Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Мечиттерди жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен күтүү жөнүндө

2017-08-26 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Айыл өкмөтү эмненин негизинде баланска, муниципалдык менчикке мечитти ала алат? АА жашоочулары мечиттерди күтүү (күнүмдүк ремонтун жасоо, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөө) тууралуу маселени көтөрүп келишүүдө. Ал эми депутаттардын бири башка айыл өкмөтү мечиттерди күтүп жатканын, жергиликтүү бюджеттин эсебинен мечиттердин коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрү жана күнүмдүк ремонту үчүн акы төлөө тууралуу КР Өкмөтүнүн токтому да бар болгонун маалымдады.Айыл өкмөтү мечиттерди муниципалдык менчикке кабыл алууга, ошондой эле диний уюмдардын же жеке жактардын менчигинде турган мечиттердин имаратын күтүүгө укугу жок. Эгерде муниципал-дык менчикте турган имарат диний жөрөлгөлөрдү жүргүзүү үчүн диний уюмдарга ижарага берилсе, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдү жана күнүмдүк ремонтун төлөө маселеси ижарага берүү тууралуу келишимде каралышы керек.Мыйзамдарда белгиленген тартипте мечиттердин имараты муниципалдык менчикке өткөн учурда айыл өкмөтү мындай имаратты мечит катары жана башка диний максаттарда колдоно албайт. Себеби дин мамлекеттен ажыратылган. Диний бирикмелердин жана дин кызматчыларынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

 

Окшош материалы: