Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

11 (157) 2 Декабрь 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды

2024-11-07 / ЖӨБ кызматтары
Швейцария Өкмөтү Кыргызстандагы кызмат көрсөтүүлөрдү өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүүсүн улантууда: “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун жаңы фазасы башталды

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” аттуу швейцариялык долбоордун үчүнчү фазасы башталды. Долбоордун ушул фазасын ишке ашыруунун алкагында калдыктарды башкаруу боюнча райондук пландарды, ошондой эле социалдык-экономикалык өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууга жана ишке ашырууга колдоо көрсөтүү пландалып жатат. Бул үчүн райондун бардык муниципалитеттери менен, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын деңгээлинде комплекстүү иш жүргүзүлө турган максаттуу райондор тандалып алынган.

Натыйжалуу жана жемиштүү кызматташтыкты ишке ашыруу максатында долбоор менен Талас облусунун Бакай-Ата районунун, Чүй облусунун Чүй районунун, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондорунун, Жалал-Абад облусунун Аксы жана Ноокен райондорунун райондук мамлекеттик администрацияларынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдарга кол коюлду.

Долбоордун үчүнчү фазасы төрт жылга эсептелген. Бул убакыттын аралыгында калдык-тарды башкаруунун регионалдык планынын негизинде райондун деңгээлинде катуу тиричилик калдыктарын чогултуу жана ташып чыгаруу кызмат көрсөтүүсүн уюштурууда эксперттик техникалык жана гранттык колдоо көрсөтүлөт. Мындай план ар бир райондо 2023-жылдын 15-августундагы “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кабыл алынууга тийиш.

Иш-чарага райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун пилоттук органдарынын (АӨ), мэриялардын өкүлдөрү жана долбоордун Ноокен, Аксы, Бакай-Ата, Чүй жана Жети-Өгүз райондорундагы өнөктөштөрү катышты.

Таштандыларды башкаруу долбоордун жаңы фазасынын маанилүү темасы болот. Жаңы долбоордук циклдин алдында долбоордун жамааты бул маселеге арналган маанилүү тегерек стол өткөргөнү да жөн жерден болгон жок. Талкуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – МКЖӨБМА) демилгеси боюнча жана анын атынан өттү.

Тегерек столго МКЖӨБМАнын, Кыргыз Республикасынын ЖӨБ Союзунун жетекчилиги жана жооптуу кызматкерлери, жергиликтүү кызмат көрсөтүү жана муниципалдык башкаруу жаатындагы көз карандысыз эксперттер, өнүктүрүү долбоорлорунун өкүлдөрү менен кошо 60ка жакын адам катышты.

МКЖӨБМАнын директору Кудайберген БАЗАРБАЕВ жергиликтүү калк үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртууга багытталган административдик-аймактык реформанын маанилүүлүгүн баса белгиледи. “Жаңы, ирилештирилген айылдык аймактар жана шаарлар жада калса эң алыскы айылдарда да биздин өлкөнүн жарандарына жашоо үчүн зарыл болгон бардык кызмат көрсөтүүлөр жеткиликтүү болгудай башкаруу системасын түзө алышы керек”, – деди директор.

Иш-чарада катышуучулар, “Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, калдыктар менен иштөөдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарын ишке ашыруу маселелерин талкуулашты, себеби жаңы кабыл алынган мыйзам ЖӨБ органдарынан КТКны чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу маселелерин чечүү үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнү талап кылууда.

Кыргыз Республикасындагы административдик-аймактык реформанын алкагында муниципалдык ишканалардын ишиндеги көйгөйлөргө жана аларды чечүү жолдоруна өзгөчө көңүл бурулду, себеби муниципалитеттерди ирилештирүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары түзгөн ишканаларды кайра уюштурууга алып келди.

МКЖӨБМАнын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Таалайгүл МАМАСАЛИЕВА ЧУАларды жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформага шайкеш келтирүү боюнча киргизилген мыйзам долбоорлорду Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алгандан кийин мыйзам алдындагы актыларды даярдоо боюнча чаралар жөнүндө айтып берди.

Мындан тышкары, эксперт Наталья БАЙДАКОВА тегерек столдун катышуучуларына Кыргыз Республикасында 2024-2028-жылдарга Жашыл экономиканы өнүктүрүү программасынын долбооруна киргизилген калдыктарды башкаруу маселелери жөнүндө айтып берди. Даярдалып жаткан программада бүтүндөй бөлүм калдыктарды башкаруу маселелерине арналган. Кыргыз Республикасынын таштанды жайларына түшүүчү катуу тиричилик калдыктарынын көлөмүн азайтуу Программанын бул багытынын максаты болуп саналат. Бул максатка төмөнкү милдеттерди аткаруу жолу менен жетишүү сунушталууда: 

  • калдыктарды чогултуу жана кайра иштетүү системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
  • полигондордун инфраструктурасын модернизациялоо;
  • калдыктардын пайда болушун азайтуу жана алдын алуу.

Кеңешменин жүрүшүндө талкууланган көйгөйлөр жаңы фазада ЖДКЖ долбоорунун көңүл чордонунда болот.

 

Окшош материалы: