Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылат

2017-03-01 / ЖӨБ кызматтары
Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү түп-тамырынан бери өзгөрүүлөрдү талап кылат

Жарандар мамлекеттин ишмердигине кандай баа беришет? Бул суроо жеңил эмес. Коом ашкере саясатташкан шарттарда саясий, экономикалык, социалдык факторлордун кеңири өңүтүнө баа берүүгө болот. Бирок глобалдык көйгөйлөр менен алектенип отуруп, көптөр мамлекеттин негизги ролу – калк үчүн ыңгайлуу турмуш шарттарды түзүп берүү болгонун унутта калтырышат. Жарандардын коомдук жыргалдарга жана ар түрдүү, сапаттуу, туруктуу кызмат көрсөтүүлөргө тең жеткиликтүүлүгү бакубат жашоонун башкы белгиси болуп эсептелет. Ушуну менен бирге бул кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын атынан мамлекеттин ролу жана жоопкерчилиги кандай болгонун түшүнүү өтө маанилүү.

2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жоболору менен мамлекеттик башкаруу системасын модернизациялоо жарандардын кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгын канааттандырууга багытталат деп аныкталган. Башкача айтканда, кызмат көрсөтүүлөр боюнча улуттук саясаттын чордонунда адам турат. Бул багытта алгачкы кадамдар жасалды. Кабыл алынган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам мамлекеттик/муниципалдык аткаминерлер тикелей кызмат көрсөткөндө жана мындай кызмат көрсөтүүлөр коммерциялык мүнөздө болбогон учурларда алардын жүрүм-турумунун алкактарын белгилейт. Мисалы, административдик актыларды, аныктама каттарды берүү боюнча кызматкөрсөтүүлөр, билим берүү, саламаттык сактоо, маданият ж.б. чөйрөлөрдө кызмат көрсөтүүлөр. Бул Мыйзамдын жоболору жарандарды бийликтин аткаруучу органдарынын “өзүмбилемдигинен”, өзгөчө акынын негизинде керексиз кызмат көрсөтүүлөрдү таңуулагандан коргойт.
Реформалардын логикасы көрсөткөндөй, реформалардын кийинки этабына өтүп, жарандарга жашоо үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө керек болгон кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн өнүктүргөн багыттарды калыптандыруу керек.Мындай кызмат көрсөтүүлөр жеткирүүчүлөрдүн өндүрүштүк-чарбалык ишинин натыйжасында пайда болот. Бирок аларды уюштуруу боюнча милдеттенмелер мамлекеттик жана муниципалдык органдарга жүктөлгөн. Алардын катарында таза суу менен камсыздоо, суу берүү, газ өткөрүү, абаттоо, жашылдандыруу, санитардык тазалоо, КТК чыгаруу ж.б. кызмат көрсөтүүлөр бар. Ушул тапта жарандардын турак жайына чейин коммуналдык ресурстарды жеткирүүгө байланган жана КР Турак жай кодексине ылайык “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” түшүнүгүнө кирген кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүнүн тизмеги мыйзамдар менен аныкталган. Мурда Советтер Союзу маалында мамлекеттин иши турак жай-коммуналдык чарбалыкты (ТКЧ) экономикалык тармак катары өнүктүрүүгө багытталчу.
Бул тармак өзүнө мамлекеттик турак жай объекттерин, кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик жеткирүүчүлөрүнүн жана мамлекеттик үйдө жашаган (кооперативдик үйлөрдү кошпогондо) жарандардын инфраструктурасын камтыган.Турак жайды массалык менчиктештирүү ТКЧ түшүнүгүн мамлекеттик турак жай деген түшүнүктөн чыгарып, бул структура урай баштаган. Мамлекет турак жай фондун сактап калуу, демек коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүү боюнча аракеттерди пландап, көзөмөлдөй албай калган. Башкы объект ТКЧ, т.а., турак жай жеке болуп калган шарттарда коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү эркин рынокко чыгышы керек болчу. Бирок турак жай маселелери боюнча негизги ченемдик укуктук акт – КР Турак жай кодексин карай турган болсок, убакыт токтоп калгандай сезим пайда болот. Турак жай кодексиндеги ченемдердин дээрлик жарымы иш жүзүндө калбай калган мамлекеттик жана муниципалдык турак жайга тиешелүү!
Ал эми көп батирлүү үйлөрдү башкарууну уюштуруу боюнча бардык ченемдер сунуш берүүчү мүнөзгө ээ.Мында бардык жеринде жарандар кайсы бир аракеттерди “жасай алат”, эгерде жасагысы келбесе, өзү билет деген маанай байкалат Кызыгы, Турак жай кодекси жеке үй ээлиги чөйрөсүн дээрлик жөнгө салбайт.Турак жай кодексинде “коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр” түшүнүгүнө төмөнкүдөй аныктама берилген – бул сапатты белгиленген санитардык жана техникалык талаптарга ылайык келген тиешелүү калктуу конуштун шарттарына карата турак жайлардын зарыл болгон ыңгайлуулугун камсыз кылган кызмат көрсөтүүлөр. Башкача айтканда,аныктамасы адамдын кызыкчылыгына эмес, туражайга байланган. Мындан тышкары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө болгону 4 берене арналган, болгондо да бул кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги жабык. Алар: 
 
  • катуу турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу;
  • суу жүргүзүү (канализация);
  • үй ичиндеги тарамдарды жана инженердик жабдууларды, анын ичинде көп батирлүү үйдү лифттик жабдууларды жабуучу же адистешкен уюмдар тарабынан техникалык тейлөө.
Ошол эле маалда турмуш тиричиликти камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө жарандардын муктаждыктары чоң жана биринчи кезекте жарандардын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамда, энергетика, суу пайдалануу ж.б. чөйрөлөрдөгү тармактык мыйзамдарда көрсөтүлгөн керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган. Анын ичинде: газ менен жабдуу, электр менен камсыздоо, аймакты абаттоо, жашылдандыруу, коомдук жайларга жарык берүү ж.б. Ушуну менен бирге бул кызмат көрсөтүүлөрдүн бардыгы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жарандар алдындагы милдеттенмелерине кирет. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчиликтүү болгон кызмат көрсөтүүлөр системасы аларды уюштуруу боюнча бирдиктүү принциптерге негизделиши керек Бул принциптер өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
 
  • жарандардын суроо-талаптарын канааттандырууга багытталгандык;
  • тапшырыкчы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн ыйгарым укуктары менен жоопкерчилигин ажыратуу;
  • керектөөчүнү канааттандырган конкреттүү жыйынтыктын болгону;
  • кызмат көрсөтүүнү уюштуруу боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин регламенттештирүү.
“Коммуналдык кызмат көрсөтүү” түшүнүгүнө жаңы аныктама берүүгө мезгил келди. Бул түшүнүктүн өзөгүндө адамдын турмуш тиричилигинин чөйрөсүнө байланышкан коомдук жыргалдардын айрым түрлөрүн алуу бөлүгүндө жарандын керектөөлөрүн канааттандыруу зарылчылыгы жатат. Мисалы, төмөнкүдөй аныктаманы карап көрсө болот. Коммуналдык кызмат көрсөтүү – бул жарандын жашоо жана турмуш тиричилигинин ыңгайлуу шарттарын камсыздаган кызмат көрсөтүү. Аны уюштуруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын жана жоопкерчилигинин алкагында болот. Коммуналдык кызмат көрсөтүү жеке жана юридикалык жактардын суроо-талабы менен жеткирилет, же мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттенмеси катары болот. Мындай аныктама жашылдандыруунун, эс алууүчүн коомдук жайларды абаттоонун, ички жолдорду оңдоонун ж.б. эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн кеңейтүүгө жол ачат. Коммуналдык кызмат көрсөтүү системасынын уюштуруучусу болуп мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы эсептелет.
Алар бул чөйрөдөгү өз ишин өзүнүн компетенциясынын жана колдонуудагы мыйзамдардын алкагында ишке ашырышат. Кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен анын жеткирүүчүсү, ошондой эле жеткирүүчү менен кызмат көрсөтүүнү керектөөчү ортосундагы чарбалык-келишим димамилелерге негизделүүгө тийиш. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү тикелей жеткирүүчү ролун аткарбашы керек.Мындай мамиле “тейлөөчү” мамлекетти өнүктүрүү жаатында мамлекеттик саясаттын биримдигин камсыздоого, буга чейин кабыл алынган “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзам менен өз ара байланышты түзүүгө жол ачат. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына жана жоопкерчилигине кирген коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдери жана жергиликтүү кеңештердин чечимдери менен аныкталууга тийиш. Кызмат көрсөтүүгө коммуналдык кызмат көрсөтүү статусун ыйгаруу үчүн критерийлер:
 
  • жеке жана юридикалык жактар тарабынан суроо-талаптын болгону,
  • мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясынын болгону,
  • кызмат көрсөтүүнү стандартташтыруу мүмкүнчүлүгү,
  • кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү,
  • чарбалык-келишимдик мамилелердин алкагында кызмат көрсөтүү.
Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдүн ыйгарым укуктары так бөлүштүрүлбөгөндүктөн аталган субъекттер өздөрүнө тиешелүү болбогон функцияларды аткарышууда. Бул болсо өз ара аракеттенүүнүн эффективдүүлүгүн азайтып, кызмат көрсөтүү системасын уюштурууга жалпысынан терс таасирин тийгизип келатат. Муну менен катар ЖӨБ органдарынын бул кызматты көрсөтүүгө жөндөмдүүлүгү, кызмат көрсөтүүнүн жана аны жеткирүүчүнүн туруктуулугу, жарандардын кызмат көрсөтүүгө канааттануу даражасы эч бааланбастан жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлине жарандарды кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо боюнча функциялар берилген.
Ошондуктан “тейлөөчү” мамлекетти өнүктүрүүсаясатын улантуу максатында турмуш тиричиликти камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктап алуу зарыл. Алар өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек: кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу системасынын укуктук, башкаруучулук, финансы-экономикалык өңүттөрү. Укуктук мүнөздөгү тапшырмалардын катарында коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу чөйрөсүндө мамлекеттик органдар менен ЖӨБ органдарынын ыйгарым укуктарын жана жоопкерчилигин ажыратуу маанилүү.Ыйгарым укуктарды ажыратуунун төмөнкүдөй критерийлери сунушталат:
 
  • коммуналдык ресурстун булагы жайгашкан жери
  • айтылган кызмат көрсөтүүлөр боюнча калктын талаптарын канааттандыруу жөндөмдүүлүгү,
  • мамлекеттик органдардын/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын жетиштүү болгону,
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн экономикалык жана финансылык туруктуулугун камсыздоо үчүн башкаруунун тийиштүү деңгээлинде ресурстардын болгону.
Белгиленген критерийлерге ылайык, мамлекеттик органга кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө саясатты түзүү жана аны уюштуруу боюнча милдеттенмелер берилет. Бул милдеттенмелер монополдук мүнөзгө ээ болот. Мында ушундай кызматтарды көрсөткөн булактар шаарлардын жана айылдык аймактардын административдик чек араларына байланбайт, баа бычуу өлкөнүн бардык аймагында бирдиктүү мүнөзгө ээ болот. Бул критерийлерге ылайык, мамлекеттик органдар үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй түрлөрүн жөнгө салуу чөйрөлөрү аныкталган:
 
  • электр менен камсыздоо,
  • газ менен жабдуу,
  • телефон байланышы,
  • интернет.
Мындан тышкары капиталдык курулуш жана негизги фонддорду каржылоо бөлүгүндө таза суу менен камсыздоо жана суу берүү чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр да мамлекеттик органдардын милдеттенмелерине кирет. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына булагы шаардын аймагында же айылдык аймактын чегинде жайгашкан, жергиликтүү бюджеттеги каражаттын, калктан чогултулган тарифтердин эсебинен, ЖӨБ органдарынын компетенциясынын алкагындагы башка булактардан каржыланган коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу боюнча жергиликтүү саясатты түзүү боюнча милдеттенмелер бекитилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкүдөй чөйрөлөрү аныкталган:
 
  • таза суу менен камсыздоо (күнүмдүк тейлөө);
  • суу берүү (күнүмдүк тейлөө);
  • жылуулук менен жабдуу;
  • аймактын санитардык тазалыгы;
  •  катуу турмуш тиричилигиндеги таштандыларды чыгаруу;
  • коомдук колдонуудагы жерлерди абаттоо жана жашылдандыруу;
  • муниципалдык жолдорду күтүү;
  • сейил бактарда, спорттук курулмаларда жана эс алуу жайларында эс алуучу объекттерди күтүү жана абаттоо.
Кызмат көрсөтүүлөрдү башкаруу усулун тандап алуу башкаруучулук тапшырмалардын катарында негизги маселе болуп эсептелет. Ушул тапта муниципалитеттер коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу үчүн бир гана жолду көрүп турушат - кызмат көрсөтүүлөрдүн монополдук жеткирүүчүсүн жасалма жол менен жаратып, муниципалдык ишкана түзүү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө жеке секторду тартуу менен башкаруунун альтернативалуу моделдери боюнча көндүмдөрү жокко эсе. Бул рынокко жеке сектордун кирүүсү боюнча атаандаштыкка жөндөмдүү, жагымдуу шарттарды түзүү коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр системасын реформалоо боюнча өзөктүк тапшырма болуп эсептелет. Мындай шарттарды түзүү үч өзөктүк фактор болгондо ишке ашат: бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жол ачкан тийиштүү ченемдик укуктук база; жеке сектор үчүн жагымдуу баа бычуу саясатынын болгону; бийликтин аткаруучу органынын атынан тапшырыкчы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү ортосунда келишимдик мамилелерди аткаруу боюнча укуктук коргоо.
Ушуну менен бирге пайда алуу үчүн жагымдуу, туруктуу шарттар түзүлмөйүнчө бизнес ушул тапта тобокелдикке барып, коммуналдык инфраструктурага каражат инвестициялоого даяр эместигин түшүнүү маанилүү. Ошондуктан кыска мөөнөттүү мезгил ичинде коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүнү толук камсыздай ала турган, өзүнүн негизги каражаттары бар жеке компаниялардын саны жетиштүү болот деп күтүү туура эмес.Мындан улам коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр системасын аутсорсингге которуу ауторсингдин усулдарынын көп түрдүүлүгүнө ээ болот. Алар: концессия, лизинг, мамлекеттик же муниципалдык менчикти ижарага алуу. Буларды “таза” аутсорсингге багыт алган өтмө этап катары караштырса болот. Мамлекеттик же муниципалдык мүлктү башкарууга карата жаңыча мамиле аларды колдонуудан пайда алууга гана эмес, көбүрөөк деңгээлде жарандарга жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында колдонууга негизделиш керек. Кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге өткөргөндө бийликтин аткаруучу органдарынын жарандарды зарыл болгон коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыздоо кызыкчылыгы жана бизнестин пайда табуу кызыкчылыгы ортосундагы балансты сактоо маанилүү.
Тилекке каршы, колдонуудагы мыйзамдар алгылыктуу инвестициялык климатты, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү үчүн жогоруда аталган усулдарды толук кандуу колдонууга жол бербейт. Бул болсо жалпысынан ушул багыттагы өнүгүүнү кармап турат. Кызмат көрсөтүүнүн баасын аныктоо боюнча учурдагы система улуттук да, жергиликтүү да деңгээлдерде эч негизделбеген жеңилдиктер системасы менен өзүн актабай калды. Бул болсо кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү сөзсүз банкротко учураткан шарт түзүп жатат. Кызмат көрсөтүүлөрдүн эсептешүү наркы менен кабыл алынган тарифтер ортосундагы ажырым тереңдеп, негизги каражаттар жаңыланбаганы кырдаалды курчутту. Бул болсо коммуналдык инфраструктуранын мөөнөтүнөн мурда эскирип, талкаланышына түз таасирин тийгизип келет. Мындай шарттарда коммуналдык инфраструктурага келген жаңы инвестициялардын эффективдүүлүгү түшөт. Учурдагы монополияга каршы мыйзамдар баалардын үстүнкү чегин гана орнотуп, бирок коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бүткүн спектрин жаппастан баа бычуу системасына таасирин тийгизип жатат.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын бычуу системасы потенциалдуу жеткирүүчү өз ишканасынын рентабелдүүлүгүнө ишенгендей түзүлүш керек. Ушуну менен бирге ал мамлекеттик (муниципалдык) ишкана болобу, же бизнестин өкүлүбү – маанилүү эмес. Мыйзамдар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын түзүүнүн жана тарифтерди бекитүүнүн жаңы тартиби аныкталууга тийиш. Мында кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы менен бекитилген тарифортосунда пайда болгон ажырым мамлекеттик бюджеттеги каражаттардын да, башка булактардан алынган каражаттардын да жардамы менен милдеттүү субсидиялоонун эсебинен камсыздалат. Муниципалдык ишкананы дотациялоо практикасын токтотуп, кызмат көрсөтүүнү алуучуга субсидия берүү системасына өтүү зарыл. Кызмат көрсөтүүнүн баасын бычуу системасына негизделген коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн туруктуулук фактору мамлекеттик инвестициялык саясаттын маанилүү өңүтү болуп калууга тийиш. Бийликтин аткаруучу органдарынын атынан кызмат көрсөтүүнүн тапшырыкчысы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчү ортосунда келишимдик милдеттенмелерди аткаруу боюнча жеке секторго укуктук жана административдик кепилдиктерди берүү үчүн шарттар түзүлүш керек.
Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөрдү тандап алуунун жол-жоболорун жүзөгө ашыруу, келишимдик мамилелерди түзүү, контролдук функцияларды аткаруу үчүн методикалык жардам берүүгө тийиш. Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууда көпчүлүк маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлине өткөрүп берүү өз убагында ЖӨБ органдары үчүн да, кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр үчүн да тийиштүү потенциалды жаратуу, зарыл болгон материалдык жана финансылык ресурстарды берүү, тийиштүү методикалык негиздерди түзүү менен коштолгон эмес.Мындай шарттарда коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү калдык принциби боюнча каржыланып, жергиликтүү бюджеттердин структурасында алдыңкы позицияларды ээлей алган жок. Ошол эле маалда көпчүлүк изилдөөлөрдүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, төм. чөйрөдөгү кызмат көрсөтүүлөр жарандардын артыкчылыктуу суроо-талаптары бойдон кала берүүдө: суу менен камсыздоо, аймакты абаттоо жана жашылдандыруу, ички муниципалдык жолдор, катуу турмуш тиричиликтеги таштандыларды чыгаруу ж.б.Бирок мындагы чечилбей жаткан көйгөйлөр коомдо социалдык чыңалууну, суроо-талаптарды толук канааттандыра албаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына карата ишенбестикти жаратууда. Ресурстар чектелүү болгон шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эрежеге ылайык кызмат көрсөтүүнү уюштуруунун жалгыз ыкмасын колдонуп жатканы – муниципалдык ишкананы түзгөнү кырдаалды ого бетер татаалдаштырууда.
Ушуну менен бирге жергиликтүү бюджеттеги каражаттардын чектелүү болушу, тарифтерди чогултуунун төмөндүгү, абоненттик базанын көлөмүнүн аздыгы мындай муниципалдык ишканаларды башынан эле банкроттукка кептейт. Жергиликтүү деңгээлде тариф саясаты жүйөлүү эсептеп чыгууга эмес, жергиликтүү жамаат жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен бааны макулдашууга негизделген. Анын үстүнө кызмат көрсөтүүнүн баасын эсептөө боюнча методикалык база жеринде жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан тапшырыкчы менен кызмат көрсөтүүнү жеткирүүчүнүн өз ара мамилелери кызмат көрсөтүүнүн жүйөлүү көлөмүн жана анын баасын көрсөтпөстөн формалдуу келишимдер менен коштолуп келет. Адатта муниципалдык ишкананын иши муниципалдык менчикти келишимдин негизинде өткөрүп берүү менен коштолбойт. Мунун натыйжасында анын абалына жана колдонуу эффективдүүлүгүнө көзөмөл жоголот. Жогоруда аталган себептер жеринде кызматкөрсөтүүнүн уюштуруунун жолго салынган, туруктуу системасынын жоголушуна алып келди.Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө орун алган кырдаал программалык документти иштеп чыгуу өңдүү кескин чечимдерди кабыл алууну талап кылат. Программалык документте төмөнкүдөй тапшырмалар аныкталса болот:
 
  • коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө өзүнө төмөнкүдөй маселелерди камтый ала турган ченемдик укуктук базаны түзүү:
  • кызмат көрсөтүүлөрдүн бекитилген стандарттары менен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин түзүү,
  • концессия, лизинг, мамлекеттик / муниципалдык мүлктү ижарага алуу жолу менен кызмат көрсөтүүнү аутсорсингге өткөрүп берүү маселесин жөнгө салуу.
  • жеке сектордун коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр рыногуна кирүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын бычуу тартиби.
  • мыйзамдар менен аныкталган өзгөчө учурларды кошпогондо, конкурстун негизинде муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруу тууралуу жобо.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун деңгээлинде коммуналдык кызмат көрсөтүү системасын уюштуруу үчүн методикалык документтердин пакетин иштеп чыгуу.
  •  Жаңы мыйзамдардын жана типтүү методиканын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын эсептөө тартиби тууралуу чечим кабыл алуу зарылчылыгы жөнүндө жергиликтүү кеңештерге талапты бекитүү.
  • Кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчүлөр менен келишимдик мамилелер практикасын бардык жерде жайылтуу, бул келишимдер конкреттүү жыйынтыкка жетүүгө негизделиш керек.
Кабыл алынган чечимдер коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүн андан ары өнүктүрүү үчүн пайдубал түптөөгө жол ачат. Мында базар экономикасынын өнүгүүсү жана жарандарды коомдук жыргалдар менен камсыздоо боюнча мамлекеттин жоопкерчилигин жогорулатуу эсепке алынат.

Окшош материалы: