Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат

2024-11-07 / ЖӨБ кызматтары
Муниципалдык ишканалардын кызматкерлери: жаңы иш шарттары олуттуу көлөмдөгү билимди талап кылат

Айнура ЧАНДЫБАЕВА, БАЖБАнын долбоорлорунун менеджери

Дагы 170ке жакын муниципалдык кызматчы жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу процессине окуудан өтүштү. Алардын ичинен муниципалдык ишканалардын элүү өкүлү кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн жаңы билимдерди алышты.

Борбордук Азиянын жергиликтүү башкаруу Академиясы 2024-жылдын сентябрь жана октябрь айларында пилоттук ЖӨБдүн органдары үчүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруусу” курсу боюнча үч күндүк 5 тренинг өткөрдү. Тренинг Швейцария Өкмөтү каржылап, Хельветас жана ӨСИ аткарган “Жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун (ЖДКЖ) алкагында уюштурулду. Тренингдерге Кыргыз Республикасынын Чүй, Ноокен, Аксы, Бакай-Ата, Жети-Өгүз жана Ак-Суу райондорунан ЖДКЖ долбоорунун 19 максаттуу ЖӨБ органы катышты.

Катышуучулардын курамында ЖӨБ органдарынын жетекчилери, айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын мэрияларынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн атынан активисттер, майыптыгы бар адамдар, ошондой эле муниципалдык ишканалардын кызматкерлери болду. Жалпысынан 118 адам, анын ичинде 55 аял окуудан өттү.

Окуунун натыйжасында пилоттук ЖӨБ органдары өздөрүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин, стандарттарын (“Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык) иштеп чыгууда, алар жергиликтүү кеңештердин чечими менен бекитилет. Ошондой эле тренингдин жүрүшүндө катышуучулар Кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча аракеттер планын (КЖАП) даярдоонун методикасын өздөштүрүп, өз аймактары үчүн пландарды иштеп чыгууга киришти.

Атайын эки күндүк тренингди ЖДКЖ долбоорунун колдоосу менен БАЖБА 19 пилоттук ЖӨБ органынын муниципалдык ишканаларынын өкүлдөрү үчүн “Муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана сатып алууларды уюштуруунун эрежелери” деген темада уюштурду. Тренингдерге муниципалдык ишканалардын директорлору, бухгалтерлер жана муниципалдык ишканалардын сатып алуу боюнча адистери катышты. Жалпысынан 54 адам, анын ичинде 29 аял окуудан өттү.

Тренингдердин катышуучулары төмөнкү чөйрөлөрдө өздөрүнө керектүү билимдерди жана практикалык кеңештерди алышты: 

  • муниципалдык ишкананын ишин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылар;
  • муниципалдык ишкананын ишинин мааниси жана максаты, муниципалдык ишкананын ыйгарым укуктары жана функциялары, муниципалдык ишкананын башкаруу органдарынын жана кадрдык өңүттөрүнүн уюштурулушу;
  • муниципалдык ишкананын ишинин финансы-экономикалык негиздери;
  • муниципалдык ишкананын мүлкүн башкаруу;
  • муниципалдык ишкананын ишин уюштуруу жана сатып алууларды жүзөгө ашыруу;
  • Сатып алуу порталында каттоодон өтүү.

Ошондой эле тренингдин катышуучулары муниципалдык ишкананын уставына, түзүмүнө жана штаттык ырааттамасына, кызматкерлердин тарифтик торчосуна, муниципалдык ишкананын өндүрүштүк программасына тиешелүү бардык суроолоруна жооп алышты.

Катышуучулар жогорку деңгээлде кызыгуусун көрсөтүп, муниципалдык ишкананын бухгалтерлери үчүн бухгалтердик эсеп жана 1С темасы боюнча тренингди уюштурууну жана өткөрүүнү өтүнүштү. БАЖБА катышуучулардын керектөөлөрүн жана сунуштарын эске алуу менен “Муниципалдык ишканалардын бухгалтердик эсеби жана 1С” темасында модулдарды жана материалдарды даярдап чыгууну пландаштырууда. Ошондой эле өз ара байланышты жакшыртуу жана муниципалдык ишкананын ишин терең түшүндүрүү максатында айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана кызматкерлери үчүн муниципалдык ишканаларды башкаруу маселелери боюнча окууну уюштуруу жөнүндө сунуштар болду.

Кербен шаарынын мэриясынын “Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору  Б. ПАРПИЕВ: “Тренинг муниципалдык ишканалар менен муниципалдык мекемелердин ортосундагы айырманы түшүнүүгө жардам берди. Биздин уюм муниципалдык ишкана катары түзүлгөн, бирок эми гана ишибизди муниципалдык мекеме катары жүргүзүп жатканыбызды баамдадык. Мындан ары алган билимибизди колдонуп, каталарды оңдоп, ишибизди туура нукта жүргүзөбүз”.

Курс жыйынтыкталгандан кийин тренингдин катышуучуларына БАЖБАнын лицензияланган сертификаттары тапшырылды.

Бурана айылдык аймагынын Дөң-Арык айылынын башчысы Майрамбек ШАРШЕНАЛИЕВ: “Үч күндүк окууда биз бир топ темалар боюнча керектүү билимдерди алдык. Мисалы, кызмат көрсөтүүлөрдү кимдер аныктайт, кайсы орган бекитет, кошумча кызмат көрсөтүүлөрдү кандай жол менен уюштурууга болот жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин кантип түзүш керек дегенди талкууладык. Эми биз калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн КЖАПты иштеп чыгууну пландап жатабыз”.

“Султан 9” муниципалдык ишканасынын директору Таалай САБЫРОВ: “Административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин муниципалдык ишканалардын ролу өстү. Жаңы кызматкерлер келди. Мындай кырдаалда ушул өңдүү окуулар ката кетирбөөгө жана кызмат көрсөтүүнү жакшыртууга көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү берет”.

“Ноокен-Сакалды” муниципалдык ишканасынын директору Мамытбек НАЗИРБАЕВ: “Тренингдин жардамы менен муниципалдык ишкананы уюштуруунун ченемдик укуктук базасы канчалык көлөмдүү жана маанилүү болгонун түшүндүм. Дүйнө таанымым кенейип, жаңы суроолор жана керектөөлөр пайда болду. Тактап айтканда, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча окууларды өткөрүүгө зарылчылык бар, ал эми ЖӨБ органдарына муниципалдык ишкананы башкаруу саясатын даярдаганды үйрөтүш керек экен. Мындан тышкары, муниципалдык ишкананын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен бухгалтердик эсепке окутуу өтө зарыл. Мындай окуу иш-чаралары бизге байкабастан мыйзамдарды бузуп албоого жана кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет”.

Шамалды-Сай шаарынын мэриясынын кызматкери Жумайым УРМАТАЕВА: “Мындай тренингдердин баалуулугу – алар бизге топтолгон пайдалуу маалыматтарды берүүдө. Эгерде биз бул маалыматтарды өз алдынча ар кандай булактардан “чогултсак”, анда өтө көп убакыт коротуп, натыйжасы да азыраак болмок. Биз мындан ары да кызмат көрсөтүүлөрдү жана муниципалдык ишканаларды башкаруу чөйрөсүндө өз квалификациябызды жогорулата беришибиз керек”.

 

Окшош материалы: