Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

4-5 (90-91) 14 Июнь 2019

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен калкка материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

2017-08-28 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары калкка материалдык жардам көрсөтө алышабы? ЖӨБ органдары айылдык аймактын активисттерин материалдык жактан шыктандыра алабы? Бул маселелерди өз-өзүнчө караш керек. Ошону менен катар калктын социалдык жактан аярлуу катмарларына материалдык жардам берүү маселесин (социалдык жактан коргоо) айылдык аймактын активисттерин материалдык жактан шыктандыруу маселесинен бөлүш керек. Анткени “социалдык жактан коргоо” маселелери боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгашалары жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларынын муктаждыктарын канааттандырууга жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталышы керек.

Белгилей кетүүчү жагдай, тилекке каршы, “социалдык жактан коргоо” термининин укуктук толук аныктамасы мыйзамдарда белгиленген эмес. Болгону КР Конституциясынын 9-беренесинде гана жалпы түшүнүк берилген. Бирок теориядан жана өлкөнүн жалпы мыйзамдарынан улам “социалдык жактан коргоо” түшүнүгүн кеңири кароо керек. Бул – адамдын турмушун жана жашоо тиричилигин колдоо, жашоо үчүн кепилденген минималдуу жетиштүү шарт- тарды камсыздоо боюнча мамлекеттик жана коомдук уюмдар жүзөгө ашырган иш-чаралардын системасы, ал мамлекеттин бир катар мыйзамдык актылары менен жөнгө салынат. Социалдык коргоонун үч негизги формасы бар: социалдык камсыздоо, социалдык камсыздандыруу жана социалдык жардам. Социалдык жактан коргоо төмөнкү түрлөргө бөлүнөт: жеткиликтүү саламаттык сактоо, жеңилдиктер, жеткиликтүү билим берүү, пенсиялык камсыздоо, социалдык тейлөө системасы жана социалдык кызматтарды көрсөтүү, социалдык колдоо чаралары.

Бул тизмеде, албетте, социалдык жактан коргоого муктаж адамдар да бар (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, эмгек ардагерлери, орук- тун эмгекчилери, согуш ардагерлеринин жесирлери, ооганчылар, Чернобыль кырсыгынын кесепеттерин жоюуга катышкандар, концлагерлердин туткундары, баатыр энелер, майып балдар, улгайган адамдар, жетимдер, жарым-жартылай жетимдер), ошондой эле материалдык шыктандырууга татыктуу болгон, бирок социалдык жактан корголбогон жарандардын категориясына кирбеген адамдар да бар (активист аялдар, эмгек сиңирген педагогдор, пенсионерлер, айылдык аймактын активисттери). Жалпысынан социалдык жактан коргоого муктаж жарандарга карата ушул тапта КР мыйзамдары менен мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бир катар милдеттенмелер жүктөлгөн. 

Социалдык коргоо маселелери КР Конституциясынын 9-беренесинде чагылдырылган. Анда төмөнкүдөй деп айтылат: “Кыргыз Республикасы татыктуу жашоо-турмуш шартын түзүүгө жана инсанды эркин өстүрүүгө, жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган социалдык программаларды иштеп чыгат. Социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларына колдоо көрсөтүүнү, эмгек акынын кепилдик берилген минималдуу өлчөмүн, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат. Социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун дагы башка кепилдиктерин белгилейт”.

Өз кезегинде ЖӨБ органдары да жогоруда айтылган конституциялык ченемге жана Конституциянын 112-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жана калкты социалдык коргоонун программаларын иштеп чыгат, бекитет жана ишке ашырат.

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 18-беренеси социалдык жактан коргоо- ну жергиликтүү маанидеги маселелердин тизмесинде өзүнчө сап кылып көрсөткөн эмес. Бирок Мыйзамдын 18-беренесинин 2-бөлүгү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууну чектебейт. Ошондуктан КР Бюджеттик кодексинин 51-беренеси социалдык жактан коргоо маселелерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелерден өзүнчө чыгаша милдеттенмелери катары карайт.

Бюджеттик кодекстин 51-беренесинин 2-бөлүгүнүн талаптарына келе турган болсок, мындай учурда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КР Мыйзамынын 20-беренесинин 6-бөлүгүнүн 16-17-пункттарында көрсөтүлгөн маселелерди эске алуу керек: даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иликтеп билүү; Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте айыл жерлериндеги балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ар ай сайын берилүүчү жөлөкпулга үй-бүлөнүн муктаждык даражасын баштапкы аныктоо.

Аталган маселелер Мыйзамдын 20-беренесинде бир эле убакытта республикалык бюджеттен каржылоо менен мыйзамдын же келишимдин (КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги) негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн болгон негизги мамлекеттик ыйгарым укуктардын тизмегине кошулган.

Жогоруда айтылгандардын негизинде бир нерсени белгилегибиз келип турат: жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген, мыйзамдарда белгиленген тартипте жарандардын айрым категорияларын социалдык жактан коргоо менен алектенүүгө, ошондой эле мыйзамдардын талаптарын аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен чыгашаларды жүзөгө ашырууга укуктуу Ошону менен бирге, мыйзамдардын бузулушуна жана жергиликтүү бюджеттеги каражаттарды максатсыз колдонулушуна жол бербөө үчүн айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине социалдык жактан коргоо маселелери боюнча мыйзамдар жана Долбоордун эксперттери даярдаган бюджеттик классификация боюнча сунуштамалар менен таанышып чыгууну сунуштайбыз.