Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Саясий партиялардын жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого катышуу жөнүндө

2017-08-09 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты.

Эмне үчүн саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүүгө байланыштуу айылдык аймактар үчүн чектөө киргизилген жана бул эмне менен негизделет?

Биздин өлкөнүн шайлоо мыйзамдарында, аны менен катар 2011-жылдын 14-июлундагы №98 “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамында саясий партиялардын атынан депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү үчүн саясий партияларга чектөөлөр белгиленген эмес. Саясий партиялар да айылдык кеңештерге шайлоого катышып, өз талапкерлерин депутаттыкка көрсөтө алышат. Саясий партиялардын өз талапкерлерин шаардык кеңештердин депутаттыгына жана айылдык кеңештердин депутаттыгына көрсөтүү тартибинде гана айырма бар. Анткени шаарларда шаардык кеңештерге депутаттарды шайлоо пропорциялык система боюнча өткөрүлөт. Мында шаардын аймагы бирдиктүү шайлоо округу болуп эсептелет. Ал эми айылдык кеңештерде шайлоо мажоритардык система боюнча өткөрүлөт. Мында айылдык аймактын территориясы көп мандаттуу шайлоо округдарына бөлүнөт.

Бул суроого толугураак жоопторду “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 2, 49, 60-беренелеринен тапса болот. 2-беренеде төмөнкүдөй түшүнүктөрдүн жана терминдердин аныктамасы берилген: бирдиктүү шайлоо округу – администрациялык-аймактык бирдиктин бүткүл аймагы кирген шайлоо округу, анда ушул Мыйзамга ылайык жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону пропорциялык система боюнча жүргүзүүгө жол берилет; көп мандаттуу шайлоо округу - бир нече депутат шайланган жана алардын ар бири үчүн шайлоочулар жеке добуш берген шайлоо округу. 49-берене жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү укугун төмөнкүлөргө таандык деп аныктаган:

1) шаарлардын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга;

2) айылдык аймактын жергиликтүү кеңештерине - саясий партияларга жана өзүн өзү көрсөтүү жолу менен жарандарга.

Саясий партия төмөнкүлөрдү көрсөтүүгө укуктуу:

1) пропорциялуу система боюнча шайлоодо - ар бир бирдиктүү шайлоо округу боюнча ошол жергиликтүү кеңеш үчүн белгиленген депутаттык орундардын санынан бир жарым эседен кем эмес ашкан сандагы талапкерлерди;

2) мажоритардык система боюнча шайлоодо - ар бир көп мандаттуу шайлоо округу боюнча ал округ боюнча белгиленген мандаттардын санынан ашпаган сандагы талапкерлерди.

60-беренеде айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо тартиби аныкталган. Айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү добуш берүү күнүнө 30 календардык күн калгандан кечиктирбестен тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясына төмөнкүлөрдү берет:

1) партиянын (мажоритардык система боюнча саясий партия тарабынан талапкер көрсөтүлгөн учурда) аталышын көрсөтүү менен саясий партиянын талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө чечими же өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арыз;

2) өзү жөнүндө маалыматтары (биографиялык жана башка маалыматтар) менен талапкер тарабынан толтурулган атайын форманы;

3) талапкердин паспортунун көчүрмөсүн.

Окшош материалы: