Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Катуу тиричилик калдыктарынын пайда болуу ченемдерин кантип эсептеп чыкса болот?

2024-12-02 / ЖӨБ кызматтары

Бакыт БАЙСАКОВ, 1-компоненттин координатору, USAIDдин "Ийгиликтүү аймак 2" долбоору, ӨСИ

Коммуналдык калдыктардын, б.а. катуу тиричилик калдыктарынын (КТК) пайда болуу ченеми КТКны чогултуп, ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди эсептөө үчүн негизги компонент болуп саналат. КТКны чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифти так эсептеп чыгуу үчүн жылына канча таштанды чыгаруу керектигин билип алыш керек. Ушул маалыматтардын негизинде калдыктарды ташууга, күйүүчү майга жана жумушчу персоналга кеткен чыгымдар аныкталат. Натыйжада, жалпы чыгымдарды жана абоненттердин санын билип, биз бир абонентке тарифти аныктай алабыз. Эгерде таштандылардын көлөмү боюнча маалыматтар болбосо, биз абоненттер үчүн так тарифти эсептей албайбыз.

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, коммуналдык калдыктар-дын пайда болуу ченемдерин ведомстволук аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашып, жергиликтүү мамлекеттик администрация бекитет. “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесине ылайык коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипке ылайык жүзөгө ашырылат.

Бирок бүгүнкү күндө “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КРнын Мыйзамы талап кылгандай коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөөнү жөнгө салуу бөлү-гүндө мыйзамдарда боштуктар бар, ушундан улам мыйзамдын ченемдери ишке ашырылбай жатат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жогоруда аталган Тартиптин жоктугуна байланыштуу коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин беките албай жатышат.

“Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы талап кылгандай Тартиптин жоктугу ЖӨБ органдары жана муниципалдык ишканалар үчүн бир катар тобокелчиликтерди пайда кылууда:

  • мыйзамдар бузулууда;
  • КТКнын пайда болуу ченемдерин эсептөө мүмкүн болбой жатат;
  • КТКнын пайда болуу ченемдерин жергиликтүү мамлекеттик администрация бекитпестен, алар өз алдынча бекитилүүдө;
  • жергиликтүү кеңеш бекитип жаткан тарифтер мыйзамсыз;
  • мыйзамсыз тарифтерден улам жоготуулар болуп жатат жана банкрот болуу коркунучу бар;
  • көрсөтүлгөн кызматтар боюнча карызды өндүрүп алуу мүмкүн болбой жатат;
  • абоненттерден кредитордук карызды доолай албай жатышат.

USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоору “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу максатында КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттиги менен биргеликте коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөө Тартибинин долбоорун иштеп чыгып, Тартиптин баштапкы версиясын талкуулоо боюнча тегерек стол өткөрдү.

Тегерек столдо Мамагенттиктин кызматкерлерине Тартиптин долбоору жана Ноокен районунун Садырбаев айыл өкмөтүндө, Түп районунун Түп айыл өкмөтүндө, Ак-Талаа районунун Баетов айыл өкмөтүндө жана Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүндө пилоттук тестирлөөнүн жыйынтыктары тартууланды.

Коммуналдык калдыктардын пайда болуу ченемдерин эсептөө Тартиби жергиликтүү өзгөчөлүктөргө жана техникалык инфраструкту-рага, кызмат көрсөтүүчү ишканаларга жараша эсептөөнүн үч түрдүү ыкмасын камсыз кылат:

  • калдыктын пайда болуу булагында коммуналдык калдыктардын пайда болуу жана топтолуу көлөмдөрүн эсепке алуу ыкмасы;
  • жайгашкан жерде коммуналдык калдыктардын пайда болуу жана топтолуу көлөмдөрүн эсепке алуу ыкмасы;
  • статистикалык ыкма, ал коммуналдык кызматтардын коммуналдык калдыктарды эсепке алуу маалыматтарына негизделет.

Тегерек столдун катышуучулары Тартиптин долбоору боюнча өз сунуштарын берип, бул документти кабыл алуунун актуалдуулугун жана зарылдыгын белгилешти. 

Окшош материалы: