Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалитеттин жетекчисине: инженер болбошу мүмкүн, бирок менеджер болууга милдеттүүсүң!

2017-02-25 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун (ЭҮЖӨБОЖ долбоору) Чакан гранттар программасын ишке ашыруунун алкагында 2016-жылы өткөн конкурстун жеңүүчүлөрү болуп табылган муниципалитеттер жергиликтүү маанидеги маселелердин алкагында социалдык инфраструктураны ремонттоо жана калкка кызмат көрсөтүү жаатында шарттарды жакшыртуу боюнча долбоорлорду аткарып жатышат же жыйынтыкташты. Долбоорлорду ишке ашыруу процессинде муниципалитеттер бир катар чечилбей келе жаткан көйгөйлөргө туш болушту. Мисалы, кесипкөй адистердин – техникалык эксперттин, техникалык көзөмөл боюнча адистин, смета боюнча адистин, инженердин жоктугу. Конкурска муниципалитеттерден түрдүү багыттардагы долбоорлор түшөт. Алар: имараттардын, курулмалардын курулушу жана ремонту, суу түтүк системасынын ремонту, көчөлөргө жарык берүү, электр берүүчү линиялардын курулу- шу, ички жолдорду оңдоо ж.б. Бул долбоорлордун баарын аткаруу чоң көлөмдөгү бөтөнчө, адатта техникалык билимдерди талап кылат. Ал эми мындай билим ЖӨБ органдарына жетпей турганы маалым.

ЖӨБ органынын жетекчисинин эң кеңири жайылган даттануусу мындай: “Биздин жергиликтүү жамаатыбызда артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бири – айылда таза суунун жоктугу. Биз смета түзгөн адисти жалдадык. Ал таза суу долбоору боюнча бардык эсептерди жүргүзүп чыкты. Андан кийин биз айылдагы суу түтүк системасын оңдоо боюнча жумуштарды сатып алууга конкурс өткөрүп, подрядчыны тандап алдык. Подрядчы ремонт иштерин баштады. Бирок иш процесси маалында подрядчы долбоордун сметасы туура эмес түзүлгөнүн, смета боюнча жумуштарды аткаруу натыйжасыз болоорун, кошумча каржылоону талап кылган жумуштардын башка дагы түрлөрүн жасаш керектигин айтты. Натыйжада бизде каражат жетпей калып, биздин долбоор пландалган каржылоонун алкагынан чыгып кетти. Эми эмне кылабыз?”. Келтирилген мисалдын кеңири жайылганы долбоорлорду башкарууда маанилүү көйгөйдүн курчтугун мүнөздөйт долбоордун сметасы туура эмес эсептелгени, жеринде кесипкөй смета адистеринин жоктугу. Бирок медалдын экинчи бети да бар: канча адис болсо, ошончо пикир да болот эмеспи.
Түрдүү адистер ар кандай сметаны берет – мындай кырдаалда кимге ишениш керек? Практика көрсөткөндөй, бардык эле смета боюнча адистер өз милдеттенмелерине ак ниет мамиле жасай бербейт. Атүгүл муниципалитет жалдаган смета боюнча адис объектти бир дагы жолу көрбөстөн смета түзүп (объектке барган эмес), комиссия түзгөн дефекттүү актка ылайык иштеген учурлар да болгон. Натыйжада долбоордун сметасы чийки болуп, же жумуштун көлөмү көбөйтүлүп (азайтылып) көрсөтүлүп калган. Мындай учурларда ЖӨБ органдарына ишенимдүү адистерди жалдап, алардын буга чейинки иши тууралуу башкалардын пикирлери менен таанышып чыгууну сунуштай алабыз. Ушуну менен бирге кызматташтык тууралуу келишимде долбоордун сметасына өзгөртүүлөр киргизиле турган учурда тараптардын (смета адисинин) жоопкерчилигин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык боюнча мамлекеттик агенттикте техникалык экспертиза өткөрүү үчүн жоопкерчиликти көрсөтүш керек. КР Финансы министрлигинин 2015-жылдын 14 октябрындагы №175-б буйругу менен бекитилген Стандарттык конкурстук документтердин талаптарына ылайык, жумуштарды бир этаптуу, эки этаптуу жана жөнөкөйлөтүлгөн усулдар аркылуу сатып алуу үчүн: “Сатып алуучу уюм курулуш иштерине конкурс жарыялаганга чейин курулуш боюнча ыйгарым укуктуу органда экспертизадан өткөн иштелип чыккан долбоордуксметалык документтерге жана участоктун документине ээ болууга тийиш.
Долбоордук сметалык документтер курулуштун бардык негизги талаптарын жана принциптерин аныктоочу, ошондой эле курулуштун бардык этаптарын жана курулуш иштеринин түрлөрүн камтуучу курулуш ченемдерин жана эрежелерин (КЧжЭ) эсепке алуу менен иштелип чыгууга тийиш. КЧжЭны, анын ичинде курулуштун бюджетин аныктоо үчүн колдонулат”.Муниципалитет жалдаган жана Кыргыз Республи-касынын мыйзамдарынын курулуш-ремонт иштери процесси карата талаптарына ылайык курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин (КЧжЭ) сакталышы үчүн жооптуу техникалык эксперттерге да белгилүү бир жоопкерчилик жүктөлүүгө тийиш. Бул болсо муниципалитет жетекчилери үчүн дагы бир “баш оорусу”. Анткени тийиштүү классификациясы жана адистиги бар техникалык көзөмөл боюнча адисти табуу оңой эмес – жер-жерлерде мындай адистердин таңсыктыгы байкалат. Натыйжада тажрыйбасына жана квалификациясына карабай, кимди тапса, ошону жалдоого мажбур болуп жатышат. Практика көрсөткөндөй, муниципалитеттер жалдаган техникалык көзөмөл боюнча адистер дайыма эле өз милдеттенмелерин талап кылынгандай деңгээлде аткара беришпейт. Муну муниципалитеттер акы төлөп өткөргөн техникалык көзөмөлдүн “үстүнөн” ЭҮЖӨБОЖ Долбоору өткөргөн тышкы экспертизанын жыйынтыктары ырастап турат (таблицаны караңыз).
ЭҮЖӨБОЖ Долбоору грант алган муниципалитеттер долбоорлорду ишке ашырганда аларга сметаны иштеп чыгуу жана техникалык көзөмөл жүргүзүү боюнча техникалык эксперттердин консультациялары түрүндө техникалык жардам көрсөтүп келет. ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жалдаган техникалык эксперттер муниципалитеттерге долбоорлордун сметаларына түзөтүүлөрдү киргизүүгө жардам берип, подрядчы уюмдардын курулуш-ремонт иштерин аткаруу сапатына көз салып, тапшырыкчы-муниципалитеттерге өз сунуштамаларын берип турушту. Жогоруда келтирилген мисалдардан көрүнүп тургандай, муниципалитеттерге кесипкөй жана ак ниет подрядчылар дайыма эле туш боло бербейт. Алардын айрымдары ансыз да оор курулуш-ремонт иштерин аткарган учурда кандайдыр бир деңгээлде кыйынчылыктарды жаратып жатышат. Бул көйгөйдү чечүү үчүн ЖӨБ органдары конкурстук сатып алууларды өткөрүп жатканда подрядчы уюмга койгон квалификациялык талаптарга өзгөчө көңүл бурушу керек. ЖӨБ органдары бардык подрядчы талапкерлердин ичинен жакшы тажрыйбасы, кесипкөй адистери жана тийиштүү техникалык базасы бар подрядчы уюмду тандап алышы керек. Чакан гранттар программасы боюнча ЭҮЖӨБОЖ Долбоору жүргүзгөн иштердин натыйжасында төмөнкүдөй тыянактарды жасаса болот:
 
  • долбоор боюнча уруксат берүүчү документтерди алууга өтө көп ашыкча убакыт кетип калууда;
  • уруксат берүүчү документтерди берген уюмдар менен ЖӨБ органдарынын ортосунда байланыш начар;
  • курулуш иштерине долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу боюнча кызмат көрсөтүүлөр жеринде көп сапаттуу эмес, тажрыйбасы бар тийиштүү адистер жетишсиз, мындай кызматтарды сапаттуу аткарган уюмдар жетишсиз.
Дагы бир көйгөй – курулушчулар да, бенефициарлар да коопсуздук техникаларын сакташпайт. Бул көйгөйдү чечүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына курулуш-ремонт иштери боюнча долбоорлорду ишке ашырганда бардык документтерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин 2000-жылдын 13-ноябрындагы №112 буйругу менен бекитилген “Курулуш кесип ээлери үчүн эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча типтүү нускамалардын жыйнагынын” талаптарына шайкеш келтирүү сунушталат. Практика көрсөткөндөй, тармактык мамилелерде көптөгөн кыйынчылыктар электр энергиясы менен байланышкан долбоорлордо пайда болот. Электр өткөрүүчү жаңы линиялардын курулушу же көчөгө жарык бергичтерди орнотуу боюнча долбоорлорду тандап жатканда зарыл болгон уруксат берүүчү документтердин төмөнкүдөй тизмегин колдонуу сунушталат.
 
  • Жер участогун текшерүү актысы. Актыда РайСЭС (райондук санитардык эпидемиологиялык станция), АЭТКМИБ (Аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция башкармалыгы), РЭС, АКРБ органдарынын колтамгалары болуш керек.
  • Объекттин топографиялык сүрөтү.
  • Объекттин бекитилген сметаларын жана долбоордук бөлүгүн АКРБга (архитектура жана курулуш боюнча райондук башкарма- лыкка) жибериш керек.
  • Техникалык корутунду – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык боюнча мамлекеттик агенттиктен экспертиза.
  • РЭСтен (райондук электр тармактары) техникалык шарттар.
  • АКРБдан инженердик-техникалык шарттар.
  • РЭСтен текшерүү актысы жана керектөөчүнүн электрорноткучтарын күйгүзүүгө жана өчүрүүгө наряд.
  • АЭТКМИБден уруксат берген наряд.
  • Ар кандай багыттагы жаңы объекттерди жана курулмаларды курган учурда зарыл болгон уруксат берүүчү документтердин төмөнкүдөй тизмеги болушу керек:
  •  Курулуш болжолдонуп жаткан жер участогуна укук берүүчү документ.
  • Объекттин топографиялык сүрөтү.
  • Болжолдонуп жаткан объекттин эскиздик долбоорун даярдоо.
  • АПШ (архитектуралык-пландоо шарттары), эгерде объект чакан болсо ИТШ (инженердик-техникалык шарттар), же АКРБдан ИТТ (инженердик-техникалык тапшырма).
  • ДСД (Долбоордук-сметалык документтер)
  •  ДСДны АКРБ, СЭК менен макулдашуу жана бекитүү.
  • Техникалык корутунду – Кыргыз Республика-сынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарбалык боюнча мамлекеттик агенттиктен экспертиза.
  • РЭСтен (Райондук электр тармактары) техникалык шарттар.
  • АЭТКМИБда объектти каттоо.
  • АКРБдан жана АЭТКМИБдан курулушка уруксат алуу.

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын жетекчиле-рине жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, буга кошумча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу милдеттери жүктөлгөн. Бул болсо жеринде муниципалитеттин жетекчилери бардык иштер менен алектенип жатканынан кабар берет. Муниципалитеттердин жетекчилери – инженерлер эмес. Бирок алар ар кандай кесиптик чөйрөлөрдөн адистерди тартып, жергиликтүү жамаатка сапаттуу кызматтарды көрсөтүү боюнча жумуштарды уюштуруу менен менеджер болууга тийиш.

Долбоордун
аталышы
Туура тамактануу – жакшы билимдин кепили (мектеп ашканасынын ремонту жана жаңы жабдууларды сатып алуу)
№1 көйгөй Ашкананы электр менен жабдуунун бир линиялуу схемасы жок
Сунуштамалар
КР Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлигинин 2007-жылдын 21-июнундагы №55 буйругу менен бекитилген электр орнотмолордун
керектөөчүлөрдүн ТЭЭ (Техникалык эксплуатациялоо эрежелери) жана ТКЭ (Техникалык коопсуздук эрежелери) Э1.4., Э1.4.6., Э1.4.7.-главаларына ылайык, төм. колдонулат: - ПР-2 жана ПН-2 тибиндеги сактоочторду, жылуулук жана электрмагниттик бөлүштүргүч жана магниттик өткөрүүчү бар ВА 47-29, ВА 47-63, ВА 53-41 тибиндеги автоматтык ажыраткычтарды. Ашкананы электр менен жабдуунун бир линиялуу схемасын түзүп, жабдуулардын өзгөчөлүгү сүрөттөлсүн. РЭСтен электрге кошулууга
ТШ (техникалык шарттар) алынсын.
№2 көйгөй
Мектептин ВРУ-1ге келген ашкана жабдуусунун азыктандыруучу электр кабели жабдуулардын ток жүктөмдөрүнүн кесилишине (16 мм) жана кубаттуулугуна шайкеш келбейт. Ашкананын жалпы эсептик кубаттуулугу Р=58 кВт болгондуктан, жүктөмдүн тогу I=120 А барабар, кабелдин кесилиши 50 мм кем болбош керек.
Сунуштамалар
ВРУ-1 мектебинин жертөлөсүнөн келген, ашкана жабдуусунун кесилиши 16 мм азыктандыруучу кабелин АВВГ 3х50 + 1х35 мм үлгүсүндөгү 50 мм кем эмес кесилиштеги кабелге алмаштырылсын. Өткөргүчтөрдү обочолотуунун жерге киргизилген жана
каршылыгынын контуру текшерилсин.
Долбоордун
аталышы
 
Дмитириевка айылында көчөгө жарык берүү
Көйгөй
Долбоордун сметасына жабдуулардын жана материалдардын саны киргизилген эмес, жабдуулардын жана материалдардын өзгөчөлүгү (модели, тиби) жок, кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынган салык көрсөтүлбөй калган.
Сунуштамалар
Долбоордун сметасына жабдуулардын жана материалдардын саны боюнча маалыматтар толукталып, жабдуулардын жана материалдардын модели жана тиби көрсөтүлсүн, кошумча нарк салыгы жана сатуудан алынган салык жазылсын.
Долбоордун
аталышы
Маданият үйүнүн чатырын алмаштыруу жана ремонт иштери
№1 көйгөй
Объектте жүргөн иштердин сапатына компания жетекчилиги тарабынан жетиштүү контролдун жоктугу. Квалификациялуу адистердин жана инженер-
дик-техникалык кызматкерлердин жоктугу.
Сунуштамалар
Тапшырыкчы тарабынан техникалык көзөмөл инженери объектте ремонттук-курулуш иштеринин аткарылышын контролдош керек. Жумуштардын сапаты канааттандырбаса, ишти токтотуп, кайра жасап чыгуу зарыл. Мындай учурда бардык
чыгашаларды подрядчы компания көтөрөт. Келишимдеги милдеттенмелер тийиштүү аткарылбаган учурда компанияга айып санкциялары колдонулары тууралуу подрядчы компаниянын жетекчисин кабарландыруу зарыл.
№2 көйгөй
Бийиктикте жумуштар коргоочу кур такпастан жасалууда. Курулуш жиптери
дубалга эски электр чубалгылары менен бекитилген. Квалификациялуу адистердин жоктугунан улам жумуштардын сапаты канааттандырарлык эмес.
Коопсуздук техникасы боюнча журнал толтурулган эмес. Көрсөтмө берген жооптуу адамдын колтамгасы жок. Электр алеттери коопсуздук талаптарына
жооп бербейт. Узарткычтар сайгыч тешиктерге ачык жаткан чубалгылар менен кошулат.
Сунуштамалар
Объекттеги бардык документтер толтурулсун. Ачык электр чубалгыларын колдонууга тыюу салынсын. Желдетүүчү шахталар менен чатыр кошулган бардык жерлер алмаштырылсын. Чатырдын тосмо дубалдарынын четтерине цинктелген болот кагаздары чапталсын. Электрмонтаж жумуштарын квалификациясы бар адистер
жасашы керек.
Долбоордун
аталышы
“Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратын оңдоо”
Көйгөй
Жылуулатуучу системаны алмаштыруу боюнча газ-ширетүүчү жумуштар өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди бузуу менен жүргүзүлдү. Бардык
бөлмөлөрдө дубалдарда жана полдордо күйүктүн издерин көрүүгө болот. Чоюндан жылытуучу алеттер өз ордуна орнотулган эмес.
Сунуштамалар
Ширетилип жаткан трубалар менен жыгач полдор ортосунда күйбөй турган коргоочу
экран орнотуу керек. Жумушчуларды өрт өчүрүүчү каражаттар менен камсыздоо зарыл. Эски терезелердин жыгач блоктору коридорго чогултулган экен. Аларды имараттан чыгаруу зарыл.
Долбоордун
аталышы
“Балдар биздин келечегибиз”, мектептин ремонту боюнча долбоор.
Көйгөй
Жаңы козырёк орнотулган. Козырёктун (калканчтын) төбөсүн жаба турган материалы – боелгон профлист. Бул жумуштар өтө орой жана тыкан эмес жасалган.
Профлисттердин монтажы тегиз эмес болуп калган. Үйдүн чатыры толугу менен чуңкурайып калган.
Сунуштамалар
Козырёктун чатырындагы чуңкурайган жерлердин баарын оңдоп чыгыш керек. Козыректо чыгып турган профилдик металл трубаларын кесип чыгуу зарыл. Мектеп имаратында курулуш-монтаж иштери маалында колдонуудагы талаптарга ылайык,
жумуштар жүрүп жаткан аймакты тосмолош керек.

 

Окшош материалы: