлган максаттарга жетүү, каражаттарды натыйжалуу колдонуу да мүмкүн болбойт. Жөлөк пулду берүүнүн жаңы дизайны менен эмнеге жетүүнү каалашкан? Бул үчүн баштапкы этабында төмөнкүлөр аныкталууга тийиш: максаттар, тапшырмалар, каражаттар, продукт, жыйынтыктар жана жаңы дизайн тийгизчү таасири. Эң негизгиси – сандык да, сапаттык да максаттуу индикаторлор аныкталыш керек. 2015-жылы ЭСӨМ маалыматы боюнча мамлекеттик жөлөк пулду алуучулардын жалпы саны (аз камсыздалган балдар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүүлөр, жетим балдар) 384,8 миң сомду түзгөн. Мындай сандагы социалдык контрактка мониторинг жүргүзүү үчүн жакшы мониторинг системасына ээ болуш керек. Жаңы дизайндын продуктусуна, жыйынтыктарына мони- торинг жүргүзүү үчүн убакыт талап кылынат. Продукт – жөлөк пулду натыйжалуу колдонуу боюнча окуудан өткөн үй-бүлөлөрдүн саны. Жыйынтык – социалдык контрак түзгөн үй-бүлөлөрдүн саны. Тийгизген таасири – өлкө боюнча аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн пайызынын азайышы.

Мониторинг жана баалоо системасынын жардамы менен төм. кантип бааласа болот: жөлөк пулдар аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн турмушун кантип жакшыртып жатат? Жөлөк пул колдонуунун эффективдүүлүгүн кантип өлчөй алабыз? Баалоо үчүн суроолор. Эгерде аз камсыздалгандык боюнча жөлөк пул мыдай үйбүлөлөрдүн абалын оңдой албай жатса, анда үй-бүлө үчүн да, мамлекет үчүн да алардын баалуулугу канчалык? Мындан кандай тыянак чыгарсак болот? ЭСӨМ жакырчылык менен күрөшпөстөн, болгону оор турмуштук кырдаалда калган адамдарды коргойт. ЭСӨМде мисалы индикатор (1) болуш керек – жөлөк пул алган үй бүлөлөрдүн саны. Бул индикатор Кыргызстандагы жакырчылыктын деңгээлинин өсүшүнө/азайышына пропорционалдуу түрдө өсүшү керек. Индикатор (2) – бөлүнгөн каражаттын суммасы. Бул сумма да жөлөк пулдун көлөмү сыңары өсүшү керек. ЭСӨМдин индикатору – аз камсыздалгандардын катарынан чыккан үй-бүлөлөрдүн саны болушу мүмкүн эмес.

Эгерде ЭСӨМдин ишин жакырчылык менен күрөшүү катары баалай турган болсок, анда иштин эффективдүүлүгү дээрлик нөлгө барабар болот. ЭСӨМдин бул индикатору контролдой албайт, мындан улам ага жете да албайт. Максат, каражаттар жана жыйынтык адекваттуу, министрлик алдына койгон максаттарга жооп бергендей болушу керек.Социалдык контракт – бул аз камсыздалган үй-бүлөлөр өзүнүн материалдык абалын жакшыртуу, ошондой эле мамлекеттин чыгашаларын кыскартуу үчүн жөлөк пулду эффективдүү пайдалануунун аспаптарынын бири гана болуп эсептелет. ЭСӨМ сунуштаган жөлөк пул берүүнүн жаңы вариантын аны алган көпчүлүк үй-бүлөлөр кабыл алабы, же жокпу – муну убакыт көрсөтөт. Ал эми бул аспаптын эффективдүүлүгү кандай болгонун пилоттук иш-чаралардын жыйынтыктары көрсөтөт.