Муниципалитет Илимий-популярдуу журнал

2 (148) 13 Февраль 2024

ISBN 1694-7053
Массалык маалымат каражаттарын
каттоо жөнүндө күбөлүктүн каттоо номери 1785.

dpi

Муниципалитет - бул аймактын, ал жерде жашаган калктын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын үчилтиги

Жарандар жергиликтүү деңгээлдеги кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө баа берүүдө

2018-06-07 / Дүйнөдө ЖӨБдүн өнүгүү тенденциясы

Медет СУЛТАМБАЕВ, ЭҮЖӨБОЖ Долбоорунун мониторинг жана баалоо боюнча адиси

2015-жылдын июнь айында “Элдин үнү жана ЖӨБ органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” Долбоору Чүй облусундагы муниципалитеттер менен кызматташтыкты баштаган. Максаттуу муниципалитеттердин катарына 11 айылдык аймак жана бир шаар кирген. Эки жыл бою адистерди жана жергиликтүү жамааттардын лидерлерин ЖӨБдүн мыйзам чыгаруучу негиздерине, жамааттын артыкчылыктарын аныктоонун жол-жоболоруна, бюджеттик процесске, жарандарды чечим кабыл алуу процессине катыштырууга, инвестициялык долбоорлорду иштеп чыгууга жана ЖӨБ органдары менен калктын потенциалын жогорулатууга багытталган башка темаларга окутуу боюнча жигердүү иштер жасалды. Өзүнчө иштер ЖӨБ органдары менен биргелешкен мониторинг жана баалоо топторунун өз ара аракеттенүүсүнө арналды.
 
Окуунун жүрүшүндө БМжБ топторунун мүчөлөрү өзүнүн ролу, укуктары тууралуу билип, гранттык долбоорлордун ишке ашырылышын, калктын бюджет жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүк деңгээлин, ЖӨБ органдарынын ишиндеги ачыктык жана айкындуулукту көзөмөлдөөгө катыша алышты. Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун жолжобосуна өзгөчө көңүл буруу абзел. Эмесе, бул иштер кантип, качан жана эмне үчүн жасалды? Жергиликтүү деңгээлдеги кыз- мат көрсөтүүлөрдү баалоо үчүн БМжБ топторунун мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдүн төрт түрүн тандап алышты. Ар бир кызмат көрсөтүү беш баллдык шкала менен бааланды. Мында: 1 – эң төмөн балл, ал эми 5 – эң жогорку балл. Ушуну менен бирге алты көрсөткүч баалоонун критерийлери болуп калышты. Алар: кызмат көрсөтүүнүн сапаты, баасы (наркы), мөөнөттөрү, маалымдуулук, кызмат көрсөтүүгө канааттануу, ошондой эле өз пикирин билдире алуу. Аймактардын жашоочулары респондент болушту, ар бир айылда бери дегенде 20 киши сурамжылоого тартылды. Ал эми айылдардын саны экиден ашпаган муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөрдү 60тан кем эмес адам баалады. Сурамжылоодо өзгөчө көп кезиккен кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүлөр болду: мектепке чейинки билим берүү (бала бакчалар), ичүүчү, сугат сууну жеткирүү, ички жолдор, таштанды жыйноо жана чыгаруу, мектептеги билим берүү, спорт, калктын бош убакытты өткөрүүсү жана башка маселелер.
 
Жалпы тизмедеги тигил же бул кызмат көрсөтүүнүн үлүшүн 1-диаграммадан көрө аласыз. 1-диаграммадагы маалыматтарга ылайык, кызмат көрсөтүүлөрдүн ичинен көп баа берилген катары биринчи орунда ичүүчү сууну берүү кызмат көрсөтүүсү турат – бардык кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы санынан 17% түзөт. Экинчи орунда ички жолдор – 16%, үчүнчү орунда көчөлөрдү жарыктандыруу – 14%, таштанды жыйноо жана чыгаруу 12% көрсөткүч менен төртүнчү орунда жана бешинчи орунда сугат суу – 11%. Калган кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 1ден 6%га чейин болду. Сурамжылоо жүргүзүү үчүн БМжБТ мүчөлөрү тандап алган кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири чөйрөсүнө карабастан, алардын баарына кийинки баалоону жүргүзүүдө ошол эле кызмат көрсөтүүлөрдү тандап алуу сунушталган. Себеби, бул иш-чаралардын негизги милдети баштапкы базалык абалды гана билүү эмес, ошондой эле динамикага да көз салуу болду. Башкача айтканда, жергиликтүү жашоочулардын пикири боюнча, кызмат көрсөтүү канчалык жакшы же тескерисинче, начар жеткирилип жатканын билиш керек эле.
 
Бул үчүн БМжБТнын бардык мүчөлөрүнө баалоону жүргүзүү методикасы боюнча тренингдер жана семинарлар маалында жашоочулар арасында сурамжылоону жарым жылда бир жолудан кем эмес өткөрүп туруу сунушталды. Бул мезгил ичинде БМжБ топтору анкетанын жыйынтыктарын алып, аларды АӨ адистерине да, айылдык кеңештин депутаттарына да беришти. Мындан тышкары, сурамжылоонун бардык жыйынтыктарын БМжБТ лидерлери бюджет маселелери боюнча айылдык чогулуштарда жана коомдук угууларды жашоочуларга жеткиришти. Өткөн эки жыл ичинде БМжБТ мүчөлөрү кызмат көрсөтүүлөрдү баалоо боюнча жалпы жонунан 4 сурамжылоо жүргүзүштү. Тагыраак айтканда, 2016-жылдын июнь жана июль айларында, андан соң ошол эле жылдын декабрь айында сурамжылоолор жүргүзүлдү. Үчүнчү жана төртүнчү баалоо кийинки жылы ошол эле мезгилде өткөрүлдү. 2-диаграммада 2016-2017 жылдары максаттуу муниципалитеттерде кызмат көрсөтүүлөрдү баалоонун динамикасы берилди. 2-диаграммада жалпысынан муниципалитет боюнча орточо көрсөткүчтөр берилген.
 
Б.а. бардык кызмат көрсөтүүлөр жана баалоонун бардык критерийлери боюнча орточо балл берилди. Ошону менен бирге эң чоң секирик Гроздь айылдык аймагында байкалды. Бул ААда динамика 1,5 баллды түздү, ал эми Александровка ААда 1,05 балл болду. Эң аз айырма Бурана ААнын жыйынтыгында байкалат – 0,09 балл жана Кемин шаарында – 0,19 балл. Ошону менен бирге, сурамжылоо жүргүзүлгөн бардык муниципалитеттерде орточо динамика оң болгонун белгилей кетүү зарыл. Мындан тышкары сурамжылоого кирген кызмат көрсөтүүлөрдүн көпчүлүгү ЖӨБ органдары менен жергиликтүү жамааттын биргелешкен аракеттер планында да бар болуп чыкты. Бул пландар 2016-жылдын башында Долбоордун алкагында иштелип чыккан, андан соң 2017-жылдын башында кайрадан каралып чыккан. Планда муниципалитеттерде бар болгон тигил же бул артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган тапшырмалар жана иш-аракеттер чагылдырылган.
 
Ошондой эле пландарда бул иш-аракеттер качан ишке ашырылаары көрсөтүлгөн мөөнөттөр да бар. Башкача айтканда, деталдуу план ЖӨБ органдарына жергиликтүү бийлик органдарынын компетенциясынын чегинде ААда көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жакшыртууга жардам берди. Сурамжылоонун оң маалыматтарына карабастан, БМжБТ мүчөлөрү сурамжылоо жүргүзүүнүн жана маалыматтарды иштетүүнүн жол-жобосу башында күтүлүп жаткандай жөнөкөй болбогонун мойнуна алышты. Биринчиден, сурамжылоо убакытты талап кылды, БМжБТ мүчөлөрү айылдын жашоочуларын кыдырып чыгып, бул эмне болгонун жана кандай себептер менен жүргүзүлүп жатканын түшүндүрүп чыгышы керек эле. Экинчиден, маалыматтарды таблицада техникалык жактан иштетүү жана жыйынтыктарын чыгаруу активисттерге оңой болгон жок.
 
Бирок жыйынтыктарды алгандан кийин да БМжБТ мүчөлөрү ЖӨБ органдарына да, жамаатка да жый- ынтыктардбериши керек эле. ЖӨБ органдары бул ишти энтузиазм менен кабыл албаса да, 2017-жылдагы баалоо маалында маалымат адекваттуу кабыл алынып, АӨ аппараты жана айылдык кеңештин депутаттары калк арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо нун натыйжалары менен тааныштырууну милдеттүү программанын бир бөлүгү катары кабылдашкан. 2018-жылдын жаз мезгилинде БМжБ топтору Ош жана Нарын облустарында ишин баштады. Топко 157 адам кирди, алардын ичинен 36% жашоочулар, ал эми 55%ын жергиликтүү жамааттын жигердүү мүчөлөрү түзөт. 2018-жылдын жай мезгилинен тартып бул облустардагы 15 аймактын ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү жана активисттери өз ишин баштайт. Топтор кызмат көрсөтүүлөрдү баалоого киришет, Долбоордун чакан гранттар программасынын фондунан бөлүнгөн инвестиция- лардын эсебинен аткарылган долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүүгө катышат, БАПтын ишке ашырылышына жана жамаат үчүн артыкчылыктуу болгон жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жергиликтүү бюджеттен каражаттын бөлүнүшүнө көз салышат.

Окшош материалы: