Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында ЖӨБдү өнүктүрүү программасынын долбоорун даярдоо боюнча Жумушчу топ бекитилди

2017-06-29 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Жумушчу топтун курамына “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоорунун жетекчиси Бекиев Бекболот жана Өнүктүрүү саясат институтунун Башкаруу төрайымы Добрецова Надежда киришти.

Бул тууралуу 2017-жылдын 22-июнундагы № 01-18/79 буйрукка КР Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Б.У.Салиев кол койду. “Жумушчу топ 2018-2020-жылдарга Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү программасынын долбоорун даярдоо максатында түзүлдү. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөлдү Агенттиктин статс-катчысы С.И.Икрамов жүргүзөт. Ал эми Уюштуруу иштери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына методикалык жана маалыматтык колдоо башкармалыгы алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн ар кандай көмөктөрдү көрсөтүп турат”, - деп айтылат Агенттиктин маалыматында. Буйрукка ылайык, Жумушчу топтун мүчөлөрү 2017-жылдын 1-сентябрына чейин Программанын долбоорун Агенттиктин директорунун кароосуна жибериши керек. Жумушчу топтун курамына маморгандардын да, Кыргыз Республикасындагы эксперттик жамааттын да өкүлдөрү киришти.

Окшош материалы: