2017-05-09 / Юридикалык кеңеш
Жайыттар жөнүндө Жайыттар жөнүндө мыйзамда жайыттарды колдонгону үчүн акыны жергиликтүү кеңеш бекитиши керектиги көрсөтүлгөн. Жайыттарды колдонгону үчүн акыны бекитүү үчүн кандай документтер талап кылынат? Айылдык кеңеш жайыт комитетинин бюджетин бекитиши керекпи? Жайыт кеңеши бюджеттин аткарылышы тууралуу кеңеш алдында отчет бериши керекпи? “Жайыттар жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-беренесине ылайык, тескөө укугун кошпогондо, мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу үчүн жоопкерчилик жана контроль жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берилет.
Алар өз кезегинде жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарын жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүүгө укуктуу. Ошол эле маалда жергиликтүү кеңеш контролдоочу иш милдеттеринин алкагында жыл сайын төмөнкүлөрдү бекитет:
-
жайыттарды пайдалануу боюнча жамааттын пландарын,
-
алардын аткарылышы тууралуу отчетторду,
-
ошондой эле жайыттарды пайдалануу үчүн акыны.
Жайыт жерлерин пайдаланууга укук алуу үчүн акынын өлчөмү ар бир жайыт системасы жана жайыттарды пайдалануунун ар бир түрү үчүн жыл сайын жайыт комитети тарабынан оптималдуужүктү эске алуу менен салыктын базалык ставкасынан кем эмес белгиленип, жайыт пайдалануунун жылдык пландарына киргизилет жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Жайыттарды пайдалануу үчүн акынын өлчөмү жайыттарды пайдалануу үчүн акыны белгилөө тартиби жөнүндө Типтүү жобого ылайык белгиленет (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №307 Токтому). Типтүү жобого ылайык, жайыттарды пайдалануу үчүн акынын өлчөмү жайыттардын аянтынын бирдигине оптималдуу жүктү, алардын инфраструктурасынын абалын, ошондой эле продуктивдүүлүгүн, алыстыгын жана башка факторлорду эсепке алууменен жыл сайын белгиленип турат Жайыттарды пайдалануу үчүн акыны бекитүүдө жергиликтүү кеңеш жайыт комитетинен зарыл документтерди талап кылууга укуктуу. Ал документтер жайыттарды пайдалануу үчүн акы аталган Типтүү жобонун талаптарын эсепке алуу менен белгиленгенин ырасташы керек. Ошондой эле жеке жана юридикалык жактар жайытты мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарда пайдалана аларын унутпаш керек. Башкача айтканда:
-
эс алуу үчүн;
-
жапайы өскөн мөмө, жемиш, козу карын, башка тамак-аш продуктуларын жеке пайдалануу максатында чогултуу;
-
дарылык-техникалык чийки затты чогултуу жана бал аарычылык;
-
маданий-ден соолукту чыңдоочу, туристтик жана спорттук иш-чараларга катышуу.
Жайыттарды башка максаттарда пайдалануу үчүн акынын өлчөмү Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартиби жөнүндө Типтүү жобого ылайык белгиленет (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 Токтому). Жергиликтүү кеңеш жайыт комитетинин бюджетин бекитпей турганын, бирок жайыттарды пайдалануу укугу үчүн акынын көлөмүн бекитээрин белгилей кетүү зарыл. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жайыт комитетинин үлүшүн түзүүчү бөлүгү жайыттарды жана жайыт инфраструктурасын кармоого, жакшыртууга жана өнүктүрүүгө багытталат. Жайыт жерлерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн жергиликтүү өз алдынча башкарууга тиешелүү жалпы үлүшүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн кем эмеси салыктардын төлөмүн эске алуу менен жергиликтүү бюджетке которулат.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ЖӨБ органдарынын конкреттүү ыйгарым укуктары, милдеттери жана жол-жоболору кандай? Тилекке каршы, “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамынын 9-беренеси жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациянын ыйгарым укуктарын бириктирип салган. Мыйзамдын бул беренесинде ошол ыйгарым укуктар жазылган, бирок ким, эмне үчүн жооп бере турганы көрсөтүлгөн эмес. Буга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарыбы же жергиликтүү мамлекеттик администрациябы – кимиси төмөнкү маселелер маселелер үчүн жооптуу болгону белгисиз:
-
лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер бөлүгүн убактылуу пайдалануу укугун беришет;
-
лицензиялык аянтка лицензиаттарды тоскоолдуксуз киргизүүнү камсыз кылат;
-
пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууну токтотот;
-
жер казынасын геологиялык изилдөөдө же кендерди иштетүүдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуну жана консервациялоону, ошондой эле жер бөлүктөрүн жана лицензиялык объекттерди рекультивациялоону контролдойт;
-
административдик-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан лицензиялык объекттерге конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;
-
жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;
-
жер казынасын пайдалануучулардын ишкердигине мыйзамсыз кийлигишүүсүн токтотуу максатында жергиликтүү калк арасында иш жүргүзөт;
-
жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укук- тарды ишке ашырат. Мыйзам чыгаруучу ЖӨБ жана ЖМА ортосунда бул ыйгарым укуктарды бөлүштүрбөгөнү үчүн иш жүзүндө бул маселелер чечилбей калууда. Практикалык көз караштан алып караганда ЖӨБ органдарына жергиликтүү мамлекеттик администрация менен биригип, жогоруда аталган маселелерди чогуу чечүүнү гана сунуштай алабыз. Ал эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жооптууларды аныкташы керек.
Кен казуучу компаниялардан жергиликтүү бюджетке түшкён салыктар жана жыйымдар жөнүндө Айылдык аймактын чегинде жайгашкан кендерде инерттүү материалдарды казган компаниялар жергиликтүү бюджетке кандай салыктарды жана жыйымдарды төлөшү керек? Пайдалуу кендерди казган компаниялардан жергиликтүү бюджетке:
-
жер казынасын пайдалануу үчүн салык (роялти);
-
жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм түшөт.
Жер казынасын пайдалануу үчүн салык. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019 жылдарга болжолу жөнүндө Мыйзамына ылайык, жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө чегерилет. КР Салык кодексинин 310-беренесине ылайык, суу менен жабдууга адистештирилген уюмдарды кошпогондо, роялтинин ставкасы накталай түрдө алынуучу суунун көлөмүнө жараша белгиленет. Роялтинин ставкасы төмөнкүлөрдү сатуудан түшкөн акчадан белгиленет: запастарынын өсүшүн эске алуу менен алтынга, күмүшкө жана платинага:
-
10 тоннадан ашуун запастары бар кендер үчүн - 5 пайыз;
-
3төн 10 тоннага чейин запастары бар кендер үчүн - 3 пайыз;
-
3 тоннадан аз запастары бар кендер үчүн - 1 пайыз.
-
суу менен камсыздоочу адистешкен уюмдар үчүн - 5 пайыз;
-
гипске - 6 пайыз өлчөмүндө;
-
бетин каптоочу материалдарды өндүрүү үчүн табигый таштарга - 12 пайыз өлчөмүндө;
-
таш көмүргө, күрөң көмүргө - 1 пайыз өлчөмүндө.
Сатылган пайдалуу кендердин же аларды кайра иштетүү продуктуларынын ушул берененин 1 жана 2-бөлүгүндө каралбаган, роялти ставкалары Салык кодексинин 309-беренесинин 1-бөлүмүнүн 1-пунктуна ылайык эсептелген салык базасынын 3 пайыз өлчөмүндө белгиленет. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм. Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө Мыйзам менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөм белгиленген. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдү Кыргыз Республикасында пайдалуу кендерди издөөгө жана/же чалгындоого жана /же иштетүүгө укук алган жер казынасын пайдалануучу төлөйт. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдүн суммасынын тартибин жана төлөө мөөнөттөрүн “Жер казынасы жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык КР Өкмөтү белгилейт.
Лицензияны кармоо үчүн төлөмдөрдөн сумма жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түшөт. Эгерде лицензиялык аянтча же анын бир бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек арасына кирбесе, анда бул аянттагы жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн төлөмдөр республикалык бюджетке түшөт. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган күндөн тартып 30 күндүн аралыгында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны биринчи жылда колдонуу үчүн лицензиялык төлөмдү төлөөгө милдеттүү. Андан ары төлөм квартал сайын жүргүзүлүп турат. Жыл ичинде акынын жалпы өлчөмү айлар боюнча пропорционалдуу бөлүштүрүлөт жана лицензиат отчеттук кварталдан кийинки айдын 20сынан кийинки күндөн кечиктирбестен төлөйт.
Айыл өкмөтүнүн ишкердик ишмердүүлөгү жөнүндө Айыл өкмөтү сатып алынган айыл чарба техникасы (комбайндар, чөп
чапкыч машиналар, таңгактоочу машиналар, трактор) менен жашоочуларга кызмат көрсөтүүдө кантип киреше таба алат? Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кошкондо башкаруу органы ишкердик иши менен алектене албайт жана алектенбеши да керек! Тилекке каршы, бүгүнкү күндө ЖӨБ органдары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен көңүл ачуучу имараттарды куруп, айыл чарба техникасын, атайын техниканы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн колдонулбай турган жүк ташуучу машинелерди сатып алышууда. Аларды жергиликтүү бюджеттин кирешесин толуктоо максатында деген шылтоо менен ижарага беришүүдө. Анткен менен жергиликтүү тургундарга акынын негизинде айыл чарба техникасын берүү жолу менен акча табуу жергиликтүү өз алдынча башкарууга мүнөздүү болбогон функция катары каралат.
Бизнес мүнөзүндөгү кызмат көрсөтүүлөр ЖӨБ органдарынын компетенциясына кирбейт. Практика көрсөткөндөй, бизнес кызмат көрсөтүүлөр же калкка жардам берүү деген шылтоо менен жеринде жаңы коррупциялык схемалар түзүлүүдө. Биринчиден, жергиликтүү бюджетке кирешелердин түшүүсүн контролдоо механизми мыйзамдар менен так жөнгө салынган эмес. Экинчиден, ЖӨБ органдары өздөрүнүн негизги милдеттеринин чегинен чыгууда. Ал эми бул милдеттерге аймактын турмуш тиричилигин камсыздоо системаларынын иштешин жана өнүгүүсүн уюштуруу, калкка социалдык, маданий жана башка муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр кирет. КР Конституциясынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттери менен ыйгарым укуктарын так ажыратуунун принциптерине негизденет; мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында жүзөгө ашырат.
КР Конституциясынын 5-беренеси мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өзгөчө көңүлүн мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кыларына бурат. Мамлекет, анын органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары Конституцияда жана мыйзамдарда аныкталган ыйгарым укуктардын алкагынан чыга алышпайт. Атүгүл КР Конституциясынын 110-беренеси жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө негиз салуучу аныктама берет. Ага ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
Жогоруда аталган конституциялык ченемдерден улам мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тикелей ишкердик иши менен алектенүүгө тыюу салынганын белгилей кетүү зарыл.Бирок мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” КР Мыйзамы менен белгиленген тартипте калкка акыга же акысыз мамлекеттик/муниципалдык кызмат көрсөтө алышат. Мындан тышкары ЖӨБ органдары сатып алган менчик (атайын техника) жергиликтүү жамааттын менчиги болуп эсептелет. Ал төмөнкүдөй жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн колдонулушу керек:
-
калкты ичүүчү суу менен жабдуу,
-
калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу,
-
калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
-
жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
-
көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасым кызматтарынын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
-
жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
-
парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
-
турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу;
-
муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу ж.б.
Ошентип жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө тиешеси жок, пайда көрүү максатында техника сатып алуу же объекттерди куруу ЖӨБ органдарынын мыйзамсыз иши болуп эсептелет.