Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына кирген социалдык жактан коргоо маселелери боюнча мыйзамдардан үзүндүлөр

2017-08-30 / Юридикалык кеңеш

Бул түрмөк Өнүктүрүү саясат институтунун дарегине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан түшкөн суроолордун негизинде даярдалды. Муниципалитеттердин суроолоруна жоопторду ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун юристтери Бектурган ОРОЗБАЕВ жана Нуржан МАМЫРАЛИЕВА даярдашты

Социалдык жактан коргоо бөлүгүндө мыйзамдардын талаптарын ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттин каражаттарын колдонууга укук берген КР мыйзамдарынын ченемдери. “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” КР Мыйзамы “социалдык жактан тейлёё” түшүнүгүн белгилейт. Социалдык жактан тейлёё – жашоо-тиричиликтин оор кырдаалына кабылган жарандарга социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү жана материалдык жактан жардам берүү, социалдык адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча социалдык кызматтардын ишин билдирет.Андан ары Мыйзам оор турмуштук кырдаал тууралуу түшүнүк берет. Бул – жарандын жашоо турмушун объективдүү түрдө бузган, андан өз ал-дынча чыгууга мүмкүн болбогон кырдаал (майыптык, жашы улгайганына же оорусуна, жетимдигине, көзөмөлсүз калгандыгына, аз камсыз болгондугуна, жумушсуздугуна, белгилүү бир жашаган жеринин жоктугуна, чыр-чатактарга жана үй-бүлөдөгү катаал мамилеге, үй-бүлөлүк зомбулукка, жалгыздыкка кабылган жана башка ушул сыяктуу).

Аталган Мыйзамдын 4-беренесинде атайын уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелери бере ала турган социалдык тейлөөнү алууга укугу бар жактар белгиленет. Мыйзамдын 11-беренесинде жарандар алууга укугу бар социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн бардык түрлөрү саналат. Бул ченем жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жергиликтүү бюджеттердин мүмкүнчүлүктөрүн жана аймактагы калктын муктаждыктарын эске алуу менен кошумча социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн аймактык тизмесин кабыл алууга жол берет. Ошондой эле Мыйзам жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган-дарына жергиликтүү бюджеттердин каражаттары-нын эсебинен социалдык жактан акысыз тейлөө жүргүзүлө турган кошумча негиздерди белгилөөгө мүмкүнчүлүк берет (1, 4, 7, 11, 26-беренелер).2. Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерин жана оруктагы эмгекчилерди социалдык жактан коргоо“Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлерине жана оруктун эмгекчилерине карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын укуктук, уюштуруу, экономикалык негиздерин аныктайт, ардагерлердин коомдогу татыктуу жашоосун, активдүү ишин, сыйланышын жана кадырланышын камсыз кылуучу шарттарды түзүү максатында ардагерлердин статусун белгилейт. Мыйзамга ылайык, согуштун ардагерлерине төмөнкүлөр кирет:

  • Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  • согуштун майыптары (Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, ооганчылар ж.б.);
  • Кыргыз Республикасынын Баатырлары, Советтер Союзунун Баатырлары жана Даңк орденинин үч даражасы менен сыйлангандар;
  • башка мамлекеттердин аймактарындагы согуш аракеттерине катышкандар (анын ичинде согуш аракеттеринин учурунда аскердик жыйынга чакырылган жана согуштук аракеттер жүрүп жаткан маалда Ооганстанга жиберилген аскерге милдеттүүлөр ж.б.);
  • адамдардын башка категориялары (Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында оруктагы кайратман эмгеги жана аскер кызматын кынтыксыз өтөгөндүгү үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар; Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз түрдө күч менен мобилизацияланган жана кийин акталган жарандар).

Ошондой эле Мыйзам курман болгон (дайынсыз жоголгон) аскер кызматчылардын, Улуу Ата Мекендик согушта майыптуулук алып, андан кийин көз жумган, майып деп таанылган согуштун катышуу- чуларынын үй-бүлөлөрүнүн статусун аныктайт.

Бул Мыйзам ардагерлердин укуктук жана социалдык кепилдиктерин камсыз кылган максаттуу мамлекеттик жана жергиликтүү программаларды иштеп чыгуу жана аткаруу; ошондой эле ардагерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктерди камсыздоо үчүн республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден каражаттарды бөлүп берүү аркылуу ардагерлерге карата мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырат.

Мыйзамда ардагерлерге берилген социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды аткарууга жумшалуучу чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржыланары белгиленген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ардагерлерге кошумча белгиленген социалдык жактан коргоо чараларын финансылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдын- ча башкаруу органдары ардагерлерди социалдык жактан коргоонун максаттуу программаларын иштеп чыгат, аларда эмгекке жарамсыз жалгыз бой ардагерлерге, курман болгон жана дайынсыз жоголгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө, согуштун майыптарына өзгөчө көңүл бурулат, ошондой эле ардагерлерге берилген бардык укуктар, социалдык кепилдиктер жана артыкчылыктар ишке ашырылат.

Чернобыль кырсыгынан жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо “Чернобылдагы кыйроонун натыйжасында жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык жактан коргоо жөнүндө” КР Мыйзамынын 4-1-беренесине ылайык, Мыйзамды аткарууга байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюджеттердеги кажаттардан Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

Айталы, Мыйзамдын 6-беренеси Чернобыль АЭСтеги кырсыктын кесепеттеринен улам пайда болгон оорулар менен жабыркаган адамдар, ошондой эле кырсыктын кесепетинен майыптуулук алганы далилденген адамдар үчүн жергиликтүү бюджеттен төмөнкүдөй социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды караштырат:

  • жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен 50 пайызын тындыруу менен жеке же кооперативдик турак жай курулушуна үстөк пайызсыз ссуда алууга;
  • көмөкчү же дыйкан чарбасын уюштуруу үчүн 25 эсептик көрсөткүч көлөмүндө үстөк пайызсыз ссуда алууга. Мындай ссуда берген банктардын жоготуулары жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен компенсацияланат. Аталган Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, Чернобылдагы кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандар төмөнкүдөй социалдык кепилдиктерге жана компенсацияларга укугу бар:
  • жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен 25 пайызын тындыруу менен жеке же кооперативдик турак жай курулушуна үстөк пайызсыз ссуда алууга. Мындан тышкары чыгашаларды каржылоо тартиби КР Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы №79 токтому менен бекитилген Чернобыль апаатынын кесепетинен жапа чеккен Кыргыз Республикасынын жарандарына социалдык кепилдиктер жана компенсациялар берүүнүн тартиби жөнүндө Жободо каралган. Ага ылайык:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген көлөмдө жана тартипте компенсацияларды төлөө республикалык бюджеттеги кара- жаттардын эсебинен каржыланат;
  • көмөкчү же дыйкан чарба түзүү үчүн 25 эсептөө көрсөткүчүнүн көлөмүндө үстөк пайызсыз ссуда алуу жергиликтүү бюджеттеги каражаттын эсебинен каржыланат.

Кыргыз Республикасында кары адамдарды социалдык жактан коргоо “Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдар жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык карылыгы боюнча пенсиялык куракка жеткен, 63 жана андан жогору жаштагы эркектер, 58 жана андан жогору жаштагы аялдар улгайган жарандарга кирет.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык колдоо кызматтарынын сапатын арттыруу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылуучу Кыргыз Республикасындагы улгайган жарандарга карата мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат.

Муну менен Мыйзам улгайган жарандарды колдоо боюнча аймактык жана жергиликтүү программаларды ишке ашырууга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары колдо болгон каражаттарынын чектеринде катышууга милдеттендирет. Ушуну менен бирге улгайган жарандарга карата программаларды ишке ашырууда мамлекеттик органдар өз ыйгарым укуктарынын чектеринде, мамлекеттик тапшырык аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына каржылык, уюштуруучулук, усулдук жардамдарды жана көмөктөрдү көрсөтүшөт. Категориялык жана даректүү мамилени эске алуу менен, улгайган жарандарга мамлекет тарабынан социалдык коргоонун төмөнкү түрлөрү кепилденет:

  • социалдык кепилдиктер;
  • пенсиялар, социалдык жөлөкпулдар (пенсия менен камсыз болуу укугу жок болсо);
  • үйүндө тейлөө;
  • стационардык мекемелерде тейлөө;
  • реабилитациянын бардык түрлөрү.Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдары улгайган жарандарга кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөө укугуна ээ.Мыйзам улгайган жарандарды социалдык жактан коргоо боюнча иш-чараларды финансылык жактан камсыз кылуу булактарын аныктаган:
  • республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттары;
  • кайрымдуулук төгүмдөр жана садагалар;
  • гранттар жана демөөрчүлүк жардамдар;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактар. (Мыйзам-дын 2, 4, 6, 8, 11, 14, 17, 21, 22, 23-берене-лери)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоо “Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө” КР Мыйзамы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата укуктарды жана эркиндиктерди ишке ашырууда башка бардык жарандар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу, алардын жашоо-тиричилигиндеги чектөөлөрдү четтетүү, толук кандуу жашоо ыңгайын жүргүзүүгө, коомдун эко-номикалык, саясий жана маданий турмушуна жигердүү катышууга, ошондой эле өздөрүнүн жарандык милдеттерин аткаруусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча мамлекеттик саясатты. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды социалдык жактан коргоо ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын коомдун турмушуна бирдей катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүүгө багытталган социалдык жактан жардам берүү менен камсыз кылынат. Мамлекет тарабынан социалдык жактан коргоонун төмөнкүдөй түрлөрүнө кепилдик берилет:

  • пенсияларга, социалдык жөлөкпулдарга жана компенсацияларга;
  • социалдык-тиричилик жактан тейлөөгө;
  • үйүндө тейлөөгө;
  •  стационардык мекемелерде тейлөөгө;
  • техникалык жана атайын каражаттарды берүүгө;
  • реабилитациянын бардык түрлөрүнө;
  • кошумча социалдык кепилдиктерге.Ошону менен бирге жергиликтүү өз ал-дынча башкаруу органдарына ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кошумча социалдык кепилдиктерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен белгилөөгө укук берген. (2, 14, 15, 20, 26, 28, 32, 42, 43, 45, 47, 51, 53-беренелер).

Балдарды социалдык жактан коргоо Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексине ылайык, Балдардын укуктарын жана таламдарын камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо республикалык жана жергиликтүү бюд-жеттерден жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардан жүзөгө ашырылат (6-берененин 3-б., 91-берененин 2-б.). Ошондой эле “Кыргыз Республикасында Балдарды, Улгайган адамдарды жана Майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 токтомунун алкагында Министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына балдарды, улгайган адамдарды, майыптардын коргоонун эл аралык күндөрүнө карата бир айлыктарды жыл сайын өткөрүү максатында кышка отун алууда, улгайган жарандардын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын турак жайын ремонттоодо материалдык жардам көрсөтүү тапшырылган.

2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо“2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык, курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга социалдык кепилдиктерди берүүгө чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткандарды социалдык коргоонун кошумча белгиленген чараларын каржылоо тиешелүү жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүзөгө ашырылат (7-берененин 2-б.).

Жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө КР Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрын- дагы № 511 “Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле энергия булактарына тарифтер өзгөргөн шартта республиканын калкына даректүү социалдык колдоо системасын оптималдаштыруу максатында 7-пунктта Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына, ошондой эле республиканын башка шаарларынын жана поселокторунун шаардык жана поселоктук өкмөттөрүнө төмөнкүлөр сунушталган:

  • калктын жан башына орточо кирешеси 5 миң сомго чейинки социалдык жактан аялуу катмарларына айрыкча жаратылыш газына жана жылуулук энергияга акы төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин эсебинен акчалай компенсацияларды же турак жайлык субсидияларды берүү жолу менен социалдык колдоо көрсөтүү;
  • жеңилдиктерди берүүнүн колдонулуп жаткан системасы реформаланганына байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясы (КР Финансы министрлигинин 2016-жылдын 2-мартындагы №32-п “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын жана Кыргыз Респу- бликасынын Бюджеттик классификациясын колдонуу боюнча көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу” Буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Финансы министрлигинин 2016-жылдын 8-декабрындагы №198-Б Буйругу)

710-бөлүм. Социалдык камсыздоо 27211500. Калкка социалдык төлөөлөр. Баатыр энелерге, бала кезинен майыптарга, пенсиялык камсыздоосу жок майыптарга жана улгайган адамдарга социалдык жөлөкпулдар эсепке алынат: Советтик жоокерлердин Ооганстан Республикасынан чыгарылган күнү – ооган согушунун ардагерлерине (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо); Чернобыль АЭСтеги кырсыктын кесепеттерин жоюуга катышкандарга (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо); Жеңиш күнү – Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине, оруктун эмгекчилерине, согуш ардагерлеринин жесирлерине, концлагердин туткундарына (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо);

Энелер күнү – баатыр энелерге, көп балалуу энелерге, орук эмгекчилерине жана эмгек ардагерлерине (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо); Бүткүл дүйнөлүк Балдарды коргоо күнү – 18 жашка толо элек майып балдарга (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо); Улгайган адамдар күнү – 70 жаштан жогору адамдар үчүн (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо);Майыптар күнү – айылдык аймактын чегинде жашаган жана катталган майыптарга (эгерде сал- танаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо); Жаңы жыл – жетимдерге, жарым-жартылай жетимдерге, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине (эгерде салтанаттуу иш-чараны өткөрүү эмес, материалдык жардам көрсөтүү болсо).

708-бөлүм. Маданият, спорт, дин 22154100. Өкүлчүлүк чыгашалары. Жолугушуларды уюштурууга кеткен чыгашалар, анын ичинде презентацияларды, делегациялардын жолугушуусун, кызматкерлер жана ардагерлер үчүн майрамдык же куттуктоо жолугушууларын уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө кеткен чыгашалар. Эл аралык 8-март күнү – айылдык аймактын активист аялдарына, эмгек сиңирген педагогдор- го жана пенсионерлерге (бул материалдык жардам эмес, бул – дем берүү, ошону менен бирге милдеттүү тартипте Социалдык фондго акча чегерилип, салык төлөнүүгө тийиш).

Нооруз – айылдык аймактын активисттерине (бул материалдык жардам эмес, бул – дем берүү, ошону менен бирге милдеттүү тартипте Социалдык фондго акча чегерилип, салык төлөнүүгө тийиш). Бардык майрамдык иш-чаралар ушул бөлүм жана ушул берене менен өткөрүлүүгө тийиш. Улгайган, жалгыз бой, муктаж адамдарга көмүр жана дары-дармек сатып алууга бир жолку жардам Эгерде жардам акчалай болсо, анда 710-бөлүмдөн. Социалдык камсыздоо 27211500-беренеден. Калкка социалдык төлөп берүүлөр, баатыр энелерге, бала кезинен майыптарга, пенсиялык камсыздоосу жок майыптарга жана улгайган адамдарга социалдык жөлөкпулдар эсепке алынат. Эгерде АӨ көмүр сатып алса, анда 710-бөлүмдөн. Социалдык камсыздоо 27211500-беренеден. Көмүр сатып алуу. Эгерде АӨ дары-дармек алса, анда 710-бөлүмдөн. Социалдык камсыздоо 27211500-беренеден. Медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу.

Окшош материалы: