Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

ЖӨБ органдарынын жергиликтүү жамааттар менен өз ара аракеттенүүсү жана жашоо-тиричиликти уюштуруу

2017-05-02 / Юридикалык кеңеш

ЖӨБ органдары берген сыйлыктар жөнүндө Жергиликтүү кеңеш буга чейин берилген сыйлыктарды, мисалы, “Айыл аксакалы” сыйлыгын чакыртып алууга (алып коюуга) укугу барбы? Мыйзамдарда жергиликтүү кеңештердин сыйлыктарды уюштуруу, ыйгаруу жана ажыратуу тартиби каралган эмес. Анткен менен мунун мыйзамдарда болбогону ЖӨБ органдары жергиликтүү деңгээлде сыйлыктарды уюштура албайт, ыйгара албайт жана ажырата албайт дегенди билдирбейт. Ар бир жергиликтүү кеңеш жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн сыйлоо жөнүндө Жобону иштеп чыгып, бекитүү менен бул тартипти өзү аныктай алат.

Эгерде жергиликтүү кеңештин бул Жобосунда сыйлыктан ажыратуу маселеси каралбаса, анда Жобого тийиштүү жол-жоболорду киргизгенден кийин бул маселени жергиликтүү кеңеш карай алат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары тийиштүү айылдык аймактын жергиликтүү жамаатынын Уставы менен да жөнгө салынат. Жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүн сыйлоо жөнүндөгү жобо ЖӨБЭММАнын 2014-жылдын 4-мартындагы №.01- 24/19 буйругу менен бекитилген жергиликтүү жамааттын Типтүү уставында белгиленген (IV глава, 31-п.).
Жергиликтүү жамааттын эски уставы жөнүндө 2008-жылы курултайда кабыл алынган жана айылдык кеңеш бекиткен жергиликтүү жамааттын Уставы юридикалык күчкө ээби (ЖӨБЭММАнын буйругу менен Типтүү уставдын жаңы редакциясы бекитилгенге чейин)? Жергиликтүү жамааттын Уставы мыйзамдарга ылайык кабыл алынса жана айылдык кеңеш анын күчү жоголду деп тааныбаса, анда ал юридикалык күчкө ээ. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 15-беренесине жана КРнын башка мыйзамдарына ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставы:
 
  • аталган айылдык аймактын жашоочулары менен талкууланууга тийиш;
  • жергиликтүү жамааттын КР мыйзамдарына каршы келбеген сунуштары, эскертүүлөрү жана сунуштамалары каралып чыгып, киргизилиши керек;
  • жергиликтүү кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйналышында жана жергиликтүү кеңештин сессиясында каралып, бекитилиши керек;
  • жергиликтүү кеңештин токтомдорун каттоо үчүн белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында милдеттүү каттоодон өтүшү керек;
  • жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтому жарыяланууга тийиш жана анда бекитилген
  • Уставдын тексти кошо жарыяланат;
  • расмий жарыялангандан кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жөнүндө жергиликтүү кеңештин токтомунун көчүрмөсүнө Уставдын тексти тиркелип Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизилет (КР Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө жиберилет).
Буга ылайык, эгерде жогоруда аталган бардык талаптар аткарылса, ал эми айылдык кеңеш уставды күчүн жоготту деп тааныбаса, анда 2008-жылкы үлгүдөгү устав колдонууда деп саналат. Анткен менен, уставды жакшыртуу, анын жамааттын жашоосуна тийгизген таасирин күчөтүү максатында уставдын эски редакциясынын ЖӨБЭММАнын 2014-жылдын 4-мартындагы № 01-24/19 буйругу менен бекитилген жаңы Типтүү уставга шайкештигин кайра карап чыгуу сунушталат.
Ветеринардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтерди бекитүү жөнүндө Жергиликтүү кеңеш райондук ветеринардык башкармалык тарабынан жергиликтүү фермерлер үчүн сунушталган ветеринардык тейлөө кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифти беките алабы? Райондук Ветеринарлар ассоциациясы район боюнча ветеринарлардын кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифти эсептеп чыккан. Бул сумманы ким макулдашып же бекитиши керек?“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, ветеринардык кызмат көрсөтүүлөр үчүн тарифтерди бекитүү жергиликтүү кеңештин компетенциясына кирбейт. Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) бар. Ал КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтому менен бекитилген. Бул реестрде акынын негизинде жана акысыз ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн толук тизмеси берилген. 
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы №637 Токтому менен бекитилген Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр (жумуштар) үчүн акынын өлчөмүн аныктоо Тартибине ылайык, мамлекеттик органдардын ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрү, мекемелери көрсөтүүчү акынын негизиндеги кызмат көрсөтүүлөргө (жумуштарга) тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча ветеринария чөйрөсүндөгү тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.Буга ылайык, Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр реестрине кирген мамлекеттик ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик монополияга каршы органдын аймактык бөлүмдөрү менен макулдашуу боюнча Мамлекеттик ветеринария департаменти бекитиши керек. 
Малды идентификациялоого тарифтер жөнүндө Кайсы документтердин негизинде малды идентификациялоо үчүн акынын өлчөмү түзүлөт? Тилекке каршы бүгүнкү күндө КР Өкмөтү тарабынан малды идентификациялоо кызмат көрсөтүүлөрү үчүн конкреттүү баа белгиленген эмес. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-декабрындагы №694 токтому менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоо эрежелеринде төмөнкүдөй деп көрсөтүлгөн: жаныбарларды идентификациялоо мезгилинде жаныбардын ээси аткаруучуга - ветеринардык дарыгерге идентификациялоо боюнча кызмат көрсөтүү үчүн акы, ошондой эле биркалардын, чиптердин жана идентификациялык күбөлүктүн наркын төлөйт. Учурда жаныбарларды идентификациялоону ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЖӨБ органдарынын жардамы менен Чүй облусунда Ысык-Ата районунда гана жүргүзүүдө. Ал жерде апробациялоо (сыноо) жүрүүдө.
АӨ башчыларынын айтымында, ушул тапта жаныбарларды идентификациялоо боюнча акыны аныктоонун төмөнкүдөй тартиби колдонулуп жатат. Айыл өкмөтү ветеринардык дарыгердин кызмат көрсөтүүсү жана Идентификацияланган жаныбарлардын Бирдиктүү мамлекеттик реестрине маалыматтарды киргизүү үчүн айыл өкмөтүнүн кызмат көрсөтүүлөрү үчүн бааны чогулушта жергиликтүү жамаат менен макулдашат. Бул сумма 30 сом болот. Бул баага кошумча биркалардын, чиптердин жана идентификациялык күбөлүктүн иш жүзүндөгү наркы – 40 сом кошулат. Натыйжада пилоттук райондордо идентификациялоону өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүү үчүн ар бир жаныбарга 70 сом төлөнөт.

Окшош материалы: