Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Маалыматтык бюллетендердин марафону

2017-03-31 / ЖӨБ кызматтары
Маалыматтык бюллетендердин марафону

2016-жылдын башынан тарта Швейцария Өкмөтү каржылаган жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик прцоесс” долбоорунун (мындан ары – Долбоор) алкагында Чүй облусунун муниципалитетинин мыкты маалыматтык бюллетени үчүн конкурс башталган. Маалыматтык бюллетенди даярдоодо жана чыгарууда максималдуу эффективдүүлүккө жетүү максатында тренингге катышкан муниципалитеттер арасында конкурстун алкагында атайын белектер белгиленди. Жеңүүчүлөргө бюллетенди даярдап, чыгаруу үчүн зарыл болгон түстүү принтер жана түстүү фотоаппарат түрүндө белектер тапшырылды. 2017-жылдын февралында конкурстун жеңүүчүлөрү белгилүү болду. Алар бул мезгил аралыгында маалыматтык бюллетендин эки чыгарылышын даярдап, мыкты дизайн жана мазмуну үчүн эң көп балл алышкан. Ушул макалада биз сиздерге бул жеңишке кантип жетишкенин, маалыматтык бюллетенди кантип даярдап, чыгарыш керектигин кенен айтып беребиз.

Эмесе, баары Чүй облусунун максаттуу жана максаттуу эмес муниципалитеттериндеги 36 ЖӨБ органынын өкүлдөрүн окутуудан башталган (1-сүрөт). Алар үчүн 2016-жылдын сентябрында “ЖӨБ органынын маалыматтык бюллетенин уюштуруу, даярдоо жана басып чыгаруу боюнча практикалык көндүмдөр” темасына тренинг өткөн. Тренингдин негизги максаты – маалыматтар менен алмашууну жана жарандык катышууну күчөтүү, ЖӨБ органдарынын ишинде айкындуулукка жана ачыктыкка жетүү. Ошондой эле тренинг “КР мамлекеттик органдарынын жана ЖӨБ органдарынын карамагында турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесинин жарандардын ЖӨБ органдарында болгон маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо бөлүгүндөгү талаптардын аткарылышын камсыздоо максатын көздөдү. Тренинг алдына төмөнкүдөй тапшырмаларды койду: ЖӨБ органдарынын өкүлдөрүнө муниципалитеттин бюллетенин даярдоо боюнча жаңы билимдерди берүү жана практикалык көндүмдөргө үйрөтүү, компьютердик көндүмдөргө жана маалыматтык баракчанын дизайнынын негиздерине үйрөтүү, муниципалитеттердин бюллетенинин үлгү-мисалдарын даярдоо.
Эки күндүк тренингде муниципалитеттер географиялык жайгашуусу боюнча Батыш жана Чыгыш деп бөлүштүрүлдү. Тренингге АӨ жана шаар мэрияларынын кызматкерлеринин ичинен 67 киши катышты. Жалпысынан Долбоордун максаттуу муниципалитеттеринен 11, максаттуу эмес муниципалитеттеринен 25 киши катышты. Ар бир муниципалитеттен экиден киши катышты, максаттуу эмес муниципалитеттерден тренингдин катышуучусун тандап алуу бир критерийдин негизинде жүрдү Долбоордун түрдүү конкурстарына жана окутуучу тренингдерине жигердүү катышкандар тандалып алынды. Катышуучулар тренингдин теориялык бөлүгү менен таанышты: “Муниципалдык маалыматтык бюллетендин мазмунун түзүү (түрмөктөр, маалымат булактары, маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзам, мисалдар ж.б.)”, “Microsoft Word жана Publisher программасында бюллетенди даярдоодо компьютердик көндүмдөр”, “Дизайндын негиздери. Биргелешкен аракеттер планын (БАП) аткаруу тууралуу маалыматтык баракчаны даярдоо практикасы”. Тренингдин негизги бөлүгү маалыматты иштеп чыгуу жана даярдоо, мазмунун иштеп чыгуу, тексттерди жазуу жана редакциялоо боюнча практикалык көндүмдөргө арналды.
Ошондой эле катышуучулар бюллетендерди даярдоо процессинде колдонуу үчүн сүрөттөрдү, сандарды, таблицаларды жана башка графикалык элементтерди даярдоожана кайра иштеп чыгуу боюнча кошумча билим алышты. Окуунун соңунда катышуучулар алгачкы бюллетендердин долбоорлорун даярдашты. Ар бир муниципалитеттен бирден өкүл өзү даярдаган долбоорду экранда көрсөтүп берди. Ар бир долбоордун оң жактары жана кемчиликтери талкууланып, катышуучулар ой пикирлерин ачык айтып, долбоорлордо маалыматты берүү үчүн кызыктуу чечимдерди сунуштап, Долбоордун консультанттары да өз сунуштарын беришти. Даярдалган маалыматтык бюллетендердин жыйынтыгы боюнча, даяр баракчалардын артыкчылыктарына жана кемчиликтерине анализ жасоонун негизинде тренер бюллетенди жол жоболоштуруу боюнча сунуштарын берди. Биринчи кезекте алдын ала төмөнкүлөрдү даярдап алыш керек: текстти (жаңылыктарды жана материалдарды, Маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө Мыйзамдын 20-беренесине ылайык жарыяланууга тийиш болгон маалыматтарды жана документтерди), диаграммаларды, таблицаларды жана сүрөттөрдү. Муну менен катар орфографиясына өзгөчө көңүл буруу зарыл:
 
  • материалдын тексттерин даярдаганда жаңылыктардын чоо-жайына, актуалдуулугуна, ишенимдүүлүгүнө жана тактыгына өзгөчө көңүл бурулушу керек;
  • барактардын макетин, колонтитулун жана номерлештирүүнү иштин башында белгилеп алыш керек;
  • баш темалардын жана рубрикалардын аталыштарынын визуалдык жагымдуулугун арттырып, бир түргө келтирүү үчүн ажыратуу функциясын колдонуу менен тик тилкени колдонуу керек;
  • Microsoft Office – Picture Manager пакетиндеги сүрөттөр менен иштөө үчүн программаны колдонуу менен окуяга ЧЕЙИНКИ сүрөттөрдү редакциялап (ачыктыгы, контрасты, көлөмү, түсү ж.б.) алуу зарыл;
  • сүрөттөр үчүн алкактарды бюллетендин башкы тематикасына жараша тандаш керек («аза күтүүдө» колдонулган алкактарды колдонуудан оолак болуңуз), ушуну менен бирге эгерде тематикасына шайкеш келбесе, ашыкча көлөкө түшүрүүдөн жана бурчтарын кескилөөдөн качуу зарыл;
  • барактар ариптердин көлөмүн жана тибин эсепке алуу менен бир кылка толтурулуш керек, ариптер окумдуу болууга тийиш;
  • тексттердин арасына сүрөттөр кошулуп, бирок ошол эле маалда алар өтө көп болбош керек.
  • жарыялар жана жаңылыктар маанилүүлүгүнө жараша таризделиш керек, мында Clip Art, Word Art жана Smart Art элементтери колдонулушу шарт;
  • маалыматтык бюллетенди даярдоо жана чыгаруу үчүн жооптуу адамдар менен байланыш жолдору, алардын аты-жөнү сөзсүз жа зылышы керек.
     
Катышуучулардын бардыгынын билим жана компьютердик техника менен иштөө деңгээли бирдей болгонун белгилей кетүү зарыл – жөнөкөй колдонуучулар, көптөрү MS Word программалык камсыздоосу менен иштөөнүн элементардык көндүмдөрүн да билишпейт. Анткен менен, тренингдин катышуу-чуларынын көбү практикада маалыматтык бюллетендин дизайнын даярдоо жана жакшыртуу боюнча болгон аракетин жумшап, жогорку активдүүлүгүн жана бул жаатта ишти улантууга чоң кызыкдарлыгын көрсөтө алышты. Алар мындан ары да өз муниципалитеттеринде бюллетень чыгарууну пландашууда. Эки күндүк тренингдин натыйжасында катышуучулар маалыматтык бюллетенди жергиликтүү калк арасында жана башка максаттуу аудиторияга таратуу үчүн практикалык көндүмдөргө ээ болушту. Өз муниципалитеттеринде маалыматтык бюллетендердин долбоорун аягына чейин иштеп чыгып, натыйжада конкурска 36 муниципалитеттин ичинен (тренингге катышкандардын) 27си өтүнмө жиберди. Баарын чогулткандан кийин бюллетендердин алгачкы чыгарылышына баа берилди. Андан соң 27 муниципалитетке бюллетендин экинчи чыгарылышын даярдоого мүмкүнчүлүк берилди. Бирок конкурстун экинчи этабында 21 өтүнмө түштү. Ошентип 2017-жылдын январь айында конкурстун жалпы жыйынтыгы чыкты. Төмөнкүдөй негизги критерийлер боюнча 5 баллдык шкала менен маалыматтык бюллетендин эки чыгарылышы бааланды:
 
  • маалыматтуулугу, тургундарга ЖӨБ иши тууралуу пайдалуу маалыматтардын саны, отчеттордо, бюджет тууралуу маалыматтарда сандык маалыматтар, аналитика жана түрдүү маалыматтарды салыштыруу, бюллетень айыл жашоочусуна маселесин чечүүдө жардам берип жатабы, кеңеш береби, оор кырдаалда ага багыт көрсөтөбү;
  • актуалдуулук (жаңылык), жаңылыктардын бүгүнкү күнгө шайкештиги, жашоочулардын күтүүлөрүнө жооп береби;
  • түшүнүктүү жеткирүү, материал карапайым адамга канчалык түшүнүктүү, татаал терминдер, сүйлөмдөр же сөздөр ашкере колдонулган жокпу, атайын билими болбогон айыл тургуну материалда сөз болуп жаткан теманы илип кетеби;
  • бюллетенди тариздөө жана анын сырткы көрүнүшү, негизги жаңылык кайсы жерде, ал эми мааниси жагынан андан кийинки орунда турганы каерде болгонун оңой эле көрсө болобу, автору ким жана материал кайсы түрмөккө кирери түшүнүктүүбү, байланыш үчүн маалыматтар барбы, күнү көрсөтүлгөнбү;
  • ойлоп тапкычтык – калыптанып калган ой жүгүртүүдөн четтеп, жаңы, буга чейин болуп көрбөгөн идеяларды жаратуу жана табуу, дизайнында жана мазмунунда жаңы, уникалдуу ыкмаларды колдонуу;
  • сүрөттөр жана алардын сапаты. Байгелүү үч орундун жеңүүчүлөрүнө байгелер муниципалитеттердин айылдык чогулуштарында тапшырылды. Чогулуштарда жергиликтүү жамаатка конкурстун шарттары жана жыйынтыктары, маалыматтык бюллетенди даярдоонун жана чыгаруунун артыкчылыктары тууралуу айтып берүүгө мүмкүнчүлүк болду.
Маалыматтык бюллетендин эки чыгарылышынын негизинде конкурстун жыйынтыктарын чыгаргандан кийин Долбоор бардык 21 катышуучуга (муниципалитетке) бюллетендин үчүнчү чыгарылышын даярдоо мүмкүнчүлүгүн берди. Натыйжада жарым жылдын ичинде маалымат бюллетенинин үчүнчү чыгарылышын даярдаган бир нече муниципалитет гана марафонду өттү. Алар: Күн-Туу АА, Кочкорбаев АА, Гроздь АА, Кызыл-Октябрь АА, Курама АА, Степное АА, Шамшы АА, Жээк АА. Бул муниципалитеттердин маалыматтык бюллетендерин дярдап, басып чыгаруу үчүн жооптуу адамдарга жана ЖӨБ органдарынын жетекчилерине оптимизм жана тырышчаактык, өздөрүнүн жергиликтүү жамааты алдындагы чоң жопокерчилиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. ЖӨБ органдары жасаган иштер тууралуу маалыматты мүмкүн болушунча башкаларга жеткирүү максатында техникалык жардам катары бардык муниципалитеттерге ар бири 4 же 8 беттен турган 56 маалыматтык бюллетендин үч чыгарылышы тең 200 нускадан басып чыгарылды. Бюллетенди даярдап, басып чыгаруу боюнча конкурстун катышуучуларынын пикири кандай? Исаев Азизбек, Кең-Булуң АӨ (Ысык-Ата району) адиси: “Тренингдин жана өз айыл өкмөтүмдөгү практикалык иштин жардамы менен биз ар бир документтин дизайнын түзгөндөн тышкары өз айылыбыздын чыныгы маалыматтык бюллетенин кесипкөй деңгээлде толук кандуу даярдаганды да үйрөндүк. Эми адамдар бүткүл аймактын турмушуна жигердүү катыша алышы үчүн зарыл жана пайдалуу маалыматты калкка канткенде туура жеткире аларыбызды жакшы билип калдык”.
Турдалиева Айтбүбү, Кызыл-Туу АА (Сокулук району) БМжБ тобунун төрайымы: “Бул окуу жеке мага көп нерсени үйрөттү. Мен Word программасында иштегенди үйрөндүм. Көрсө анын өтө көп операциялары жана мүмкүнчүлүктөрү бар экен. Эгерде биз мурда жөн гана текст жазып келсек, эми маалыматты кызыктуу баяндап, сүрөттөрдү кошуп, түрдүү форматтагы ариптерди колдонуп, баш темасын жазып, дагы көп нерселерди киргизгенди өздөштүрдүк. Бүгүнкү күндө өзгөчө элет жергесинде мындай маалыматтык бюллетень аба менен суудай зарыл болуп турат. Анткени элеттиктер интернет колдонбойт жана мурдагы Союз маалындагыдай гезиттерге жазылбайт.Азыр адамдар ушак менен жашап калды, бир эле маалыматты ар ким ар кандай түшүнөт. Ал эми маалыматтык бюллетень биздин айылдык аймактын турмушундагы жаңылыктарды ишенимдүү угууга мүмкүнчүлүк берет, ал кабарларды каалаган учурда кайра окуп чыкса болот. ЖӨБ органы сөзсүз түрдө маалыматтык бюллетенди болгондо да ай сайын чыгарып турушу керек. Бирок бардык нерсе жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан жана АӨ жетекчилигинен көз каранды. Эгерде каалоо болсо, тоону да омкоруп салса болот”.

Окшош материалы: