Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Депутаттык мандатты мамлекеттик кызмат менен айкалыштыруу жөнүндө

2017-08-09 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты.

Бир айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, ошол эле маалда башка айылдык аймакта же шаарда мамлекеттик мекемеде жетектөөчү кызматты ээлөөгө мыйзамдар кандай учурларда жол берет?

Мыйзамдар менен айылдык (шаардык) кеңештин депутаты болуп, ошол эле маалда башка айылдык аймакта/шаара мамлекеттик же муниципалдык кызматчы болууга мүмкүнчүлүк берилет.

Бул жобо “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 22-беренесинде толук берилген. Бул беренеде жергиликтүү кеңештин депутаты статусун айрым кызматтар жана иштин түрлөрү менен айкалыштырбоо каралган. Б.а., жергиликтүү кеңештин депутаты төмөнкү учурларда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта боло албайт:

1) эгерде ал жетекчилик кызмат ордун ээлеген мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү кеңеш ошол эле айылдык аймактын же шаардын аймагынын чектеринде жайгашкан болсо;

2) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик орган же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы ал депутаты болуп саналган жергиликтүү кеңешке отчеттуу болсо;

3) эгерде ал мамлекеттик же муниципалдык кызматта турган мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин шайлоого, дайындоого, бошотууга сунуштоо ал депутаты болуп саналган ошол жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына тийиштүү болсо.

Мындан тышкары Мыйзам депутаттар үчүн башка дагы чектөөлөрдү белгилейт: депутаттык ыйгарым укуктарды ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен тиешелүү айылдык аймактын же шаардын калкына кызматтарды көрсөткөн мамлекеттик же муниципалдык ишкананын, мамлекеттик же муниципалдык билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемесинин жетекчисинин кызмат орду менен айкалыштырууга болбойт.

Окшош материалы: