Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү кеңештин мамлекеттик маанидеги маселелерди чечүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө

2017-08-09 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты.

Жергиликтүү кеңеш жергиликтүү маанидеги маселелерге кирбеген маселелерди кантип чече алат? Мисалы, жарандар ФАП үчүн жабдуу сатып алууга байланыштуу маселе менен  кайрылганда эмне кылыш керек?

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-бернесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Мыйзамда саналып өткөн ыйгарым укуктар ушуну менен бүттү деп эсептелбейт жана жергиликтүү жамааттар менен алардын органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт. Жергиликтүү кеңештин депутаты өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карап чыгат, аларды туура жана өз убагында чечүүгө карата чара көрөт, жарандарды кабыл алат.

Эгерде кайрылуудагы маселелер жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына кирбесе, анда депутат өзүнө түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды тийиштүү органдарга, бул маселени чечүүгө компетенттүү болгон ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга жөнөтө алат. Тийиштүү органдар, ишканалар, мекемелер жана уюмдар бул сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды колдонуудагы мыйзамга ылайык карап чыгууга жана натыйжалары жөнүндө арыз ээсине, ошондой эле депутатка маалымдайт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттен каражаттарды фельдшердик-акушердик пункт (мындан ары – ФАП) үчүн медициналык жабдууларды сатып алууга жумшай албайт. Ошол эле маалда ЖӨБ органдары муниципалдык мүлктү (мисалы, ФАПтын имаратын же жайын) күтүүгө жергиликтүү бюджеттен каражат сарптай алышат. Анткени ал муниципалдык менчик болуп эсептелет.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2006-жылдын 24-ноябрындагы №627 “Фельдшердик-акушердик пункттардын ишин жөнгө салган ченемдик укуктук документтерди бекитүү жөнүндө” Буйругуна ылайык, ФАП тейленүүчү калкка алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөткөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун структуралык бөлүмү болуп эсептелет.

Жергиликтүү мамлекеттик администрация КР Саламаттык сактоо министрлиги менен макулдашып, калктуу конушта ФАПты ачууга жана жабууга укуктуу. ФАПтын штаттык саны да КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2001-жылдын 2-апрелиндеги №101 “Үй-бүлөлүк медицина борбору жөнүндө” буйругуна ылайык аныкталат. КР Саламаттык сактоо министрлиги жана анын тийиштүү структуралык бөлүмдөрү ФАПты жабдуулар, байланыш каражаттары жана транспорт (велосипед, көлүк унаа же транспорттун башка түрлөрү) менен жабдышы керек.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин уруксат берүүчү документтери бар болсо калкка даяр дары-дармек формаларын жана башка дарыкана товарларын сатуу боюнча дарыкана пунктунун функциялары да ФАПка жүктөлгөн.

Окшош материалы: