Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Кеңештин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы менен өз ара аракети

2017-08-09 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты.

Суроо: Жооптуу катчы сессиянын жүрүшү тууралуу маалыматты толук чагылдырбаганы үчүн айылдык кеңештин төрагасы кеңештин сессиясынын протоколун жүргүзүү милдетин депутаттардын бирине жүктөй алабы? Айылдык кеңештин ишинде жооптуу катчынын иш-аракеттерине кантип таасир этүүгө болот?

Жооп: Айылдык кеңештин сессиясынын протоколдорун жүргүзүү милдетин депутаттардын бирине жүктөгөнгө уруксат берилбейт. Анткени депутат сессияга коюлган маселелерди талкуулоого жана добуш берүү жолу менен чечим кабыл алууга катышууга тийиш. КР Өкмөтүнүн 2004-жылдын 23-февралындагы №91 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айылдарынын жана поселкаларынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин Типтүү кызматтык нускамасына ылайык, жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин камсыздоо бөлүгүндө төмөнкүлөрдү жасоого милдеттүү:

  • айылдык кеңештин сессияларына жана анын туруктуу комиссияларына материалдарды, анын ичинде кеңештин жана туруктуу комиссиялардын чечимдеринин долбоорлорун даярдоо боюнча иштерди уюштурууга;
  • айылдык кеңештин жана туруктуу депутаттык комиссиялардын иш пландарынын долбоорлорун иштеп чыгууга, анын бекиткенден кийинки аткарылышын контролдооого;
  • айылдык кеңештердин депутаттарына сессияларды, туруктуу комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө кабарлоого;
  • айылдык кеңештердин сессияларынын, ал эми зарыл болгон учурда - туруктуу депутаттык комиссиялардын протоколун жүргүзүүгө, кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча иштерди камсыз кылууга;
  • туруктуу жана башка депутаттык комиссиялардын документацияларын камтуу менен жергиликтүү кеңештин документацияларын сактоону, системалаштырууну жана тиешелүү абалын камсыз кылууга;
  • убактылуу депутаттык комиссияларга уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө;
  • жергиликтүү кеңештердин иш кагаздарын, анын ичинде айылдык кеңештерге жарандардын даттануулары жана кайрылуулары менен иштөөнү жүргүзүүгө;
  • жергиликтүү жамааттардын уставына, жергиликтүү кеңештин иш регламентине ылайык жана жергиликтүү кеңештин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын тапшырмасы боюнча башка иш-милдеттерди ишке ашырууга.

Жооптуу катчы жогоруда айтылган милдеттенмелерди аткарбаганы же талаптагыдай аткарбаганы үчүн “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” КР Мыйзамынын 33-34-беренелерине ылайык тартиптик жоопкерчиликке тартылат.

Тартиптик жоопкерчиликтин дегенде күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартипсиз жосундарды жасаганы) үчүн кызматчыга тартиптик таасир этүүнүн чараларын (жаза) колдонуу түшүнүлөт.

Жооптуу катчыга тартиптик жаза айыл өкмөт башчы тарабынан тартиптик жосунду жасоо фактысы белгиленген же ырасталган учурларда гана берилиши мүмкүн. Тартипсиз жосунду жасоо фактысын белгилөө же ырастоо үчүн айыл өкмөт бшчысы тарабынан өздүк демилге боюнча, этика боюнча комиссиянын сунуштамасы боюнча же кызматчынын өзүнүн демилгеси боюнча дайындалуучу кызматтык териштирүү жүргүзүлүшү мүмкүн. Кызматтык териштирүү жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн. Биз карап жаткан кырдаалда жооптуу катчы өз милдеттенмелерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы тууралуу юридикалык жак катары айылдык кеңештин расмий кайрылуусу кызматтык териштирүүнү демилгелөө үчүн негиз болуп эсептелет. Кызматтык териштирүүнү жүргүзүү тартиби Өкмөт тарабынан аныкталат.

Жооптуу кызматкер жүктөлгөн милдеттерди аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн ага тартиптик жазалардын төмөнкү түрлөрү колдонулушу мүмкүн: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызматка толук эмес ылайыксыздыгы жөнүндө эскертүү; 5) класстык ченин төмөндөтүү; 6) кызмат ордунан төмөндөтүү; 7) ээлеген кызматынан бошотуу.

Тартиптик жазалар жосун түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы ага жүктөлгөн милдеттерди ар бир аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.

Окшош материалы: