2017-05-01 / Юридикалык кеңеш
Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты
Жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштары тууралуу. Муниципалитеттер аралык же мамлекеттик маанидеги айрым маселелерди чечүү район деңгээлинде жайгашкан ЖӨБ органдарынын жалпы аракеттерин талап кылат. Буга жараша жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарын өткөрүү зарылчылыгы пайда болот. Бул жыйналыштарды уюштуруунун жана өткөрүүнүн жол-жоболору жана укуктук базасы кандай?
КР Конституциясынын 89-беренесинин 7-пунктунун эски редакциясы КР премьер-министрине жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын – акимдерди дайындоо жана кызматынан бошотуу мүмкүнчүлүгүн берген. Ошондуктан “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамында жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштар институту каралган. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-1-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштарынын компетенциясына төрт гана маселени кароо киргизилген. Алар:
-
акимдин кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлик боюнча сунуш киргизүү;
-
жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы иштердин абалы жөнүндө акимдин отчетун угуу;
-
өз милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн акимге жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналышынын депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен ишеним көрсөтпөөнү билдирүү;
-
аймактык шайлоо комиссиясынын курамына киргизүү үчүн талапкерлерди Борбордук шайлоо комиссиясына көрсөтүү, ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына талапкерлерди көрсөтүү.
Буга ылайык, жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштары жогорудагы саналгандардан тышкары башка маселелерди кароого укугу жок болчу 2016-жылдын 4-декабрында өткөн референдумда КР Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилип, акимдерди дайындоо жана кызматынан бошотуу процессине жергиликтүү кеңештердин катышуусу алып салынган. Конституциянын жаңы редакциясына ылайык, премьер-министр жергиликтүү кеңештердин макулдугусуз акимдерди дайындайт жана кызматынан бошотот. Ушул тапта КР Өкмөтү мыйзамдардын ченемдерин КР Конституциясына шайкеш келтирүү максатында мыйзам долбоорун демилгелеп жатат. Аны менен катар өз миссиясын жоготкон жергиликтүү кеңештердин кошмо жыйналыштар институттарын жоюп салуу пландалууда.
Жергиликтүү кеңештердин райондук маанидеги маселелерди жана айылдык аймактар ортосундагы маселелерди кароо зарылчылыгы боюнча айтатурган болсок, мыйзамдар жергиликтүү кеңештерге өз сессияларында мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин, калкты тейлеген ишканалардын жана уюмдардын, ошондой эле тийиштүү жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча жергиликтүү кеңешке отчет берген же ага караган бардык органдардын же кызмат адамдардын маалыматтарын өз алдынча карап чыгууга жана угууга тыюу салбайт. Мындан тышкары жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамдарга ылайык, муниципалитеттер ортосундагы кызматташуу тартибинде башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте алардын компетенциясына караган бардык маселелерди чечүүгө укуктуу.
Депутаттык суроо-талап жөнүндө. Депутат кеңештин сессиясында алдын ала талкуудан өткөрбөстөн, өз алдынча депутаттык суроо-талап жасай алабы?
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, суроо-талап депутат же депутаттар тобу тарабынан жазуу жүзүндө же оозеки түрдө киргизилиши мүмкүн. Ал сессиянын күн тартибине киргизилүүгө тийиш, ал боюнча талкуу жүргүзүлүшү жана чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Жергиликтүү кеңештин төрагасы суроо-талаптын текстин, ал коюлган тийиштүү органга же кызмат адамына жеткирет. Суроо-талап коюлган орган же кызмат адамы жергиликтүү кеңеш белгилеген мөөнөттө ага оозеки же жазуу жүзүндө жооп берүүгө тийиш. Суроо-талапка жооп жергиликтүү кеңештин сессиясында каралат.
Ошондой эле “КР мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө” КР Мыйзамы жергиликтүү кеңештин депутатына жеке жак катары оозеки же жазуу жүзүндө мамлекеттик органдарга жана ЖӨБ органдарына суроо-талап менен кайрылууга укук берет. Мамлекеттик бийлик органдары жана ЖӨБ органдары 14 күндүн ичинде депутаттын/жеке жактын суроо-талабына жооп кайтарууга милдеттүү. Жөнөкөй сөз менен айтканда, депутат жаран катары гана өз алдынча суроо-талапты жолдой алат. Суроо-талапка депутаттык деген статусту ыйгаруу үчүн сессиянын жактыруусу зарыл.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары жөнүндө. Жергиликтүү кеңештин депутаты кошуна жергиликтүү кеңештин ишине кийлигишип же катыша алабы?
Жергиликтүү кеңештин депутаты башка айылдык аймактын, шаардын ишине катыша албайт же кандайдыр бир жол менен алардын ишине кийлигише албайт. “Жергиликтүү өз адынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештер юридикалык жактар болуп саналат жана мыйзамдар менен өздөрүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
Жергиликтүү кеңештин депутатынын дарегине жүйөсүз сын жөнүндө. Эгерде башка муниципалитеттин жергиликтүү кеңешинин депутаты биздин жергиликтүү кеңеш тууралуу терс маанайдагы пикирин билдирип, ишине жүйөсүз эле начар баа берип жатса, бул депутатка карата кандай чараларды колдоно алабыз?
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 8-1-беренесине ылайык, депутат өз ишинде моралдын жалпыга таанылган ченемдерин карманууга, өз беделин сактоого, башка депутаттардын, башка кызмат адамдарынын жана жарандардын ар-намысын жана беделин сыйлоого, тиешелүү жергиликтүү кеңешти, шайлоочуларды жана бүтүндөй мамлекетти жаманатты кылган аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан сактанууга тийиш. Депутат өз ишинде Депутаттык этика кодексинин талаптарын карманат. Башка айылдык кеңештин депутаты мындай бузууларга жол берген учурда КР Граждандык кодексинин I бөлүгүнүн 18-беренесин колдонмого алуу менен, жергиликтүү кеңеш өзүнүн ишкердик беделин коргоо үчүн сотко кайрылууга укугу бар. Юридикалык жак катары жергиликтүү кеңештин ишкердик бедели негизинен коомдук ишинин жыйынтыктарынан жана ал тууралуу ачык жайылтылган маалыматтардан калыптанып, юридикалык жактын ишине коомдук баа түрүндө болот.
Эгерде жергиликтүү кеңештин ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар массалык маалымат каражаттарында жайылтылса, алар ошол эле массалык маалымат каражаттарында төгүндөлүүгө тийиш. Эгерде аталган маалыматтар уюмдан чыккан документте камтылса, мындай документ алмаштырылууга же кайра алынууга тийиш. Эгерде соттун чечими аткарылбаса, сот бузуучуга процессуалдык мыйзамдарда каралган өлчөмдөрдө жана тартипте мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү айып акы салууга укуктуу. Айып акыны төлөө укук бузуучуну соттун чечиминде каралган аракеттерди аткаруу милдетинен бошотпойт. Өзүнө карата ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар жайылтылган жергиликтүү кеңеш мындай маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын жайылтылышынан улам келтирилген зыяндардын жана моралдык зыяндын ордун толтурууну талап кылууга укуктуу. Мындай суроолордун пайда болуп жатышы жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн Этика кодексин иштеп чыгуу зарылдыгынан кабар берет.
Текшерүүлөрдү демилгелөө жөнүндө. Айылдык кеңеш же кеңештин депутаты көзөмөлдөөчү органдар ЖӨБ органынын ишине текшерүү жүргүзүүсү тууралуу маселени кантип демилгелей алат?
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” КР Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты жергиликтүү кеңешке жана анын органдарына анын аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын ишин менчигинин түрүнө карабастан, ошондой эле финансы-чарбалык иштен тышкары мамлекеттик органдарды жана жарандардын бирикмелеринин органдарынын ишин текшерүү зарылдыгы жөнүндө маселе коюуга укуктуу.Айталы, жергиликтүү кеңеш ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга депутат баяндаган фактылар боюнча текшерүү жүргүзүүнү сунуштоого укуктуу. Мында текшерүү колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Депутат текшерүү жүргүзүү тууралуу өз демилгесин жергиликтүү кеңештердин кароосу үчүн маселе катары киргизе алат. Жарандардын укуктарын бузулушу же башка мыйзам бузуулардын бети ачылганда депутат укук бузууну токтотууну талап кылууга, ал эми зарыл болгон учурларда укуктун бузулушуна бөгөт коюу талабы менен тийиштүү органдар- га жана сотторду жана судьяларды кошпогондо, кызмат адамдарына кайрылууга милдеттүү. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жарандардын бирикмелеринин кызмат адамдары, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын администрациясы, ошондой эле депутаттын талабы багытталган милиция кызматкерлери укук бузууларды жоюуга карата токтоосуз чараларды көрүүгө, ал эми зарыл болсо - бул жөнүндө кийин депутатка маалымдоо менен күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чара көрүүгө милдеттүү. Чаралар көрүлбөгөн учурда депутат, депутаттык фракция жана жергиликтүү кеңештердин тобу кайрылган кызмат адамдары мыйзамда белгиленген тартипте тартиптик, администрациялык же жазыктык жоопкерчилик тартышат.
Жергиликтүү кеңештердин сессиясына документтерди берүү мөөнөөттөрү жөнүндө. Айылдык аймактын жергиликтүү кеңешинин регламентинде жыйналышта карала турган документтерди жана материалдарды берүү боюнча мөөнөт сессия башталганга чейин 2 календардык күндөн кеч эмес деп аныкталган. Бул канчалык укук ченемдүү?
Депутаттардын жергиликтүү кеңештин сессиясында карала турган документтерди жана материалдарды кеңештин сессиясы башталганга чейин берүү мөөнөтүн белгилөөнү туура жана зарыл деп эсептейбиз. Депутаттар жана башка чакырылган адамдар карала турган маселелер менен алдын ала таанышып чыгып, өз жоопторун, жүйөлөрүн даярдап алышы керек. Болбосо депутаттарга материалдар менен таанышуу үчүн сессия маалында кошумча убакыт талап кылынат, ошондуктан сессияга бөлүнгөн убакыт натыйжасыз өтөт же узарып кетет.
Болбосо депутаттар сессияда каралып жаткан маселе боюнча аны менен терең таанышпастан добуш берип коюшат. Документтерди 3 календардык күн мурда берүү жол-жобосу КР Жогорку Кеңешинин комитеттеринде, фракцияларында жана жыйналыштарында практикаланып келет. Бул жол-жобо бузулган учурда маселе күн тартибинен алып салынышы мүмкүн. Бул жол-жобо дагы кененирээк айылдык кеңештин Типтүү регламентинде сүрөттөлгөн. Типтүү регламент ЖӨБЭММАнын 2013-жылдын 25-ноябрындагы 01-24/65 буйругу менен бекитилген. Анда төмөнкүлөр айтылат: “Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет, ал маселелерди жамааттык талкуулоо жана алардын чечимдери боюнча токтомдорду кабыл алууну камсыздайт. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген документтердин пакети төмөнкүлөрдү камтышы керек:
-
айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы даярдаган, айылдык кеңештин төрагасы айыл өкмөт башчысы, тиешелүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашып жактырган токтомдордун долбоорлору;
-
токтомдун долбооруна маалым кат-жүйө;
-
салыштырмалуу таблица (иштеп жаткан токтомго өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизген учурда);
-
тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиянын корутундусу же чечими;
-
токтом долбоорунун мамлекеттик органдардын тиешелүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамаат менен макулдашылганы тууралуу маалыматты камтыган документтер (зарыл болгондо);
-
жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжасында даярдалган эксперттик бүтүмдөр (зарыл болгондо).
Кезектеги сессиянын күн тартибинин долбоорун айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөт башчылардын иш планынын негизинде жыйналышка 10 күн калганга чейин жана айылдык кеңештин кезексиз сессиясына 5 күн калганга чейин түзүлөт. Чукул кырдаалдар пайда болгон учурда токтоосуз чакырылат. Сессиянын күн тартибинин долбооруна маселелерди төрага айылдык кеңештин профилдик туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен алдын ала талкуулагандан кийин киргизет.
Сессия өтчү күнү жана жери көрсөтүлгөн, төрага түзгөн сессиянын күн тартибинин долбоору, токтомдордун долбоорлору жана жыйналыштын кароосуна киргизиле турган башка документтер менен материалдар депутаттарга, чакырылгандарга сессия башталганга чейин 3 күн мурда жолдонот. Күн тартибинин долбоору айыл өкмөтүнүн маалымат тактасында бир жолу жайгаштырылат, ошондой эле жергиликтүүкалк таанышуусу үчүн айылдын ичинде жалпыга жеткиликтүү жерлерде жайгаштырылат” (ЖӨБЭММАнын 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 01-24/65 буйругу менен бекитилген айылдык кеңештин Типтүү регламентинин 16, 17, 18 жана 36-бөлүмдөрү).
Жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү жөнүндө Бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана бийлик вертикалдарынын жемиштүү жана иштиктүү өз ара мамилелерин камсыздоо үчүн жергиликтүү кеңештердин жана Жогорку Кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрүн теңдештирсе болот?
Бул идея ЖК депутаты К.БОКОЕВ демилгелеген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын долбоорунда ордун тапты. Анда жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарынын башчыларынын (АӨ башчылары жана шаар мэрлери) мөөнөттөрү төрт жылдан беш жылга чейин көбөйтүлгөн.
Ыйгарым укуктардын мөөнөттөрүн көбөйтүү аймактын социалдык-экономикалык өңүгүү программаларын пландоо жана толук кандуу аткаруу үчүн жетиштүү убактылуу шарттарды түзүү, ошондой эле шайлоо процесстеринде бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында сунушталган. Себеби өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөткөндөй, “беш жылдык” программалоо жана башкаруунун дагы да туруктуу модели болуп эсептелет, жемиштүү иш үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, муниципалитеттер үчүн экономикалык жактан ыңгайлуу жана ЖӨБдүн аткаруучу жана өкүлчүлүктүү органдарынын туруктуулугун жогорулатууга жол берет.Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынгандан кийин республиканын бардык облустарында парламенттик угуулар түрүндө талкуудан өттү. Бул талкууларга ЖК, жергиликтүү кеңештердин депутаттары, АӨ башчылары, жарандар ж.б. катышты. Мыйзам долбоору аягына чейин даярдалуу процессинде турат жана Жогорку Кеңештин экинчи окуусуна кароого жиберилди.